https://sputnik.kg/20221207/kyrgyzstandyn-tarykhchylary-chon-altaydy-izildoosun-ulantat-1070782638.html
Кыргызстандын тарыхчылары түрк дүйнөсүндөгү Чоң Алтайды изилдөөсүн улантат
Кыргызстандын тарыхчылары түрк дүйнөсүндөгү Чоң Алтайды изилдөөсүн улантат
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын окумуштуулары Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борборунун алкагында өнөктөш ЖОЖдор менен... 07.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-07T16:31+0600
2022-12-07T16:31+0600
2022-12-07T16:31+0600
кыргызстан
алтай крайы
россия
түрк
цивилизация
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070757103_0:296:2833:1890_1920x0_80_0_0_73076a7504f4bcb3b1761765dc52dd00.jpg
Кыргызстандын окумуштуулары Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борборунун алкагында өнөктөш ЖОЖдор менен кызматташуусун жакшыртат. Бул туурасында "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги, Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов "Чоң Алтайдын түрк дүйнөсү" деп аталган долбоордун ишке ашканын жыйынтыктаган иш-чарада билдирди.Асанканов долбоордун алкагында Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларынын жана илимий уюмдарынын өкүлдөрүнүн биргелешкен изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жогору баалады. Андан сырткары, бул ишке кыргызстандык окумуштуулардын кошкон салымы тууралуу айтып берди."Чоң Алтайдын түрк дүйнөсү" долбоорун Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борбору Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен 2019-жылдан бери ишке ашырып келе жатат.Долбоордун максаты — Борбор Азиянын, Чоң Алтайдын университеттеринин, илимий борборлордун окумуштууларын түрк цивилизациясынын маданий жана тарыхый баалуулуктарына интеграциялоо.Бул долбоорго чет элдик жана россиялык 30 университет, 70ке чукул илим-изилдөө, билим берүү боюнча жана маалыматтык долбоорлордун туруктуу катышуучулары киргенин Алтай мамлекеттик уинверситетинин президенти, долбоордун жетекчиси Сергей Землюков билдирди.Россиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун илимий директору, долбоордун Эл аралык эксперттик кеңешинин жетекчиси Анатолий Деревянко изилдөөчүлөрдүн биргелешкен ишинин жакшы натыйжасын белгиледи. Ал иш боюнча катышуучулардын санын жана каржылоону көбөйтүүнү талап кылат."Экспедициялар, музейлерде жана архивдердеги жүргүзүлүп жаткан иштер дагы эле жетишсиз. Илимий, билим берүү гана эмес, элди жакындатып, бириктирүүчү касиетке ээ бул долбоорду мындан ары да узартуу боюнча чечим кабыл алынышы абдан маанилүү", — деди Деревянко.Иш-чаранын катышуучулары түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастары саясат эмес, илимдин кызыкчылыгы үчүн окулуп, изилделип, сакталышы керектигин белгилешти.
https://sputnik.kg/20211217/chon-altaj-turk-dujnosun-izildoo-1060383264.html
алтай крайы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070757103_61:0:2792:2048_1920x0_80_0_0_cd15def7d4c89638fb556039b4909fb2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, алтай крайы, россия, түрк, цивилизация
кыргызстан, алтай крайы, россия, түрк, цивилизация
Кыргызстандын окумуштуулары Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борборунун алкагында өнөктөш ЖОЖдор менен кызматташуусун жакшыртат. Бул туурасында "Россия сегодня" медиатобунун маалымат борборунда Кыргызстандын Илимдер академиясынын академиги, Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов "Чоң Алтайдын түрк дүйнөсү" деп аталган долбоордун ишке ашканын жыйынтыктаган иш-чарада билдирди.
Асанканов долбоордун алкагында Борбордук Азиянын жогорку окуу жайларынын жана илимий уюмдарынын өкүлдөрүнүн биргелешкен изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жогору баалады. Андан сырткары, бул ишке кыргызстандык окумуштуулардын кошкон салымы тууралуу айтып берди.
"Изилдөөчүлөрүбүздүн чоң тобу Алтайдын үч аймагына этнографиялык экспедицияларга чыгышты. /.../ Биз ийгиликтүү иштеп, Алтай тоолорунда кыргыздар бар экенин тастыктаган материалдарды таптык. Экспедиция учурунда чогултулган материалдар Кыргызстандын тарыхы боюнча китептерге киргизилмекчи. Менимче, бул уникалдуу долбоорду улантышыбыз керек", — деген окумуштуу.
"Чоң Алтайдын түрк дүйнөсү" долбоорун Алтай мамлекеттик университетинин (АлтМУ) "Чоң Алтай" түркология жана алтаистика илимий борбору Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин колдоосу менен 2019-жылдан бери ишке ашырып келе жатат.
Долбоордун максаты — Борбор Азиянын, Чоң Алтайдын университеттеринин, илимий борборлордун окумуштууларын түрк цивилизациясынын маданий жана тарыхый баалуулуктарына интеграциялоо.
Бул долбоорго чет элдик жана россиялык 30 университет, 70ке чукул илим-изилдөө, билим берүү боюнча жана маалыматтык долбоорлордун туруктуу катышуучулары киргенин Алтай мамлекеттик уинверситетинин президенти, долбоордун жетекчиси Сергей Землюков билдирди.
"Илимий конференциялардан жана эксперттик сессиялардан биз долбоорду иш жүзүнө ашырууга өттүк. Эгерде 2021-жылы Кыргызстанда жана Алтайда төрт экспедиция өткөрсөк, ал эми быйыл, тагыраагы, 2022-жылы, алардын саны бешке жеткен. Бул экспедициялардын жыйынтыгында түрк доорундагы Алтай эстеликтеринин картасы жана каталогу түзүлдү. Россиянын, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн славян жана түрк элдеринин тарыхый-маданий биримдигинин концепциясы иштелип чыкты. Иштин жыйынтыгы "Улуу Алтай – түрктөрдүн ата мекени" виртуалдык музейин жана сегиз монографияны түзүүгө негиз түздү. Келечекте бул мезгилдин скульптураларынын жана петроглифтеринин картасын түзүү планыбыз бар", – деди ал.
Россиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун илимий директору, долбоордун Эл аралык эксперттик кеңешинин жетекчиси Анатолий Деревянко изилдөөчүлөрдүн биргелешкен ишинин жакшы натыйжасын белгиледи. Ал иш боюнча катышуучулардын санын жана каржылоону көбөйтүүнү талап кылат.
"Экспедициялар, музейлерде жана архивдердеги жүргүзүлүп жаткан иштер дагы эле жетишсиз. Илимий, билим берүү гана эмес, элди жакындатып, бириктирүүчү касиетке ээ бул долбоорду мындан ары да узартуу боюнча чечим кабыл алынышы абдан маанилүү", — деди Деревянко.
Иш-чаранын катышуучулары түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастары саясат эмес, илимдин кызыкчылыгы үчүн окулуп, изилделип, сакталышы керектигин белгилешти.
17 Бештин айы 2021, 09:05