Карыке Абдраевдин уулу: атам Талас, Ысык-Көл облустарын түзүүгө көп эмгек жумшады

© Фото / из семейного архива АбдраевыхМамлекеттик жана саясий ишмер Карыке Абдраев жубайы менен. Архивдик сүрөт
Мамлекеттик жана саясий ишмер Карыке Абдраев жубайы менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Жазылуу
Быйыл мамлекеттик ишмер Карыке Абдраевдин 90 жылдыгы белгиленди. Ал инсан өлкөнүн өнөр жай тармагында бир топ жыл эмгектенип, өндүрүшкө зор салым кошкон.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мамлекеттик жана саясий ишмер Карыке Абдраевдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу баарлаштык. Редакцияда мейманда уулу Анвар Абдраев болду.
Карыке Абдраев 1961-1967-жылдары эмгек жолун республиканын Чарба министрлигинин өнөр жай башкармасынын жетекчиси кызматынан баштап, СССР Жогорку Кеңешинин депутатына чейинки бир топ жооптуу кызматтарда иштеген.
© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик жана саясий ишмер Карыке Абдраевдин уулу Анвар Абдраев
Президент Союза банков КР Анвар Абдраев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Мамлекеттик жана саясий ишмер Карыке Абдраевдин уулу Анвар Абдраев
— Атаңыз Ысык-Көлдө төрөлгөн экен. Балалыгы кандай өткөн?
— Атам Карыке Абдраев 1932-жылы 6-октябрда төрөлгөн. Жакында 90 жылдык мааракесин белгилеп, мамлекеттик телеканалдарда кыска даректүү тасма көрсөтүлдү. Атам Корумду айылында чонойгон. Үйдүн жалгыз уулу болгондуктан ата-энеси эркелетип, катуу сөз айтпай, апасынын чыпалагы да тийбептир. Биз төрт эркек бир тууганбыз. Атам өмүрү өткөнчө бизге да жаман айтпай эркелетип өстүрдү. Ачуусу келгенде бир эле карап койчу. Мен да балдарыма катуу айтпайм. Азыр аларга "силердин чоң аталарыңар ушундай киши болчу. Эч качан балдарды урушпагыла, кол тийгизбегиле. Сөз менен гана түшүндүрүү керек" дейм. Негизи баланы урбай сөз менен тарбиялаган япондордун, еврейлердин ыкмасы деп айтышат. Мен ага кошулбайм. Кыргыздар деле ошентип тарбиялаган. Атам өзү согуш жылдарына туш келген бала кези тууралуу көп айтчу эмес. Чоң апамдан гана угуп калчумун. Өзүм улуу небере болгондуктан чоң ата-чоң эненин колунда тарбиялангам. Ал кезде ата-энем окуп-иштеп, салт да ошондой болуптур, он жашымда гана ал киши менин агам эмес атам экенин билгем. Чоң апам атамдын кичинесиндеги көп кызыктарды айтып берер эле. Бир ирет атам уйга барып, ойноп кетип калат. Ошондо апасы бир аз урушуп койгон экен. Анан эле таарынып чыгып кетип атам жок, сарсанаа болуп бир күн кечке издешет. Чоң атам кемпирин аябай тилдеп, тим эле ыйлаганга чейин барышат. Чаң-тополоң болуп жүрүшүп атамды жыйылган чөптүн үстүндө уктап жаткан жеринен табышыптыр. Ошондон кийин коркуп калышкан экен, бөпөлөп өстүрүшүптүр. Атамдын мүнөзү да ушуга жараша калыптанган да. Эч качан бирөөгө катуу сүйлөгөн эмес.
Кесиптештери, кол алдында иштегендер да "атаңыз катуу сүйлөбөгөн жумшак адам болчу. Биз ал кишини абдан жакшы көрчүбүз" деп калышат.
Жусуп Абдрахманов менен чоң атам дос экен. Аяш уулу төрөлгөндө ал киши тай энчилептир. Ушул кишинин батасын алган атам кийин эки облусту түзүп, министр болуп, Кыргыз ССРинин, СССРдин депутаты болгону да бекеринен эмес го.
© Фото / из семейного архива АбдраевыхАнвар Абдраев: Кесиптештери, кол алдында иштегендер да "атаңыз катуу сүйлөбөгөн жумшак адам болчу. Биз ал кишини абдан жакшы көрчүбүз" деп калышат.
Государственный и политический деятель Карыке Абдраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Анвар Абдраев: Кесиптештери, кол алдында иштегендер да "атаңыз катуу сүйлөбөгөн жумшак адам болчу. Биз ал кишини абдан жакшы көрчүбүз" деп калышат.
— Атаңыз Москвадан окууну бүтүп келгенден кийин Ысык-Көл облусунан эмгек жолун баштап жатат да?
