https://sputnik.kg/20221111/21-zhylda-krdin-ekonomikalyk-negizgi-korsotkuchtoru-kanday-ozgordu-1069892019.html
21 жылда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү кандай өзгөрдү? Инфографика
21 жылда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү кандай өзгөрдү? Инфографика
Sputnik Кыргызстан
Евразиялык өнүктүрүү банкынын докладында эксперттер Кыргызстан тууралуу өзүнчө анализ жасашкан. 11.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-11T17:20+0600
2022-11-11T17:20+0600
2022-11-11T17:20+0600
борбор азия
кыргызстан
еаэбдеги кыргызстан
евразиялык өнүктүрүү банкы
идп
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066955003_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_61507a1bc161b4b925915d56e060c1f0.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Евразиялык өнүктүрүү банкы "Борбор Азиянын экономикасы: жаңы көз караштар" деген аталыштагы баяндама даярдаган. Докладда, андан сырткары, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн таблицасынан сырткары Кыргызстанга арналган бүтүндөй бир блок бар.Негизги учурларКөлөмдүү жана ийкемдүү эмгек рыногун калыптандыруу экономикалык туруктуу өнүгүүгө кошумча түрткү берет. Жумуш орундарын түзүү калктын санынын көбөйүшүнө карай алганда артта калып, эмгек миграциясына алып келүүдө. 2014–2021-жылдары мигранттардын которгон акчасы Ички дүң продукциянын (ИДП) 24 пайызын түзгөн. Кыргызстанга түшкөн каражаттын көбү Россияда иштеп жаткандар тарабынан жиберилген.XX кылымда түзүлгөн гидроэнергетикалык инфраструктура модернизация жана капиталдык активдерди жаңылоону талап кылат.Экономиканын маанилүү деген секторлору — кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай. Былтыр алар ИДПнын 73 пайызын түзгөн.2010-2021-жылдары экономиканын өсүшү 3,2 пайызды түзгөн. Мындай өсүш кызмат көрсөтүү тармагын камсыздаган (1,3 пайыз).2010-жылдан тарта реэкспорттук ишмердүүлүк тигүү тармагынын өнүгүүсү менен шартталган. Ал республикада экспорттун көлөмү боюнча алтындан кийинки эле, тагыраагы, экинчи орунду ээлейт.Мамлекеттик бюджеттин ИДПга карата көлөмү Борбор Азияда максималдуу деп эсептелет. 2017–2021-жылдары болжол менен өлкөнүн кирешеси Ички дүң продукциянын 32,1, ал эми чыгаша бөлүгү 34,4 пайызын түзгөн. Аймактагы башка мамлекеттерге караганда Кыргызстанда бюджет аркылуу улуттук кирешенин ири көлөмү бөлүштүрүлөт.
https://sputnik.kg/20221111/eaeb-borbor-aziya-olkolorunun-integratsiyasyn-onukturuuchu-format-1069879594.html
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066955003_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_6c75e134727f70258d1a1992065c4fc0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
борбор азия, кыргызстан, еаэбдеги кыргызстан, евразиялык өнүктүрүү банкы, идп
борбор азия, кыргызстан, еаэбдеги кыргызстан, евразиялык өнүктүрүү банкы, идп
21 жылда өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү кандай өзгөрдү? Инфографика
Евразиялык өнүктүрүү банкынын докладында эксперттер Кыргызстан тууралуу өзүнчө анализ жасашкан.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Евразиялык өнүктүрүү банкы "Борбор Азиянын экономикасы: жаңы көз караштар" деген аталыштагы баяндама даярдаган. Докладда, андан сырткары, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн таблицасынан сырткары Кыргызстанга арналган бүтүндөй бир блок бар.
Көлөмдүү жана ийкемдүү эмгек рыногун калыптандыруу экономикалык туруктуу өнүгүүгө кошумча түрткү берет. Жумуш орундарын түзүү калктын санынын көбөйүшүнө карай алганда артта калып, эмгек миграциясына алып келүүдө. 2014–2021-жылдары мигранттардын которгон акчасы Ички дүң продукциянын (ИДП) 24 пайызын түзгөн. Кыргызстанга түшкөн каражаттын көбү Россияда иштеп жаткандар тарабынан жиберилген.
XX кылымда түзүлгөн гидроэнергетикалык инфраструктура модернизация жана капиталдык активдерди жаңылоону талап кылат.
Экономиканын маанилүү деген секторлору — кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай. Былтыр алар ИДПнын 73 пайызын түзгөн.
2010-2021-жылдары экономиканын өсүшү 3,2 пайызды түзгөн. Мындай өсүш кызмат көрсөтүү тармагын камсыздаган (1,3 пайыз).
2010-жылдан тарта реэкспорттук ишмердүүлүк тигүү тармагынын өнүгүүсү менен шартталган. Ал республикада экспорттун көлөмү боюнча алтындан кийинки эле, тагыраагы, экинчи орунду ээлейт.
Мамлекеттик бюджеттин ИДПга карата көлөмү Борбор Азияда максималдуу деп эсептелет. 2017–2021-жылдары болжол менен өлкөнүн кирешеси Ички дүң продукциянын 32,1, ал эми чыгаша бөлүгү 34,4 пайызын түзгөн. Аймактагы башка мамлекеттерге караганда Кыргызстанда бюджет аркылуу улуттук кирешенин ири көлөмү бөлүштүрүлөт.
11 Жетинин айы 2022, 12:57