3-декабрга карата аба ырайы

Жазылуу
3-декабрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Таласта -2...+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +3...+8, Ысык-Көлдө -1...+4 жана Нарын облусунда -4...+1 градус болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек шаарында +1...+3, ордолуу Ошто +5...+7 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Бишкектеги ыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Пресс-борбор
Бишкектеги кирдеген аба 112 кишинин өмүрүн алдыбы? Министрликтин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0