— Атам эжесинин колунда окуп, Бишкектен №5 мектепти бүткөндөн кийин 1950-жылы Москвага Алексей Косыгин атындагы текстиль институтуна өтөт. Ошол кезде атасы айылдан торпок сатып, жол киресин колуна карматып, калганын капчык тигип мойнуна байлап берип "эми бир жылга чейин келбейсиң, ачка калбай бекем бол" деп узатат. Ал убакта чоң шаарга аймактан келгендерди алгач мончого алып барып жуунтушчу. Бизди деле ошенткен. Анан атам да акчасын чемоданга салып коюп, жуунуп кайра келсе тыйыны жок. Баарын жанындагы чоңураак балдар эле алып коюшуптур. Ошону менен институтту бүткүчө кара нан менен картошка жейт. Аны кийин окууну бүтүп келгенде апасына айтып бериптир. Чоң апам ыйлап айтып берчү эле. Ошондо көңүлү калган го, атам кара нан менен картошка такыр жечү эмес. Бекетте вагонго жүк ташып жанын багып, окууну бүтүптүр. Бир жылы акчасы жок үйүнө келбей да калыптыр. Иши кылып согуштан кийинки оор жылдарда бардык сыноону көтөрүп, окууну артыкчылык менен бүтүп келген. Алгач эмгек жолун мастерликтен баштады. Отузга чыга электе жеңил өнөр жайынын башчысы болуп, көп өтпөй министрликке орун басар болуп кетет. Талас облусу менен Ысык-Көл облусун түзүүгө көп эмгек жумшады. Көлдө да пансионаттардын, тоок фермасынын, эт комбинатынын салынышына салымы чоң. Азыр ошол мекемелердин көбү талкаланып кетти.
Атам жумушу же көйгөйлөрү тууралуу бизге эч нерсе айтчу эмес. Баары жакшы деп гана койчу. Машинасынын ичинде дайыма сакал алуучу, жуунуучу каражаттары салынган сумка турчу. Күнүнө таң атпай туруп, жумушка 6:30да кетчү эле. Абдан боорукер болгондуктан айдоочусун ойготкусу келбей жумушуна 10 кварталды жөө басып барчу. Апам "сактык үчүн деле айдоочуңду чакырбайсыңбы, ботом?" десе, "койчу, жаш балдар уктасын" дегенин укчубуз. Түндө саат 11-12лерде келгендиктен атабызды көрбөй деле калган күндөр көп болду. Атам чынында мамлекетке кымындай да карасанатайлык кылбай ак кызмат кылды. Ал кездеги жетекчилер креслодо эмес, талаа-түздө күнү-түнү иштеди. Төрөбай Кулатов, Жусуп Абдрахманов, Турдакун Усубалиевдин ишин уланткан ушул кишилер болду да. Кээ бирде Фрунзеден Балыкчыга атам менен чогуу барып калчумун. Бара жатып ар бир жердин маселесине токтолуп, сугат көйгөйүн чечип, ар жерде райкомдон бери чакырып жыйын кылып жиберчү. Ошону менен 11-12 саатта жетчүбүз. Ичимден автобус менен эле кете бербей деп кейип да алчумун (күлүп).
© Фото / из семейного архива АбдраевыхАнвар Абдраев: Атам жумушу же көйгөйлөрү тууралуу бизге эч нерсе айтчу эмес. Баары жакшы деп гана койчу.
Государственный и политический деятель Карыке Абдраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Анвар Абдраев: Атам жумушу же көйгөйлөрү тууралуу бизге эч нерсе айтчу эмес. Баары жакшы деп гана койчу.
— Талас облусу кантип түзүлүп калган?
— 1980-жыл экен. Атайын нормативдин негизинде Токтогул, Чаткал району, Кара-Көл шаары Таласка кирет. Ошол убакта Күрп-Сай ГЭСи салынып калат. Ал убакта түштүктө Ош облусу эле бар. Чаткал эң алыс район болчу. Ошол жылдары атам Чаткалга барса электр жарыгы жок, жол салына элек экен. Ошондо "совет өкмөтү уюшулганына 60 жыл болсо да бул эмнеси" деп электр жарыгы менен жол алып барган. Акырындык менен радио түйүндөрүн жеткирип, мектеп, бала бакчаларды салдырып аябай жардам бериптир. Ушуга чейин Таластын эли баа берип, атам тууралуу жакшы сөздөрүн айтып калышат. Көп эмгеги бар.
— Чыңгыз Айтматов менен да мамилеси жакшы болгон экен...
— Ооба. Шекерге мектеп салгандагы окуяны айтып берейин. Москвадан сабактан кийин мейманканага келип отурам. Атам ана келет жок, мына келет жок. Бир убакта эки-үч саат кечигип, кечки саат 9:00дө келди. Көрсө Чыңгыз Төрөкулович экөө жолугуп, көпкө сүйлөшүп отуруп калган экен. Ал киши кичи мекенине мектеп салып берүүнү убада кылып, бирок ишке ашпай жатыптыр. Ал кезде мектеп же бала бакча болобу, баары Москвадан мамлекеттик пландын негизинде чечилчү. Атам советтик депутат катары пландык бюджеттин комиссиясында эле. Ошентип пландан тышкары акча бөлүп Шекердеги мектепти салдырган.
