ДССУ: дүйнөдөгү 1,3 миллиард адамдын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМайыптар арабасында отурган адамдар. Архив
Майыптар арабасында отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2022
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус саламаттыкты сактоо системасы майыптыгы бар адамдардын көйгөйүн көбөйтпөй, тескерисинче, жеңилдетиши керек деп белгилеген.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү башка оор илдетке кабылышат же мезгилсиз дүйнө салышат. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы докладына таянып жазды.
Докладда айтылгандай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көбү алардын саламаттыгына, өздөрүнө карата жасалган адилетсиз мамилелерден кыйналышат. Алты саны аман адамдарга салыштырмалуу майыптыгы бар кишилер дээрлик 20 жылга аз жашайт.
"Ден соолугунан улам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарда өнөкөт ооруларга кабылуу тобокелчилиги чоң жана аларда бул оорулар бат өрчүп кетет. Көбүнчө богок, депрессия, кант диабети, инсульт жана башка илдеттер менен оорушат.
Докладда дүйнө жүзү боюнча майыптыгы бар адамдардын саны 1,3 миллиардды түзөрү жазылган. Бул көрсөткүч дүйнөдөгү адамдардын ар бир алтынчысынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген дегенди билдирет. Демек, бул сан майыптыгы бар адамдарды коомдон бөлбөй, тескерисинче, жашоонун бардык тармактарына толук кандуу, активдүү аралашуусуна шарт түзүүгө, инклюзивдүү принциптерди бекемдөө керектигинен кабар берет. Майыптыгы бар адамдар саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда толук кандуу кызматтарга ээ болушу шарт", — деп жазылат маалыматта.
Докладдын авторлору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата саламаттыкты сактоо тармагындагылардын теңсиз мамилесин тездик менен жоюуга убакыт келди деп белгилешкен.
Алар майыптыгы бар адамдар көбүнчө эмнелерге капа болушарын тизмектешкен:
саламаттыкты сактоо мекемелериндеги кызматкерлердин туура эмес мамилесине;
медициналык-санитардык маалыматтардын саламаттыгында маселеси жок адамдар үчүн гана ылайыкталгандыгына;
медициналык мекемелерге баруудагы кыйынчылыктарга. Айрымдарга өздөрү барып келүү оор болсо, кээ бири транспортто жүрө албайт, мындан тышкары, ден соолугун каратууга акчасынын жетишсиздигине көп кейишет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус саламаттыкты сактоо системасы майыптыгы бар адамдардын көйгөйүн көбөйтпөй, тескерисинче, жеңилдетиши керек деп белгилеген.
Ымыркайдын бутун кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
ДССУ ара төрөлгөн балдарга "кенгуру ыкмасын" колдонууну сунуштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0