Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкектеги кирдеген аба 112 кишинин өмүрүн алдыбы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектеги ыш. Архив
Бишкектеги ыш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Жазылуу
Мурдараак ЮНИСЕФ "Кирдеген абанын Бишкектеги балдар менен аялдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектилерине тийгизген таасири" деген изилдөөнү жарыялаган.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги ЮНИСЕФтин Бишкектеги кирдеген абанын балдар менен аялдардын ден соолугуна тийгизген таасири боюнча жарыялаган изилдөөсүнө комментарий берди. Аталган министрликтин өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы брифингге катышты.
Алар агенттикке министрликтин ишинин жыл жыйынтыгын чыгарып жана 2023-жылга карата пландары туурасында айтып берүү үчүн келишкен.
Мурдараак ЮНИСЕФ "Кирдеген абанын Бишкектеги балдар менен аялдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектилерине тийгизген таасири" деген изилдөөнү жарыялаган. Андагы маалыматтарга таянсак, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейинки булганган аба 112 адамды өлүмгө кептеген.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков аталган изилдөөнүн жыйынтыгына комментарий берди.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаместитель министра здравоохранения Улан Садыков
Заместитель министра здравоохранения Улан Садыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
"Абанын булганышы адамдын өлүмүнө тикелей себеп болот деп ойлобойм. Бул козгоочу фактор болушу мүмкүн. Мындай суроого жооп берердин алдында чын эле ошондой болгонун же болбогонун такташ үчүн олуттуу текшерүүлөрдү жүргүзүү керек, илимий негиздемелер зарыл", — деди ал.
Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева да өзүнүн пикирин айтты.
© Sputnik / Жоомарт УраимовЗаместитель министра здравоохранения КР Бубужан Арыкбаева
Заместитель министра здравоохранения КР Бубужан Арыкбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
"Иликтөөнү ЮНИСЕФтин тендеринен өткөн чет өлкөлүк университет жүргүзгөн. Бул — баа берилген илимий маалыматтар жана 112 киши абанын кирдешинен эле өлүп калды дегендик эмес. Бул сандар эмненин негизинда пайда болгонун билиш үчүн кечээ суроолорубузду топтоп, кат жибердик. Аталган уюм сурамды иликтөөчүлөргө жөнөтүптүр, алар Кыргызстанда эмес", — деп түшүндүрдү ал.
Арыкбаева келтирилген сандар пайыздык катышты санаганда чыгып калышы мүмкүн деген божомолун айтты.
"Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, дүйнөдө кабыл алынып, такталган көрсөткүчтөр бар. Алар жүрөк-кан тамыр ооруларынан, жүрөктүн оорусунан, инсульттан, өпкө рагынан жана башка оорулардан өлгөн маалыматтарды алып турушат. Андан ары пайыздык көрсөткүч менен карашат. Мисалы, жүрөк-кан тамыр ооруларынын 19 пайызында булганыч аба негизги факторлордон болуп саналат. Ал эми жүрөктүн оорусунда анын таасири — 24 пайыз. Изилдегендер пайыздык катышты эсептегенде 112 болуп чыгышы мүмкүн. Сиздерге жоопту алгандан кийин так айтып бере алабыз", — деп кошумчалады ал.
Журналист Арыкбаевадан министрликтин мындай изилдөөнү жасоо планы бар же жок экендигине кызыкты.
"Ал үчүн көп акча керек. Бул маселени өзүбүз да карап жатабыз. Биздеги "Профмедицина" деп аталган бейөкмөт уюмдун өзүнүн бул жааттагы иштери бар. Жоопту алган соң маалыматтарды салыштырып көрөбүз", — деген Арыкбаева.
Ыш баскан Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында
Жаңылыктар түрмөгү
0