Ырларына өрүктүн шириндигин алган акын Курбаналы Сабыров тууралуу 9 факт

© Фото / Pixabay / Free-PhotosКитептер. Архив
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Жазылуу
Курбаналы Сабыров 39 жашында бул ааламдан ыр дүйнөсүн таштап кете берди. Ал мүнөзүндөй майин, шайыдай жумшак, Лейлектин өрүгүндөй ширин ырларды жазган.
Биз бүгүн акын жана котормочу, басма иштерине активдүү катышкан Курбаналы Сабыровдун жеке турмушу жана чыгармачылыгы тууралуу факт жана цифралар менен сөз кылабыз.
Туулган жери. Кыргызстандын эң Батыш четиндеги Гордой деген Лейлекке караган айылда туулган. Ал жарык дүйнөгө келген кезде, башкача айтканда, 1942-жылдын 17-апрелинде айылда эркек аттууну четинен майданга алып кетип жаткан, элдин башында оор кайгы турган. Балалыгы согуш жана согуштан кийинки тамак-аш, кийим-кече гана эмес ата, ага мээрими жетишпеген жылдарга туура келген. Айылдык мектепте окуду.
Университеттик жылдары. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине келип кирди. Элеттик баёо жигитке борбор калаа, филология факультети, андагы адабиятчы агайлар көп нерсени үйрөттү, эң башкысы – чыгармачылык чөйрө түзүп берди. Бул жерде 1966-жылга чейин окуду.
Алгачкы эмгек жамааты. Ал мезгилде Фрунзеде калып жумушка орношуу кыйын болчу. Бир жагынан каттоого албайт, экинчи жагынан жашоо кыйын, үчүнчү жагынан министрлик бөлгөн жерге барыш керек эле. Лейлекте жогорку билимдүү адистер, анын ичинде мугалимдер жетишсиз, андыктан да университетти бүтүп эле Коргон орто мектебине мугалим болуп кетет. Чыгармачылык ынтызарлыгы журналисттик чөйрөгө тартып, ар кимдин кеңештерин угуп, тез эле райондук "Кызыл-Туу" гезитине кабарчы болуп орношот да, ал жерде эки жылдан ашык иштейт. Анда Түштүк Кыргызстан, анын ичинде Лейлек да бүт бир гана Ош областынын курамына кирген. Ошол кезде Ош шаарында облустук радио уктуруу комитети уюштурулган, Курбаналы Сабыров комитетте радио уктуруулар бөлүмүнүн редактору, башкы редактордун орун басары болуп 1969-жылдан 1974-жылга чейин иштейт. Бул мезгилде Ошто такшалып калган адабий чөйрө калыптанган, анын өзөгүн Шабданбай Абдыраманов, Исраил Сулайманов, Жолон Мамытов, Курбанбай Калдыбаев, Сабыралы Кулиев, Мурзаш Аширбеков, Алымкан Дегенбаева, Тазагүл Закирова, Азада Бегимкулов, Нууман Сайдуллаев, Турабай Жороев, Сатыбалды Кадыров ж.б. чыгармачыл адамдар түзгөн. Ошолордун катарында Курбаналы Сабыров радиомикрофонун көтөрүп Түштүк жерин түрө кыдырды, түнү келип, Сулайман тоонун бир ыптасындагы студиясында жазып келгендерин эфирге даярдады. Анын ошол кездеги көп ырлары пахтазарда, шалызарда, өрүкзарда, шабдаалызарда, тыттардын көлөкөсүндө, Ак-Буура боюндагы чайканаларда, чабандардын короолорунда, аңыздарда жазылды. Ошентип биринчи жыйнак Ошто даярдалды да, алакандай кичинекей китеп 1974-жылы "Козу-Баглан" деген ат менен жарык көрдү.
