G7 россиялык мунай баасынын чегин чечти. АКШдагы элчиликтин реакциясы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүМунай терминалы. Архив
Мунай терминалы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Россиянын АКШдагы элчилиги мунайга чектелген баа киргизилгенден кийин да РФ продукциясы дүйнөлүк рынокто суроо-талапка ээ болорунан шек санабастыгын билдирди.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. G7 өлкөлөрү россиялык мунайдын баррелине 60 доллар болгон баанын чегин киргизүү боюнча бир жыйынтыкка келгенин РИА Новости жазды.
Маалыматта россиялык мунайдын баасына чек койгон саясат 5-декабрда же "андан көп өтпөй" күчүнө кирери жазылган. Россиянын мунай заттарына болгон баанын чеги боюнча чечим 5-февралдан тарта күчүнө кирет.
"Биз россиялык өндүрүштөн чыккан мунай продуктыларынын наркын өзүнчө жарыялайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.
G7 өлкөлөрү жана Австралия россиялык мунайга карата "баалардын чеги" боюнча саясатынын натыйжалуулугун тыкыр көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда наркка оңдоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө ниеттенүүдө. Алар өзүлөрүнүн ички рынокторундагы Россиядан чыккан чийки мунай жана мунай заттарын этап менен чыгаруу ниетин ырасташкан.
"Бааларды чектөө саясаты биздин кызмат көрсөтүүчүлөргө россиялык чийки мунай жана мунай продуктуларын башка өлкөлөргө жеткирүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Бул Россиянын кирешеси чектелген маалда энергетикалык ресурстардын туруктуу камсыз болушун шарттайт", — деп айтылат билдирүүдө.
"Чоң жети" өлкөлөрү коалицияга кирбеген, орус мунайын импорттоочу мамлекеттерди чектөө саясатына кошулууга чакырды. Алардын пикири боюнча, бул нерсе өлкөлөрдүн "экономикалык кызыкчылыгына туура келет".
"Баалардын чегинде импорттоо энергиянын баасын төмөндөтүүгө жардам берет жана Россиянын кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн азайтат", — деп айтылат билдирүүдө.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен өзүнүн пикирин билдирди.
"Баалардын чеги россиялык мунайдын дүйнөлүк рыноктордогу агымы үчүн пайдалуу болот жана аны жеткирүүдө үзгүлтүккө учурап калчу учурлардан керектөөчүлөр менен компанияларды коргоо үчүн иштелип чыккан", — деди ал.
Йеллендин ою боюнча, бааларга болгон чектөө кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөр үчүн "өзгөчө пайдалуу".
Вашингтондогу элчилик Россия өзүнүн мунайына чектүү баа киргизилгенден кийин дагы дүйнөлүк рынокто суроо-талапка ээ болорунан шек санабастыгын билдирди.
"Мындай кадамдардын натыйжасы белгисиздиктин кеңири жайылышына жана чийки заттын керектөөчүлөрүнүн чыгымдарын алып келет. Анын үстүнө азыр бир дагы өлкө саясий себептерден улам өзүнүн экспорттук продукциясына чек коюудан камсыздандырылган эмес. Учурдагы кырдаалга карабастан кооптуу жана мыйзамсыз курал менен "ойноп", биздин мунай мындан ары да суроо-талапка ээ болоруна ишенебиз", — деп айтылган билдирүүдө.
Элчилик мындай кадамдарды ишке ашыруу менен батыш өлкөлөрү "эркин рыноктордун иштешинин негизги принциптерин" кайра калыптандырууга аракет кылып жатканын билдирди. Элчилик билдирүүсүн жамааттык Батыш "жок жерден жаралган" көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып жатат деп жыйынтыктады.
Россия аймагында мунай качалкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Россиянын мунай баасынын чеги баррелине 60 доллардан башталат
Жаңылыктар түрмөгү
0