АКШ РФтин шайлоого кийлигишүүсүн имитациялап аткаруучуга биткоин берип турган

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКлавиатурага коюлган биткоиндин сувенирдик тыйыны. Архив
Клавиатурага коюлган биткоиндин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Жазылуу
Россиялык атайын кызмат 2020-жылдын августунан тарта CentrSoobsh сервисинин россиялык абоненттерине SMS-билдирүү келе баштагандыгын айткан.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Америкалыктар Россиянын шайлоого киришкенин окшоштуруп ("чаптап"), 2020-жылы сентябрда Россияда түзүлгөн электрондук почта аркылуу кызматташууну каалаган атайын кызматтын өкүлүнөн делген кат жиберишкен. Ал жооп катары 1 миллион рублдик биткоиндер бар криптокапчыкка шилтеме алган.
Берилген материалдарда Альберто Хиральдо Сарай аттуу кишинин телефонуна катталган почта дарегинен 2020-жылы сентябрда америкалыктарга россиялык атайын кызматтын кызматкеринен билдирүү жөнөтүлгөн делет. Катта ал океандын ары жагындагы кесиптештерине кызматтык жашыруун сырларды айтып берүүнү каалаган деп жазылган.
Аны менен катар эле бир ай мурда АКШнын мамлекеттик департаменти америкалык шайлоого кийлигишүүгө аракет кылгандар же эми да аракет кылып жаткан тараптар боюнча маалымат бергендерге 10 млн. доллар сыйлык жарыялаган.
Россиялык атайын кызматтын берген маалыматтарына караганда, 2020-жылдын августунан тарта CentrSoobsh сервисинин россиялык абоненттерине SMS-билдирүү келе баштаган.
"АКШнын мамлекеттик департаменти АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракеттери боюнча маалыматка 10 млн. доллар сунуштайт. Эгерде шек-шыбатын билсеңиз, rfj.tips/bngc шилтемеси менен кайрылыңыз" деп айтылган. Шилтеме АКШнын мамдепартаментинин сайтындагы "Укуктуулук орнотууга жардам бергендерге сыйлык " деп аталган баракчага алып барат. Анда кайра байланыш үчүн реквизиттер да жазылган.
Мындан сырткары, тартип коргоочулардан Альберто Энрике Хиральдо Сарай боюнча алынган материалдарга караганда, 2022-жылдын 17-февралында анын телефон аппараттарынан ошондой эле схема менен россиялык абоненттерге билдирүү массалык түрдө жөнөтүлгөн.
Анда "Сиз хакер менен тааныш болушуңуз мүмкүн! Маалыматыңыз үчүн сыйлык алыңыз!" деп жазылган.
Смс-билдирүү жогорудагы шилтеме менен дал ошол баракчага алып барган.
Альбертонун телефондорунан жазган фейк "саткын" жооп жана байланыштын ишенимдүү каналына өтүү сунушун алган. Андан сырткары, гонорар катары криптокапчыкта 1 миллион рублдик биткоин бар деген шилтеме кошо берилген.
Буга чейин РФтин Тергөө комитети Колумбиянын Хиральдо Сарай аттуу жараны боюнча кылмышты иликтөө иши бүткөндүгүн билдирген.
Ал атайын операцияны жүргүзүүдө Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүн пайдалануу жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталууда.
Тергөөнүн маалыматтарына караганда, чет өлкөдөн келген көрсөтмө боюнча акчалай сыйлык алуу үчүн ал башкалар менен биргелешип, туура эмес билдирүүлөрдү массалык түрдө жөнөтүүнү уюштурган.
Муну менен катар эле ал адамдар мобилдик телефондорду аралыктан башкарып, Россия Федерациясынын жарандарынын чыныгы колдонуучуларынан келип жаткандай билдирүүлөрдү жасашкан.
Кылмыштуу ишти иликтөөнүн жүрүшүндө дагы башка фактылар чыккан. Ошол эле топ 2020-жылы АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүү жана бул шайлоо өнөктүккө Россиянын кийлигишүүсүн "жамай салуу" максатында россиялык байланыш операторлорунун сим-карталары менен мобилдик телефондорду колдонуунун окшош схемасын колдонгон.
АКШ атайын операция тууралуу фейктерди тараткан бот-ферманын видеосу чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ атайын операция тууралуу фейктерди тараткан бот-ферманын видеосу чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0