Басма сөз тармагында иштеген. Ошто жүрүп китеп чыгаруунун кыйындыгын сездиби, айтор, көңүлү борбор калааны эңсеп туруп алды. 1974-жылы Фрунзеге келип адегенде Кыргыз совет энциклопедиясына орношуп, анан бир аз "Кыргызстан пионери" газетасында кабарчы болду да, басма ишине өтүп, 1975-жылдан "Кыргызстан" басмасында редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн китептерди чыгарууга катышты. Өзү да үч китеби менен 1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт
Көзү өткөн соң дагы бир топ китептери чыкты. Акындан көп ырлар жана поэмалар, котормолор калган экен. "Жүрөктөгү күн" (1984), "Керээз" (1990), "Орто жаш" (1992), "Козу-Баглан" (1999), "Өрүкзар" (2001) деген ат менен жарыяланган жыйнактарын ал өз колу менен кармап көрө албай калды. Артында калган жубайы Гүлчакан Садыкова кайын атасынын атында басма ачып, бул китептердин көбүн түзүп, ошол "Сабыр" басмасынан чыгарып берди. Өзү жок болсо да 1990-жылы жарык көргөн "Керээз" деген жыйнагы Кыргызстан жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгына көрсөтүлүп, бул кадырлуу сыйлыктын лауреаты болгон. Белгилей кетсек, көзү бар кезде "Козу-Баглан" (1974, 44 бет), "Hyp Булак" (1978, 65 бет), "Өрүкзар" (1980, 112 бет) деген жалпы 221 беттен турган үч китеби гана жарык көргөн.
Жеке сапаттары. Бала пейил, баёо, ишенчээк, кейикчил, сулуу, келбетине келиштирип зыңкыйып жүргөн, санаачыл жигит болгон. Көп окуган. Издегенден, поэзияда тажрыйба жасоодон коркпогон. Ичинде көп арман жүрсө да сыртка чыгарбаган. Туулган жерин – Лейлегин, Козу-Багланын жанындай жакшы көрүп, тынбай барып, ошол жактан илхам алып келип турган. Шарты жок туракта жашап, ошондо да ырларын тынбай жазган. Жеке тагдырында оор учурларды башынан көп кечирген.
Котормочулугу. Акын басмада иштеген кезде – өткөн кылымдын 70-жылдарында дүйнө жана совет адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын кыргыз тилине которууга өзгөчө маани берилип, андай китептерди басуу басмалардын пландарына киргизилген. Котормочуларга атайын заказдар түшүп турган, ушул ишке кол кабыш кылып, Курбаналы Сабыров орус тилинен немис акыны Иоганн Гётенин, калмак акыны Давид Кугультиновдун, орус акыны Ирина Токмакованын ырларын, вьетнам жазуучулары Буй Дык Айдын, Нгуен Туандын прозалык чыгармаларын, украин жаш акындарынын чыгармаларын кыргызчага которгон. Ошол дүйнөлүк адабиятты үйрөнүү менен ал Чыгыш поэзиясындагы бейт (кош сап), Батыш поэзиясындагы сонет формасын колдонуп ырларды жазып көргөн.
Анын чыгармачылыгы тууралуу пикирлерден. "Акын ыр саптары аркылуу жасаган көркөм дүйнө окурманды жарыкка, жакшылыкка, кутман мезгилге үндөйт, чакырат, умтулат, адам көңүлүн тазартат, сергитет", "Жумуриятыбыздагы миңдеген окурмандар Лейлек жергесинин кайталангыс сөөлөтүн, кереметтүү сулуулугун Курбаналы Сабыровдун ар кыл боёкко, ар кыл күүгө бай ырлары аркылуу көрүштү" (Сооронбай Жусуев, акын). "Максатынын оордугуна чыдабай, тытылдыбы кайран акын жүрөгү" (Жолон Мамытов, акын), "Анын ырлары сыр жашырбастыгы, бетке чапкан чынчылдыгы менен өмүрлүү", "Комуздун кылындай эле" (Анатай Өмүрканов, акын), "Лейлектин көз мончоктой турналары өмүрүң, жаның эле Курбаналы, кай жакка учуп кеттиң эрте жазда, үмүттүү караганда курбуларың?" (Эгемберди Эрматов, акын), "Күчөп турса тоолордун бурганагы, каякка учат Лейлектин турналары, билесиңби табият табышмагын, билсең айтчы жашырбай, Курбаналы?" (Акбар Рыскулов, акын).
Акынды эскерүү. Кызы Лира Сабырова орус тилинде жазган акын. Атасынын өнөрүн улантып келет. Москвадагы Максим Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Курбаналы Сабыровдун ысымы Лейлек районундагы мектепке берилген. Отуз эки жылдан бери акын туулган аймакта "Өрүкзар" аталышында акынга багышталган поэзия фестивалы өтүп келет. Фестиваль алкагында Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлык ыйгарылат. Ошончо жылдан бери бул иш-чараны таланттуу акын жана журналист Абдилат Дооров демилгелеп жана уюштуруп жүрөт.
Кубатбек Жусубалиев Далай Лама менен. 2015-жыл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Далай-ламага жолуккан кыргыз. Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жөнүндө 16 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0