Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Иран менен Кытайдагы толкундоолор. Батыш эзелки "ыкмасын" кайра баштачудай

© AP Photo / J. Scott ApplewhiteВашингтондогу АКШнын Капитолий имараты. Архив
Вашингтондогу АКШнын Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Украинадагы же бүтүндөй дүйнөдөгү Россия менен Батыштын тирешинде эртеби-кечпи Батыш туруштук бере албай калары кызуу талкууда. Европа чабалдап, англосактар менен аталган континенттин ортосу бузулуп, же биримдиктин ичине жик түшөрү жөнүндө да сөздөр бар.
Айтор, Россия менен Батыштын ортосундагы пикир келишпестиктердин кесепети олуттуу болорун боолголойт Петр Акопов. Серепчинин азыркы геосаясий жагдай жаатындагы ой калчаган макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Украинадагы кырдаалда РФтин жеңиши дүйнөнүн түзүлүшүн өзгөртүп, бирдиктүү Батыштын ыдырап кетиши да ыктымал. Ага чейин Россияны алсыратуу аракетинен Батыштын баш тартпай турганы маалым. Болгону анын формасын гана алмаштырып, маселен аскердик тирешти экономикалык кысымга айкалыштырып, бул бара-бара экинчисине ооп кетиши ажеп эмес.
Батыштагылар Россия чегинбей, баш ийбей жана Украинадан да, атлантикалык дүйнө түзүмүн өзгөртүүдөн да баш тартпай турганын аңдаганы оң чыгаар. Муну билүү үчүн аларга Кремлдеги тыңчылар же укмуштай бир талдоочулардын деле зарылдыгы жок. Болгону орус тарыхын жана мүнөзүн түшүнүү гана жетиштүү. Бирок Батышта Россия кандайдыр бир күтүүсүз окуялардын айынан Украинада утулуп калышы мүмкүн деген ой дале бар. Албетте, алар Россиянын ичинде элдик козголоң, төңкөрүш болуп кетерине үмүт артышкандай. Андайга ынангандар азыраак болсо да, бул багытта аракеттер жүрүп, анан да өлкөдөн качкан саясий эмигранттар аларга өз "кызматтарын" жигердүүлүк менен сунуштап жатышат.
Анткен менен Батыш Россияны экономикалык жактан обочолонтуу көйгөй жаратып, турмуш деңгээлин төмөндөтүп, экономиканы кыйроого кептеп, фронтто утулууга дуушар кылат деген ойду карманышат. Бирок атайын аскердик операция башталгандан берки тогуз ай блокададан майнап жок экенин таасын көрсөтүп койду окшойт.
Албетте, өнөр жай үчүн маанилүү компоненттерди импорттоого тыюу салуунун айынан Россиянын көйгөйү көп. Энергетикалык ресурстарын сатууда бааны ылдыйлатууга туура келүүдө, бирок баары бир сатып алуучулары жок эмес. Ал эми сырьёго болгон жалпы дүйнөлүк баанын өсүшү экспорттун көлөмүнүн азайышын актап кетүүдө.
Кандай болсо да Россия андай кысымдарга туруштук берүүдө. Себеби дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү аны дүйнөлүк экономикадан кесип салгысы жок. Батышка тиешеси жок өлкөлөрдүн көбү Россиянын жеңишине кызыкдар, анткени жаңы дүйнө түзүмүн самашат. Ал эми Россиянын Батыштын тирешине туруштук бериши бул процессти тездетет. Россия дүйнөнүн ошол чоң бөлүгүнүн кызыкчылыгы үчүн калыс аракет көрүүдө. Батыш буга каршылык көрсөткөнү менен, эч нерсе кыла албайт.
Батышка таандык болбогон дүйнөлүк державалар албетте, Россия менен Батыштын тирешинде ар кандай көз карашта экени түшүнүктүү. Айрымдары россиялык сырьёну сатып алуу менен гана чектелсе, кай бири Батыш чыгып кеткенден кийин бош калган орунду ээлөө үчүн россиялык рынокко баш багууга умтулууда. Кээ бирөө Россия менен Батыштын ортосунда ортомчулук вазийпаны да кол алгысы келет.
