Халмион – Жеңиш, Маргун – Кең-Талаа болду: Баткенде 13 айылдын аталышы өзгөрдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРБаткен облусун Маргун айылынын көрнөк тактасы. Архив
Баткен облусун Маргун айылынын көрнөк тактасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Айыл аймактарынын жана айылдардын атын кайра атоо боюнча чечимдер ошол жерлердеги тургундардын чогулуштарында кабыл алынганы айтылды. 1-январдан тарта эл жашаган ал аймактар жаңыча айтылып баштайт.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен Баткен облусундагы 13 айылдын аты өзгөртүлдү. Президенттин маалымат кызматы мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгондугун билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндөгү" мыйзамды Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алган.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыккан бул мыйзамда Баткен облусунун үч айыл аймагы жана 10 айылынын аталыштары өзгөртүлгөн.

"Документтин максаты — айыл аймактарына, айылдарга мурдагы, азыркы учурда кеңири белгилүү болгон, учурда жашоочулар тарабынан колдонулуп келген, мамлекеттик, тарыхый жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен аталыштарды кайтарып берүү болуп саналат", — деп билдиришти.

Мыйзам улуттук идеологияны бекемдөөгө, жарандарды патриоттук духта жана улуттук, тарыхый салттар менен баалуулуктардын негизинде рухий-адептик тарбиялоону андан ары жакшыртууга багытталганы да айтылды.
Айыл аймактарынын жана айылдардын атын кайра атоо боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, тиешелүү айылдык кеңештердин чечимдери, райондук мамлекеттик администрациялардын жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдери менен бекитилип, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.
Мыйзамга ылайык, төмөнкү айыл аймактарынын жана айылдардын аталышы өзгөртүлдү:
Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагы Айрыбаз айыл аймагы деп аталды;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылы Айрыбаз айыл аймагынын Айрыбаз айылы деп өзгөрдү;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Валакиш айылы Үч-Коргон айыл аймагынын Тегирмеч айылы болуп калды;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан айыл аймагы деп аталды;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Ак-Өргө айылы болду;
Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Халмион айылы Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылы деп өзгөрдү;
Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп аталды;
Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Даргаз айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Кереге-Таш айылы деп өзгөрдү;
Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Дархум айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Жети-Таш айылы деп аталды;
Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Маргун айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылы болду;
Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл аймагынын Чурбек айылы Кең-Талаа айыл аймагынын Үч-Булак айылы болуп калды;
Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынын Мурза-Патча айылы Раззаков шаарынын Ак-Босого айылы деп өзгөрдү;
Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Коммуна айылы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы деп кайра аталды.
Мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткен облусундагы үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Депутат: Баткенде бир дагы үй курулган жок, өкмөт акча бербей жатыптыр
Жаңылыктар түрмөгү
0