Негизи Турдакун Усубалиев менен жакшы мамиледе эле. Азыр суу боюнча да көп сөздөр айтылып жатпайбы. Атамдын айтуусунда, Казакстандын Жамбыл облусу менен бир маселе чечилбей, андан улам алар Кыргызстанга жибере турган жүктү жөнөтүшпөйт. Атам Усубалиевге чалып, Киров суусун жабууну айтат. Ал киши макулдугун берип, "бирок мага шылтаба" дейт. Ошентип сууну жаап салышат. Анан эле тоготпой жаткан немелер чалып башташты дейт. Жардамчыларына "жок" дедирип такыр албай коюптур. Арадан эки саат өтпөй Жамбыл облусунун башчысы жардамчылары менен жетип келип, ага чейин Таластын кайда экенине да кызыкпаган немелер "Карыке, эмне болду?" деп чыйпылыкташат. Оңолуп жатат деп шылтоолоп, аларга бир топ маселени чечтирип алган экен. Анын арты менен жүк да келиптир. Ошондон кийин ал КП БКнын обкомунун катчысы экөөнүн мамилеси жакшы болгон. Суу деген алтындан да баалуу. Анын арты менен бир топ маселени жолго коюуга болот.
© Фото / из семейного архива АбдраевыхАнвар Абдраев: атамдын Апсамат Масалиев, Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов менен мамилеси жакшы болчу
Государственный и политический деятель Карыке Абдраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Анвар Абдраев: атамдын Апсамат Масалиев, Турдакун Усубалиев, Чыңгыз Айтматов менен мамилеси жакшы болчу
— Андан кийин министр болуп борборго кетти да?
— Таласта алты жыл иштегенден кийин атамды өнөр жай министри кылып борборго алып келишет. Турдакун Усубалиев да атамды колдоп, жол көрсөткөн.
Кийин атам Ысык-Көлдө обкомдо иштеп турганда КП БКнын өнөр жай боюнча катчысы Апсамат Масалиев менен үч жыл жакшы иштешти. Аябай жоош, сөгүнүп-сагынбаган сыпаа кишилер эле. Үй-бүлөсүн мурунтан эле таанычубуз. Бүгүнкүгө чейин балдары Исхак, Муса Масалиевдер менен катышабыз. Турдакун Усубалиевдин уул-кыздары менен да мамилебиз түз. Биз бул жагынан ата-энебизден үлгү алдык. Алар өлкөгө жан дили менен күйүп турушчу. Анткени өз колдору менен курушкан. Менчиктештирүү бул кишилерге катуу тийди. Менимче, мындай мамлекеттик ишмерлердин ишке, мекенге мамилеси, кандай иштерди кантип жасагандыгы тууралуу келечек муундарга, өсүп бараткан жетекчилерге арнап даректүү тасма тартуу керек. Мамлекет ишеним көрсөтүп жаткандан кийин жетекчилер күнү-түнү иштеп, элге маалыматты так бериши керек деп эсептейм. Айрым министрлер өз чарбасындагы маселелерди билбейт. Бул — уят иш.
© Фото / из семейного архива АбдраевыхАнвар Абдраев: атамдын деңгээлине жеткен жокмун. Бирок сыймыктанам.
Государственный и политический деятель Карыке Абдраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Анвар Абдраев: атамдын деңгээлине жеткен жокмун. Бирок сыймыктанам.
— Мыктыларды жөндөмүнө карай тармактарга чакыртып барып иштетишкен экен. Мындай жетекчилердин артында тылы да бекем болгон эмеспи...
— Ооба. Атам Корумдудан, апам Чүйдөн. Таятам жетим өскөнүнө карабай 16 жашында колхоздун директору болуптур. Айылдагы жалгыз сабаттуу киши экен. Таятамдын беш кыз, бир эркеги бар. Апам атамдан эки жаш кичүү. Экөө бир мектепте окуп, Совет көчөсүндөгү бир короодо туруп калат. Ошондо таанышышкан. Бирок экөөнүн мамилеси кандайча башталганын сурагандан уялчумун. Үйдөгү тиричилик, балдарды тарбиялоо, бардыгы апамдын колунда болду. Артындагы тылынын бекем колдоосу болбосо эркек кишиге кыйын болуп калат.
Атам 77 жашында каза болуп калды. Ал кишинин эмгегине эл баасын берди. Атам жөнүндө эч жерден жаман сөз уга элекмин. Дайыма мага турмушта жол көрсөткүч болду. "Атам 20 жашында эмне жасады эле, 30унда эмнеге жетишкен?" деген сыяктуу суроону өзүмө бердим. Албетте, ал кишинин деңгээлине жеткен жокмун. Бирок сыймыктанам.
Залкар инсан, мамлекеттик ишмер Батыш Салиева үйбүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2022
Батыш Салиеванын кызы: апам жанды сабап иштөө керек деген принцип менен жашады
Кыргыз элинин дагы бир көрүнүктүү уулу, жазуучу, прозаик, саясатчы, коомдук ишмер Казат Акматов уулу Азим менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Казат Акматовдун уулу Азим: атама апам менен жарашпай койгондо катуу таарынгам
Жаңылыктар түрмөгү
0