Жалал-Абадда эмки аптада жаан-чачын болбойт

© Sputnik / Чин-Мо-Цай / Медиабанкка өтүүМуз менен дарактын бутактары. Архив
Муз менен дарактын бутактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Айрым күндөрү абанын жылуулугу +7…+9 градус болору айтылды.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумада Жалал-Абад облусу боюнча аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Билдирүүгө караганда, апта бою күндүн көзү бузулбайт. 12-18-декабрда аймак боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Анткен менен тоолуу аймактарда түнкүсүн суук -18…-23 градуска түшкөн учурлар болот. Күндүз термометр +7…+9 градусту көрсөтөт.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Снег в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Күн жылыйбы? Келерки жумага карата Талас облусундагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0