Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Салиев: мейманканаларга салыктын көлөмү жогору болуп калууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев
ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишкердик топко бизнес өкүлдөрү дагы киргенин белгиледи.
Салык кодексине өзгөртүү киргизүүдө бизнестин айрым сунуштары кабыл алынбай калды. Алсак, мейманканалар функционалдык салыкты чарчы метрге төлөп калууда. Ошондой эле тигүү тармагында камсыздандыруу төлөмүндөгү жеңилдиктер 50 адамдан ашканда гана берилет. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Салиев: мейманканаларга салыктын көлөмү жогору болуп калууда
Анын айтымында, бул аталган тармакты өнүктүрүүгө кедергисин тийгизиши ыктымал.
"Салык кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча топко бизнестин өкүлдөрү да кирди. Ишкерлер тарабынан бир катар сунуштар берилип, көпчүлүгү кабыл алынды. Алсак, айрым салык коюмдары төмөндөтүлдү. Ошол эле коомдук тамактануу жайларга салыкты төмөндөтүү боюнча ишкерлер көп жолу маселе көтөргөн. Ошондой эле айлантуудагы жылдык каражаты сегиз миллиондон ашкандар салыктан бошотулду. Мындан тышкары, социалдык фондго төлөнгөн камсыздандыруу полиси 800 сомго чейин төмөндөтүлдү. ККМ боюнча айып пулдар боюнча жеңилдиктер каралды. Ошондой эле креативдүү индустрияга жеңилдиктер берилүүдө. Соода тармагында айлантуудагы жылдык каражаты 30 миллион сомго чейин 0,5 пайыз, 50 миллион сомго чейин 1 пайыз болгону жакшы мүмкүнчүлүк берет. Анткени соода тармагы негизинен алып-сатуудан пайда табат. Анан ошол пайданын баары салыкка кетип калбашы керек. Анткен менен бизнестин айрым сунуштары кабыл алынбай калды. Мисалы, мейманканаларга функционалдык коэффициент салыгы 1,6 болууда. Мейманкананын чарчы метрине төлөнүүчү салыктын көлөмү ломбарддыкына тете болуп, жогору болууда. Анткени мейманкананын бир бөлмөсү ломбарддын имаратына тете. Тигүү тармагында 50 адамдан ашкандарга гана камсыздандыруу жаатында жеңилдиктер берилет. Кызматкерлери 50гө жетпеген чакан тигүү цехтерине бул жеңилдиктер каралбай калууда. Ошондуктан бул чекти алып салуу сунушу кабыл алынбай калды", — деди Салиев.
Ал Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө банктык купуяга байланыштуу маселе талаш жаратарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0