Ичкен-жегенге эң көп акча сарптаган өлкөлөрдүн лидери Казакстан болду. Изилдөө

© Sputnik / Илья ПиталевАстанадагы кафеде адамдар. Архив
Астанадагы кафеде адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2022
Жазылуу
Адистер Европа өлкөлөрү тамак-ашка, жаман адаттарга жана эс алууга канча акча короторун аныкташкан.
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Люксембургдун жашоочулары тамак-ашка эң аз, казакстандыктар эң көп акча коротот. Бул тууралуу РИА Новостинин изилдөөсүндө жазылган.
Адистердин айтымында, жашоо-шарты жакшы, өнүккөн мамлекеттерде тамак-ашка чыгым аз кетет, ал эми кирешеси аз, баа кымбат өлкөлөрдө, баары тескерисинче болот. Мындай аймактарда үй-бүлө бюджетинин негизги бөлүгү ичкен-жегенге сарпталаары айтылган.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тамак-ашка эң аз акча сарптагандардын арасында биринчи орунду Люксембург (8,4 пайыз) ээлеген. Андан кийинки орунда Нидерланддар (8,7 пайыз) жана Улуу Британия (10,5 пайыз) экени аныкталган.
Тамак-ашка эң көп кеткен чыгаша мурдагы СССР өлкөлөрүнүн жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин жарандарына туура келет. Акыркы орунду Казакстан ээлейт, анда элдин чыгымынын жарымынан көбүн — 53 пайызын азык-түлүккө коротушат.
Россия бул рейтингде 31-орунда турат.
РИА Новости ошондой эле европалык өлкөлөрдө алкоголь жана тамекиге болгон чыгым да изилденгенин жазды.
Бул нерселерге эң аз акча жумшагандардын катарына Люксембург, Германия, Португалия, Кипр жана Испания кирген. Аларда аталган продуктуларга кирешенин 1,8 пайызы гана сарпталат. Ал эми эң көп колдонгон өлкөлөрдүн катарына Румыния (8,1 пайыз), Финляндия (5,3 пайыз) жана Болгария (5 пайыз) кирген.
Европанын кээ бир өлкөлөрүндө маданият жаатына кетирген чыгымдары ичкен-жегенге караганда көбүрөөк болгон. Мисалы, Австрия (13,4 пайыз) менен Улуу Британия (13 пайыз) азык-түлүккө караганда маданиятка көбүрөөк акча жумшаары аныкталган. Ал эми казакстандыктар эс алуу жана маданиятка эң аз акча сарптагандардын катарына кирери маалым болгон.
Чипсы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Акыл-эсти начарлаткан азыктар. Изилдөөнүн жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0