Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Төлөпбергенова: кохлеардык импланттын зыяны жок

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Уккум келет" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Төлөпбергенова
Уккум келет коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Төлөпбергенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Жазылуу
"Уккум келет" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Төлөпбергенова кохлеардык импланттын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтып берди.
Кохлеардык имплант — дүлөй адамдарга угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган аппарат. Кыргызстан үчүн жаңы жабдуу болгондуктан көпчүлүк, өзгөчө ата-энелер балдарына койдуруудан чочулашат. Бул тууралуу Назгүл Төлөпбергенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Төлөпбергенова: кохлеардык импланттын зыяны жок
Анын айтымында, аталган аппаратты баланын тили чыкканча койдуруп калса, ал майыптыгы жок кадыресе адамдардай өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
"Кохлеардык имплант — угуу мүмкүнчүлүгү жок адамдарга коюлуучу аппарат. Өзгөчө тубаса дүлөйлүк менен төрөлгөн ымыркайларга болушунча эртерээк, кичинекей кезинде диагнозун аныктап, койдуруп калган жакшы. Бала ошондо кадыресе жашоо образын башынан кечирип, башка наристелер сыяктуу дүйнө кабылдоосу өнүгөт. Тили да кадимки балдардыкындай чыгат. Ал эми бир аз кечигип койдурганда бала үчүн да, ата-эне үчүн да оорураак болуп калат. Анткени бөбөк угуу мүмкүнчүлүгү жок жашоого көнө түшөт да, ар бир кыймылдын дабышы менен кайрадан таанышып чыгышы керек болот. Бул психологиялык жактан деле түйшүктүү. Ал эми мурда угуп жүрүп кийин андай мүмкүнчүлүгүн жоготкон адамдар жогорудагыдай кыйынчылыктарга кептелбейт. Анткени аларга жашоодогу бардык үндөр тааныш. Бизде дүлөйлүк менен төрөлгөн балдардын ата-энелери бул операцияны жасатуудан чочулашат. Кулагынын ичине, ал тургай мээсине бир жабдуу коюп салат экен деген туура эмес маалыматтарга ишенгендер бар. Ата-энелерди түшүнсө болот, анткени өлкөдө кохлеардык имплант тууралуу эч кандай программа жок, маалымат таратуу жүргүзүлбөйт. Анын кесепетинен угуу мүмкүнчүлүгү жок төрөлгөн балдар ошол күндөн тартып эле майып катары эсептелип, тагдырына моюн сунуп жашоосуна туура келет. Бирок кохлеардык имплант менен алар толук кандуу жашоо образын жүргүзүү, ал тургай такыр эле майыптыгы жок кишидей өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү бар да. Андыктан ата-энелер коркпой эле каражат чогултуп бул операцияны жасата бергени дурус. Азыр технология өнүгүп, улам жаңы, жакшыртылган түрлөрү чыгып жатат", — деди Төлөпбергенова.
Ал дүлөй адамдарга угуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган кохлеардык имплантка мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуусу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0