Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айтбаев: айылдардын өнүгүшү үчүн айыл өкмөттөрүнө шарт түзүү керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель председателя Союза местного самоуправления Данияр Айтбаев
Заместитель председателя Союза местного самоуправления Данияр Айтбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун жетекчисинин орун басары Данияр Айтбаев айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу үчүн аларга финансылык мүмкүнчүлүктөрдү көбүрөөк берүү зарылдыгын айтты.
Өлкөдө 452 айыл өкмөтү болсо, анын 70 пайызы дотацияда отурат. Бул тууралуу Данияр Айтбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Айтбаев: айылдардын өнүгүшү үчүн айыл өкмөттөрүнө шарт түзүү керек
Анын айтымында, айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу үчүн кызыктыруучу механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.
"2023-жылга карата республиканын бюджетинде айыл өкмөттөрүнө башка жылдарга салыштырмалуу жакшы көңүл бурулган. Бирок бул дагы дотациядан чыгарууга жетишсиз. Бизде көптөгөн айыл өкмөттөрдүн кирешеси чыгымын жаппай келет. Айыл өкмөттөрдүн финансылык-экономикалык абалына республикалык деңгээлде көңүл бурулушу керек. Анткени кээ бир жылдары республикалык бюджет өскөнү менен аймактардын абалы ошол бойдон эле калууда. Учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки жергиликтүү салыкты өз чөнтөктөрүнө калтыра алат. Башкача айтканда, жер жана мүлк салыгы айыл өкмөттөрдүн бюджетине түшөт. Бирок баарыбызга белгилүү болгондой, жер бул көбөйбөй турган ресурс, демек, андан белгилүү гана өлчөмдөгү киреше түшөт. Муну менен катар эле учурда бизде жер салыгына мораторий киргизилген. Ал эми мүлк салыгы деле аймактар үчүн сезилерлик киреше алып келбейт. Анткени айыл жерлеринде чоң-чоң кыймылсыз мүлк, завод-фабрикалар жокко эсе. Мунун баары шаарда. Калган салыктардын баары мамлекеттик болуп эсептелип, алардын көрсөткүчү өзгөрүп турат. Айрымдарынын канча бир бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилсе, кээ бириники, тескерисинче, көп пайызы республикалык бюджетке алынат. Мына ушул салыктарды бөлүштүрүү саясатын аймактарга да ыңгайлуу боло тургандай кылып кайрадан иштеп чыгыш керек. Мындан сырткары, кайсы айыл өкмөт дотациядан чыгууга далалат кылса, алардын аракетин баалап жардам бере турган шыктандыруучу механизмдердин болушу зарыл", — деди Айтбаев.
Ал айрым айыл өкмөттөрү жигердүү эмгектин артынан ички каржылык булактарын көбөйтсө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттерди азайтып коюу туура эмес деген пикирин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0