Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Депутат: Баткенде бир дагы үй курулган жок, өкмөт акча бербей жатыптыр

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүКыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткен облусундагы үй. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткен облусундагы үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Парламентте мамлекеттен бөлүнгөн акчаны бизнеске айландырып жатышканы айтылды.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткен облусундагы үйлөрдүн ордуна бир дагы жаңы турак жай курулуп бүтө элек, эл чатырда жашоодо. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, бийлик убадалаган жардамдар дарегине жетпей жатат. Чатыры жабылып үйүнө кирген бир дагы киши жок.
"Лейлек районуна барып келдим, тургундар чатырда же боз үйдө жашап жатышат. Эң көп үйлөр талкаланган Арка-1 айылына болгону үч контейнер жеткирилиптир. Көпчүлүк үйлөрдүн фундаменти куюлган бойдон токтоп турат. Аны да курулуш компаниялары өзүнүн каражатына куруптур. "Өкмөттөн акча берилген жок" дейт. Биз бөлүп берип жаткан акчалардын баары кана? Элибизден чогулган 320 миллион сомдон ар бир үйгө бир-эки миллион сомдон берип турбайсыңарбы. Жок дегенде чатырын жаап алышмак. "Көп акча түшүүдө, укмуш болуп жатат" деген жашоо жок экен ал жакта", — деди Акаев.
Ал эми Султанбай Айжигитов Баткенди калыбына келтирүү менен эч ким алектенбей, мамлекеттен бөлүнгөн акча бизнеске айландырылып жатканын айтты.
Камила Талиева болсо курулуш иштерин подрядчылар субподрядчыларга берип, бири-бирине шылтап отурушканын билдирди.
Мындай пикирлерди төрага Нурланбек Шакиев да кубаттап, өткөн жумада өзү Баткенге барып келгенин белгиледи.
"Чынында курулуштун темпи өтө жай болуп жатканына, элдин нааразычылыгы бар экенине күбө болдук. Ал боюнча министрлер кабинетинин төрагасына, президентке дагы айттым", — деди спикер.
Белгилей кетсек, буга чейин Финансы министрлиги Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Баткен, Ош облустарында жабыркаган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Мындай болбойт. Жапаров Баткендеги курулуш боюнча жоопкерчилик караларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0