РФ, Казакстан жана Өзбекстандын газ союзунан Кыргызстан кандай пайда көрөт

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Жазылуу
Серепчи Европада газдын баасы асман чапчып жаткан маалда Кыргызстанда келишимде каралган милдеттер өзгөрбөгөнүн, калк европалыктарга караганда көгүлтүр отту беш-алты эсеге арзан алып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун "Экономика жана башка тууралуу" программасынын алып баруучусу, экономист Кубат Рахимов Россия, Казакстан жана Өзбекстандын газ союзу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин айтып, себебин түшүндүрдү.
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан радиосунун "Экономика жана башка тууралуу" программасынын алып баруучусу, экономист Кубат Рахимов
Директор Центра стратегических решений Аппликата Кубатбек Рахимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Экономика жана башка тууралуу" программасынын алып баруучусу, экономист Кубат Рахимов
Эскерте кетсек, газ союзун түзүүнү РФ президенти Владимир Путин демилгелеген.
Рахимов Кыргызстан газды пайдалануу жана логистика системасына киргизилгенин, мындан улам аталган үч мамлекеттин газ боюнча биримдиги республикага түз таасир этерин белгиледи.
"Биздин газ системабыз толугу менен россиялык "Газпромго" таандык, компания Кыргызстанды көгүлтүр от менен камсыз кылуу үчүн аны Өзбекстандан алат. Кыргызстан аркылуу Казакстанга газ кетет, башкача айтканда, биздин аймактан өткөн түтүк менен кеткен газ Алматыны камсыздайт. Биз бул үчилтикке кирбей туруп, анын эң маанилүү жерин ээлеп турабыз", — деди эксперт.
Ал Кыргызстан өзбек газынан катуу көз каранды экенин белгилеп, коңшу өлкө көгүлтүр оттун экспортунан четтеп, химиялык өнөр жайга басым жасап жатканына токтолду.
"Өзбекстанда газ-химиялык комбинат ачылды, эми алар газды сырье катары колдоно баштайт, ал эми шаарларын көмүр менен жылытууга өтүп жатышат. Биз экологияга тийгизген таасиринен улам көмүрдү көп жактыра бербейбиз, бирок коңшулар өз кендерин жана жылуулук электр станцияларын өнүктүрмөй болушту. Газ химиялык өнөр жайга колдонулмакчы, анткени көгүлтүр отту сатуу кыйла жеңил, бир эле кардардан көз карандылык жоюлуп, өндүрүштүн номенклатурасы кеңейет. Бир эле газ-химиялык комбинат Кыргызстандын бир жылдык ИДПсынын жарымына бааланды", — деди Рахимов.
Экономист Кыргызстанга келечекте газ боюнча кепилдиктер керек экенин кошумчалады.
"Өзбек газынын жеткирилиши боюнча эки тараптуу кепилдик барбы? "Газпромдун" милдеттери бар, бирок бул чет өлкөнүн аймагында иштеген компания, ал эми биз суверендүү мамлекетпиз. Бизге Өзбекстан менен газ жеткирүү боюнча макулдашуу зарыл, анын негизинде кайсы бир көлөм Кыргызстан үчүн резервде сакталышы керек, ошол эле учурда Кыргызстан милдеттүү түрдө сатып ала турган газдын минималдык чеги аныкталышы зарыл. Анан, албетте, биз үчүн газдын баасы башкы маселе бойдон кала берет", — деди серепчи.
Ал Европада газдын баасы асман чапчып жаткан маалда Кыргызстанда келишимде каралган милдеттер өзгөрбөгөнүн, калк европалыктарга караганда көгүлтүр отту беш-алты эсеге арзан алып жатканын белгиледи.
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Россия нефтисинин баасын чектөө боюнча макулдашуу күчүнө кирди
Жаңылыктар түрмөгү
0