Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын операция тууралуу фейк тараткан Хиральдо Сарай АКШ буйругун аткарган. Чоо-жайы

© ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын ФСБ кызматкери. Архив
Россиянын ФСБ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2022
Жазылуу
Конспирацияланган каналдар аркылуу россиялык атайын кызматтын офицерлеринин атынан делип жалган электрондук каттар жөнөтүлүп турган.
Россия армиясы тууралуу жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталып жаткан колумбиялык Хиральдо Сарай Альберто Энрикенин үстүнөн козголгон кылмыш иштин тергелип бүтүшү — бул РФ Тергөө комитети алектенген өзгөчө иштин биринчи гана этабы. Алдыда 20 жылдан бери Россияда жашап келген Колумбия жаранынын шериктерин табуу милдети турат. Атайын операция тууралуу фейктер — аталган топтун "эрдигинин" бири эле. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул адамдар 2020-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Россиянын кийлигишүүсүн имитациялаган.

Соода борборундагы бот-ферма

Тергөө 2022-жылдын 5-мартында жана 9-апрелинде Хиральдо Сарай аны чет жактан башкарган адамдардын тобу менен Россия Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциянын алкагындагы аракеттери тууралуу атайылап жалган маалыматтарды таратканын аныктаган. Кылмышкерлер смартфондордон бот-ферма түзүп, аны Москвадагы соода борборлорунун бирине жайгаштырган. Бул фермалардан россиялык аскерлер тууралуу фейк маалыматтар массалык түрдө жайылтылган. Жалган билдирүүлөрдүн арасында РФ жоокерлеринин жай тургундарды өлтүргөнү тууралуу да бар эле.
Колумбиялык жаранга каршы иш Россия ФСБсынын контрчалгын кызматынын материалдарынын негизинде козголгон. Хиральдо Сарай 2022-жылдын 10-апрелинде колго түшүрүлүп, кийинки күнү Басман сотунун чечими менен камакка алынган.

"Мага акча керек эле"

Хиральдо Сарайдын Россияда туруктуу жашоого уруксаты бар, акыркы 20 жылдан бери өлкөдө жашап келген. Россиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, ал чакан компьютердик фирмада менеджер болуп иштеген, үйлөнүп, кийинчерээк ажырашууга да үлгүргөн. Эки баланын атасы.
Фейк таратып жанына эмне күч келди? Өзү тергөөчүлөргө мындай жооп берген:
"Чынында жашыруун каналдын эмнеге керек экенин түшүнгөн деле жокмун, мага эмне кылуу керектигин чет жактагы досторум айтып жатышты, мен аткара бердим. Америкадан чыгышты, аралыктан байланышып жаттык. Мага акча керек эле", — деди Хиральдо Сарай.
Айыпталуучунун айтымында, аны бул ишке уюштуруучулардын чатында Мадрид деген ник менен катталган Испаниядагы таанышы тарткан. Дагы бир куратору өзүн Билл Брайс деп тааныштырган.
АКШ атайын операция тууралуу фейктерди тараткан бот-ферманын видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ атайын операция тууралуу фейктерди тараткан бот-ферманын видеосу чыкты

Бул жерде да USAID!

Сарай чындап эле эмне кылып жатканын билген эмеспи? Тергөөнүн материалдары анын калпыс сүйлөп жатканын ачыктап жатат.
Колумбиялык жаран жакшы эле жашырынып жүргөн, документтерди, телефон жана дагы бир катар техниканы тергөөчүлөр атайы жабдылган жашыруун жайдан табышты. Мындан тышкары, программалык камсыздоо аныкталган. Бул система Сарай менен анын шериктерине смартфондор аркылуу аралыктан иштеп, анык бир убакытта реалдуу абоненттердин атынан билдирүүлөрдү жөнөтүп турууга мүмкүнчүлүк берген.
Хиральдо Сарай иштин башка фигуранттары менен жазышып турган, тергөөчүлөр аны да иликтеп чыгышты. Натыйжада айыпталуучунун кураторлору АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги USAID менен байланышкан Digital Humanity компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштегени аныкталган.
"Кылмыштуу топту каржылоо чынжырчасы ачыкталды, анда криптовалюта да колдонулганы белгилүү болду. Акча каражаты жана финансылык активдер камакка алынды. Иштин башка катышуучуларына издөө жарыяланып, алдын ала тергөө уланууда", — дешти Тергөө комитетинен.
Колумбиялык жаранга атайын операция учурунда РФ Куралдуу күчтөрүнүн пайдаланылышы тууралуу жалган маалыматты билип туруп тараткан деген айып тагылды. Бул берене боюнча күнөөлөнүп жаткан адам 3 миллиондон 5 миллион рублге чейин айып тартып, беш жылга чейин кара жумушка чегерилет же 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Бирок бул аталган иш соңуна чыкты дегенди түшүндүрбөйт. Тергөөнүн жүрүшүндө дагы бир сенсациялык ачылыш болду.
Көрсө, ушул эле адамдардын тобу мындан эки жыл мурун россиялык операторлордун сим-карталары жана смартфондор колдонулган ушул эле схеманы "АКШдагы 2020-жылы өткөн президенттик шайлоонун кадырына доо кетирүү жана ага Россиянын кийлигишүүсүн имитациялоо" (РФ Тергөө комитетинин цитатасы) үчүн колдонуптур.
Конспирацияланган каналдар аркылуу россиялык атайын кызматтын офицерлеринин атынан делип жалган электрондук каттар жөнөтүлүп турган. Анда ар кыл буйруктар, мисалы, тигил же бул талапкер тууралуу текст даярдоо сыяктуу тапшырмалар жазылган.
"Фактылардын баары өлкө коопсуздугуна коркунуч жараткан кылмыштын белгилеринин бар-жогун аныктоо үчүн өткөрүп берилди", — дешти Тергөө комитетинен.
Демек, бул чуулуу иштин башталышы гана болчудай.
Клавиатурага коюлган биткоиндин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
АКШ РФтин шайлоого кийлигишүүсүн имитациялап аткаруучуга биткоин берип турган
Жаңылыктар түрмөгү
0