00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адистер баланы булганган абанын зыянынан коргоо жолдорун тизмектешти

© AFP / MONEY SHARMAБулганган абада бараткан бала. Архивдик сүрөт
Булганган абада бараткан бала. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Жазылуу
Маалыматта булганыч абадан дем алуу баланын акыл-эсине да, органдарынын өрчүүсүнө да терс таасир бере тургандыгы айтылат.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору булганган абанын балдардын саламаттыгына жана өсүп-чоңоюшуна тийгизген таасирин тизмектеди.
Борбордун адистери балдардын бардык органдары өсүп-өрчүү стадиясында болгондуктан кирдеген аба процесске терс таасир тийгизерин эске салышты. Мындан тышкары, балдар чоңдорго караганда көбүрөөк кыймылдашат, кыймыл канчалык көп болсо өпкөгө аба ошончолук көп кирет.
"Абанын ашыкча булганышы баланын акыл-эсинин өсүшүнө дагы зыянын тийгизет. Ал эми кош бойлуулук учурунда дайыма кир абадан дем алган аял баланы ара төрөшү мүмкүн же ымыркайдын салмагы аз болот", — дешти адистер.
Борбордон балдар бар жердеги абаны таза кармоонун бир нече жолун айтышты:
балдар жайгашкан, жашаган имараттын ичинде чылым чекпеңиз;
үйдү жылытканга, тамак даярдаганга электр энергиясынын экологиялык таза түрүн тандоого аракет жасаңыз;
тамакты короодо жасоо бөлмөдөгү абанын таза сакталышын шарттайт, бирок мындай мүмкүнчүлүк жок болсо ашкананы дайыма желдетип туруңуз;
уулуу химиялык заттар бөлүнүп чыккан шамдарды жакпаңыз, жагымсыз жыттарга каршы ароматизаторлорду (освежитель) колдонбоо зарыл;
эшикте, сыртта балдарды кир абадан коргоо үчүн автоунаа аз жерлерде сейилдөө зарыл.
"Көпчүлүк ата-энелер балдары менен сейилдөөгө шаардын борборлоруна барышы мүмкүн. Мында унаа көп болгондуктан андан бөлүнүп чыккан газ абаны булгайт. Балдардын мындай абада сейилдөөсү ага зыян. Мындан тышкары, абдан көп газ бөлүнүп чыккан автоунааны көргөндө баланы көтөрүп алган туура. Анткени анын бою кичинекей болгондуктан дем алуу органына булганган аба түз келиши мүмкүн", — дешти адистер.
Алар бала дем алган абанын сапатынан тышкары анын тамактануусу жана активдүүлүгү өсүп-чоңоюшуна пайдалуу экенин кошумчалашты.
Көчөдө бараткан маскачан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Булганган абадан коргонуунун беш жолу. Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0