Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Психолог кышкы депрессиянын негизги себебин айтты

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова
Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова депрессияны алдын алуунун натыйжалуу жолдорун тизмектеп берди.
Статистика боюнча, дүйнө жүзүндөгү жети миллиард элдин төрт пайызы (болжол менен 280 миллион киши) депрессия менен жабыркайт. Депрессия — бул оору, ал өзү эле өтүп кетпейт. Бул тууралуу Алтынай Сыдыкбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Психолог кышкы депрессиянын негизги себебин айтты
Анын айтымында, депрессияга кабылып, кийин аны дарылагандан көрө ага моюн сунбай койгон жакшы.
"Кышкы депрессиянын негизги себеби күндүзгү сааттын азайышы. Аны алдын алуунун бир нече натыйжалуу жолу бар. Алсак, чоң киши күнүнө сегиз сааттан кем эмес укташы керек. Ал эми балдар жана өспүрүмдөр үчүн бул көрсөткүч 9-13 саатты түзөт. "Уйку бардык ооруларга даба" деген элдик накыл кеп бүгүн да актуалдуу. Түндө бардык орган, системалар эс алып, калыбына келип, кийинки күнгө энергия топтолот. Депрессиянын жеӊил стадиясында кыймылдуу болуу, машыгуу сунушталат (мында эндорфин – кубануу гормону бөлүнүп чыгат). Андыктан күнүмдүк жашоодо жетиштүү деӊгээлде кыймыл болушу зарыл. Көбүнчө депрессияга кээ бир соматикалык оорулар, тамак сиңирүү органдарынын ишинин бузулушу да себеп болот. Үзгүлтүксүз, тең салмактуу тамактануу дененин жана психологиялык ден соолуктун ачкычы болуп саналат. Кышкысын витаминдүү тамак-аш, жер-жемишке басым жасоого аракет кылуу керек. Позитивдүү маалыматтарды окуу да маанилүү. Үй-бүлө менен бир жерлерге тез-тез чыгып туруңуз (паркта сейилдөө, кинотеатр, театрга чогуу баруу). Күн тийген учурда сейилдөө D витаминин алууга жардам берет. Хобби, кызыгууларыӊызга же досторуңуз менен эс алууга убакыт бөлүүгө аракет кылыңыз. Позитивдүү эмоциялар — депрессияны алдын алуунун негизги фактору. Андан тышкары, түстүү психотерапия да депрессияны алдын алат. Себеби кышында айлана бопбоз же аппак болуп маанай түшөт. Ал эми ачык түстөгү өӊдөрдү кароо мээге оӊ таасир этет", — деди Сыдыкбекова.
Ал кышкы спорт менен алектенүү, тоого чыгып таза абада болуу да организмге, психологиялык абалга жакшы таасир этерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0