Мирзиёев чек ара жана Кемпир-Абад боюнча мыйзамдарга кол койду. Эки өлкөнүн милдети

© Фото / пресс-служба президента УзбекистанаӨзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев. Архив
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Ушундай эле жарлыктарга президент Садыр Жапаров кечээ кол койгон.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев бүгүн, 30-ноябрь күнү, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым тилкелери боюнча жана Анжиян (Кемпир-Абад) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзамдарга кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери боюнча келишим 13 беренеден турат. Ага ылайык, жалпы узундугу 302,9 чакырым тилке, анын ичинде өзбек-кыргыз чек арасынын 35 тилкеси аныкталганы айтылат.
Ал эми суу сактагыч боюнча келишим 11 беренеден турат. Ага ылайык, Өзбекстанга суу сактагычтын аймагындагы 4 957 гектар аянт жана плотинаны тейлөө үчүн кошумча 18,5 гектар жер өтөт. Кыргызстанга кенемте катары 1 019 гектар жайыт жер берилет.
Sputnik Өзбекстан Telegram каналына Өзбекстан аталган маселеде эмнеге милдеттендирилерин тизмектеди: https://t.me/sputnikuzbekistan/30055
суу сактагычта суунун көлөмүн горизонталь боюнча 900 метрден ашырбоо;
Кыргызстандын жарандары үчүн суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо (мал сугаруу, жер сугаруу, балык уулоо);
суу сактагычтын айланасына инженердик-техникалык курулуштарды салбоо;
суу сактагычтын коопсуздугун, анын эксплуатацияланышын, техникалык жактан тейленүүсүн камсыздоо жана кыргыз тарап менен макулдашкан чекте сууну кое берип туруу.
Маалыматта Кыргызстан сууну коргоо зоналарын уюштуруп, суу колдонуу тартибин сактоого милдеттендирилгени айтылды.
Эскерте кетсек, аталган эки келишимди ратификациялоо боюнча жарлыктарга президент Садыр Жапаров кечээ, 29-ноябрда, кол койгон.
Буга чейин Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев парламентте кыргыз тарап алып жаткан жерлерди тизмектеп берген:
Ала-Бука районундагы Гава-Сай тилкеси — 12 849 гектар. Кыргыз тарап кандай багыттагы жер экенин айткан жок, өзбек премьери Абдулла Арипов жайыт экенин билдирген;
Көк-Серек тилкеси — 105 гектар, кыргыз жарандары жашаган айыл жана айдоо аянттары бар;
Баястан — 212 гектар, жайыт жер;
Унгар-Тоо тилкеси — 35 гектар. Мамлекеттик телеканалдардын, уюлдук операторлордун радиорелейлик станциялары, антенналары жайгашкан;
Кара-Суу районунун Ак-Таш тилкеси — 100 гектар, сугат, айдоо аянттары;
Кара-Белес тилкеси — 25 гектар;
Өзгөн жана Сузак райондорунан 1000 гектар;
Кемпир-Абад суу сактагычын 908 горизонталдан 900гө түшүргөндө суу басып жаткан 1 246 гектар жер бошойт. Аны кыргыз тарап айыл чарба багытында пайдаланса болот.
Депутат Чолпон Султанбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
140 гектар жер кайда? Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөтүнүн маалыматындагы айырма
Жаңылыктар түрмөгү
0