HIMARS согуштук куралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада НАТО жеңилип барат... Аскерий сереп
Дүйнө ар кыл, Батыштын үстөмдүгүнө нааразы болуп турса да айрым мамлекеттер РФ менен да, Батыш менен да мамилени үзүүгө батынышпайт. Батыш дайым кырдаалга көз салып, тигил же бул өлкөгө кысым көрсөтүп келет. Кантсе да өзү түптөгөн дүйнөлүк каржы тутумунун тизгини дале өз көзөмөлүндө эмеспи. Бирок кээ бир өлкөлөргө кысым көрсөтө албайт, болгону алардын Россия менен соодасын татаалдантып коюшу мүмкүн. Болгондо да алардын катарында Кытай, Индия, Түркия, Иран өңдүү үлкөн өлкөлөр бар. Алардын Россияны колдоосун сырттан өзгөртүү мүмкүн эмес. Ал эми ичтен бул жагдайды алмаштырууга болобу?
Ушул маселе эки ай мурун урунттуу соболго айланды. Эсиңиздерде болсо Иранда күрт тектүү кыздын кайгылуу өлүмүнөн кийин толкундоолор башталган. Батыш ага дароо "молдолордун диктатурасына" каршы элдик көтөрүлүш деп атоого аракет кылган. Ал эми Кытайда ковиддин айынан карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык акциялары өттү эле, Батыш заматта 1989-жылдагы Тяньаньмэнди эстей калып, жаңы кытай революциясын жоромолдоого киришти.
Ошондой эле Түркияда ички саясий күрөш күчөп барат, себеби президенттик шайлоого жарым жылдан ашуун гана убакыт калды. Эрдоганга каршы президенттик республикадан баш тартууну талап кылган оппозициянын бириккен фронту чыгышы мүмкүн.
Россия үчүн бул үч маанилүү өлкөлөрдүн ичинде кырдаал курчуп кете турган болсо, алар өз дарты менен алектенип же багытын Батышка буруп жиберишеби? Албетте, андай болбойт. Аталган мамлекеттердин ар бириндеги процесстер бири-биринен катуу айырмаланат. Бирок баарынын орток мүнөзү бар, анткени алар – толук эгемендүүлүккө ээ державалардын, улуу цивилизациялардын мураскерлери.
Кытайдагы толкундоолор бийликтин алмашуусун мындай кой, олуттуу өзгөрүү да алып келе албайт. Ковиддик чектөөлөр тургундардын көкөйүнө көк таштай тийгени ырас. Бирок эң оболу бул саясий эмес, турмуштук нааразылык, Си Цзиньпинге эч кандай коркунуч туудурбайт. Ал эми кытай коомчулугунда биримдик мурдагыдай эле күчтүү.
Иранда кырдаал татаалыраак, анткени ал жакта улуттар аралык да, муундар ортосундагы да, социалдык тирешти да, ал тургай динге каршы теманы да козгоп, ортого от жагуу аракеттери жүрүүдө. Ошентсе да иран коомчулугу кыйла өнүккөн, анын өз алдынча өнүгүүгө карай бет аларында шек жок. Аятолланын бийлигине орчундуу коркунуч деле жок, ал эми Америкага, Батышка каршы маанай кандай болгон күндө да күчүнөн тайбайт.
Түркия коомчулугунда диний жана светтик деп бөлүнүү көбүрөөк, бирок ал жакта да Эрдогандын каршылаштарын батышчыл деп атоо натуура. Түркия өзүнүн өзөгүн аңдап, улуттук кызыкчылыктарын катуу коргойт. Эрдоган шайлоодо жеңилип кала турган болсо да Европага катуу ыктап, Россияга каршы багытын кескин өзгөртөрү күмөн. Анткени Түркия да Иран менен Кытай өңдүү эле Россия менен ар кыл стратегиялык алака түзүүгө кызыкдар.
Ошондуктан эгер Батыштагылар Россияга анын аталган державалар менен байланыштарын чабалдатуу аркылуу сокку ура аларын ойлосо, катуу жаңылышат. Канткен күндө да РФ Батыш сымал анын ичиндеги башаламандык же кыйрашына үмүт кылбай, өз күчүнө гана таянууга тийиш.
Штаб-квартира НАТО в Брюсселе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Global Times: НАТОнун жону жукарып Киевге курал жөнөтүүнү азайтат
Жаңылыктар түрмөгү
0