Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадырмамбетова: балдар китеп окубай калган жок, окуй турган китеп жок

© Sputnik / Асель АкматУлуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова
Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2022
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова кыргыз адабиятын жайылтуу иштерине жеткиликтүү көңүл бурулбай жатканын айтты.
Азыркы учурда балдар китеп окубай калды дейбиз. Бирок аларды китеп менен камсыздоо иштери кандай жүрүүдө, буга көңүл бурулбай жатат. Мындай пикирин Айнура Кадырмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кадырмамбетова: балдар китеп окубай калган жок, окуй турган китеп жок
Анын айтымында, учурда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жеткиликтүү эле деңгээлде изилденип жатат.
"Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөн соң анын чыгармалары тиешелүү деңгээлде изилденбей, чыгармаларына көңүл бурулбай калды деген пикирлер айтылып жүрөт. Мен буга кошулбайт элем. Анткени жазуучунун чыгармачылыгы илимий жактан изилденип, ар кандай эмгектер жаралып эле жатат. Бир эле Кыргызстанда эмес айтматов таануучулар дүйнө жүзүндө бар. Алар түрдүү эмгектерди жаратышууда, биздин институт менен тыгыз байланышта. Ошондой эле өлкөдө өткөн илимий конференцияларга келип, Кыргызстан Айтматовдун мекени болгон үчүн бардык чыгымын өздөрү төлөп катышып берүүгө макул болушат. Залкар жазуучунун чыгармаларына экинчи өмүр тартуулоо ишинде көйгөй башкада. Анын эмгектери тууралуу илимий иштер, макалалар, китептер жеткиликтүү деңгээлде окурмандарга таратылбайт. Өтө аз нускада жарык көрөт. Мектептерге жетпейт, жетсе да бир-эки китеп барат, аны деле аз гана окуучу окуйт, ошону менен бүттү. Адабиятка жаштарды минтип тартпайт. Мурдагыдай массалык түрдө китептер чыгарылып, ар бир мектепке таратылып, ал жактагы мугалимден тарта окуучулардын ар бирине кенен жетип, талкууларды уюштурушуп, балдар өздөрү окуп талдаган учурда гана анын чыгармачылыгына болгон кызыгуу, жалпы адабиятка болгон тартылуу күчөйт", — деди Кадырмамбетова.
Ал мамлекет чукул арада бул маселеге көңүл бурушу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0