https://sputnik.kg/20221216/rf-timi-gaz-soyuzu-boyuncha-suyloshuugo-kommentariy-kyldy-1071183386.html
РФ ТИМи: газ союзу боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүү уланууда
РФ ТИМи: газ союзу боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүү уланууда
Sputnik Кыргызстан
Элчи Москва "өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүүлөрдөн үзүп алынган сөздөрдүн медиа аймагында пайда болгонун" байкап калып жаткандыгын айтты. 16.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-16T12:38+0600
2022-12-16T12:38+0600
2022-12-16T12:38+0600
дүйнөдө
казакстан
россия
өзбекстан
газ союзу
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/10/1071179802_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_1a09bf5fc912b2d41c7c2af0ca2bdf69.jpg
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Газ союзу боюнча Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүүлөр уланып жатат, ЖМКлардын бул талкууну интерпретациялаганына көңүл буруп кереги жок. Мындай пикирин РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Юрий Сентюрин РИА Новости агенттигине билдирген.Анын айтымына караганда, Москва "өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүүлөрдөн үзүп алынган сөздөрдүн медиа аймагында пайда болгонун" байкап калууда.Россия президенти Владимир Путин Кремлде ноябрдын аягында Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолукканда Өзбекстандын катышуусу менен "үч тараптуу газ союзун" түзүү боюнча маселени талкуулаган. Анда Россиянын көгүлтүр отун Казакстан, Өзбекстандын аймагы аркылуу ташып өтүүдө Өзбекстандын катышуусунда аталган ишти координациялоо туурасында да кеп болгон."Үч тараптуу газ союзун" түзүү идеясы биринчи этапта кайсы бир юридикалык тарап менен координациялык механизмдерди түзүүнү караарын, бирок алдыда дагы бир топ талкуулар болорун Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге түшүндүрдү. РФ вице-премьери Александр Новак Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү зор экендигин, анын ичине көгүлтүр отту жеткирүү, кайра иштетүү кирерин айтты.Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов бүгүнкү күндө кандайдыр бир альянс же биримдик түзүүнүн ордуна коңшу өлкөлөрдөн жаратылыш газын, электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген. Казакстандын энергетика министри үч тараптуу газ союзу боюнча маселе талкууланбагандыгын, өлкөлөр газ-транспорттук системанын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышканын айткан. Ал газ тармагындагы кызматташуу үч тараптын макулдашуусун камтышы зарылдыгын белгилеген.
https://sputnik.kg/20221206/gaz-birikmesinen-kyrgyzstan-kandaj-pajda-korot-1070743065.html
казакстан
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/10/1071179802_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_4765a03460ea7355c948fc90d410f2e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, казакстан, россия, өзбекстан, газ союзу
дүйнөдө, казакстан, россия, өзбекстан, газ союзу
РФ ТИМи: газ союзу боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүү уланууда
Элчи Москва "өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүүлөрдөн үзүп алынган сөздөрдүн медиа аймагында пайда болгонун" байкап калып жаткандыгын айтты.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Газ союзу боюнча Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүүлөр уланып жатат, ЖМКлардын бул талкууну интерпретациялаганына көңүл буруп кереги жок. Мындай пикирин РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Юрий Сентюрин
РИА Новости агенттигине билдирген.
Анын айтымына караганда, Москва "өнөктөштөр менен болгон сүйлөшүүлөрдөн үзүп алынган сөздөрдүн медиа аймагында пайда болгонун" байкап калууда.
"Өзбекстанда буга өзгөчө басым жасалып жатат. Мындан улам Өзбекстандагы биздин кесиптештер бул ишти кабылдабай жаткандай жыйынтык чыгып калууда. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, аягына чыга элек. Ар кыл талкуулар, репликалар, пикирлер болушу мүмкүн. Мунун негизинде өлкөлөр (долбоорду – ред.) кабыл албай жатат дегендей жыйынтык (ЖМКлар – ред.) чыгууда. Азыр бул сунушту караштыруу, аны иликтеп чыгуу процесстери жүрүп жатат", — деген Сентюрин.
Россия президенти Владимир Путин Кремлде ноябрдын аягында Казакстан лидери Касым-Жомарт Токаев менен жолукканда Өзбекстандын катышуусу менен "үч тараптуу газ союзун" түзүү боюнча маселени талкуулаган. Анда Россиянын көгүлтүр отун Казакстан, Өзбекстандын аймагы аркылуу ташып өтүүдө Өзбекстандын катышуусунда аталган ишти координациялоо туурасында да кеп болгон.
"Үч тараптуу газ союзун" түзүү идеясы биринчи этапта кайсы бир юридикалык тарап менен координациялык механизмдерди түзүүнү караарын, бирок алдыда дагы бир топ талкуулар болорун Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге түшүндүрдү. РФ вице-премьери Александр Новак Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү зор экендигин, анын ичине көгүлтүр отту жеткирүү, кайра иштетүү кирерин айтты.
Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов бүгүнкү күндө кандайдыр бир альянс же биримдик түзүүнүн ордуна коңшу өлкөлөрдөн жаратылыш газын, электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирген. Казакстандын энергетика министри үч тараптуу газ союзу боюнча маселе талкууланбагандыгын, өлкөлөр газ-транспорттук системанын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышканын айткан. Ал газ тармагындагы кызматташуу үч тараптын макулдашуусун камтышы зарылдыгын белгилеген.