Албууттанган бет тырмоочулуктан тажадык. Мугалимдин күндөлүгү

© Фото / Pexels / Max Fischer Мугалим мектепте сабак учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Мугалим мектепте сабак учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Жазылуу
Мугалимдердин маянасы көтөрүлүп, коомчулуктун мамилеси да өзгөрүп жатат. Балдарга билим берген бул асыл кесиптин ээлеринин баркы көтөрүлсө экен дейбиз. Бул үчүн педагогдор да изденип, болгон билимин окуучусуна берүүгө, мыктылыгы менен үлгү болууга далалат жасашы керек.
Sputnik Кыргызстан редакциясы окутуучулардын үнүн коомго жеткирүү, бүгүнкү күндү алардын көзү менен карап көрүү максатында "Мугалимдин күндөлүгү" рубрикасын сунуштап келет. Мында ар бир мугалим мектептеги, коомдогу жүрөгүн өйүгөн, кесибине байланышкан маселелерди кагаз бетине түшүрүп, окурман менен ой бөлүшө алат.
Бул сапар борбордогу мектептердин биринде иштеген мугалим күндөлүгүн жөнөткөн.
...Күздүн экинчи айында аба ырайы да көңүлгө толуп, мектепте окуучулардын чейректик баалары журналга коюлуп, жайнаган отчётторду завучтарга тапшырып, айтор, ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Күзгү каникул башталып, окуучулар тарап кетишкен. Биздин иш күндөрүбүз кадимкидей эле уланып жатат. Адатта ар бир мугалим сабак берген класстарынын журналдарын алып отчёттук эсеп-кысабын жазып, чейректин жыйынтыгын чыгарат. Ар бир журналга толугу менен жазып чыгууга ыңгайлуу болушу үчүн атайы бир кабинетке жалпы бардык мугалимдер чогуу отуруп алып иштейбиз. Бул иш процесси дайыма ар бир чейректин соңунда кайталанып турат. Бүгүн да баарыбыз чогуу отуруп жыйынтык отчётторду жазып баштадык. Аңгыча арабыздагы бирөөнүн телефону чырылдап калды. Бул мугалим пенсия жашына жетип калган улуу эже эле. Телефонуна бирөө чалганда дайыма үнүн чоңойтуп сүйлөшөт. Мүмкүн кулагына күч келтирбейин дегениби, же кулагы ооруйбу, айтор, ушул абалда бул жолу да жооп берип калды. "Алоо, бул ким?". "Алоо, саламатсызбы эжеке, мен Мединанын атасымын. Сиз менен кызымдын чейректик баалары жөнүндө сүйлөшөйүн дегем. Кызым күндө уктабай түн жарымына чейин сабакка даярданат. Ошого карабай кыргыз тили менен кыргыз адабияты сабактары аябай начар натыйжаларды бериптир. Мугалими башка окуучулардын көзүнчө ар кандай жаман сөздөрдү айтып урушат экен. Бул кандайча? Мен директоруңарга кирем. Башка сабактардан жакшы болуп ушул сабактан эле жетишпептир. Муну ордуна койбосом болбойт окшойт. Мен муну жөн койбойм. Керек болсо ал мугалимди жумуштан да кетиргенге алым жетет", — деп телефонун аркы жагында бакылдап жатты. Мугалим да "коё турсаңыз, мүмкүн ал сабактан чындап эле жакшы билбей жаткандыр. Эмнеге дароо мугалимди күнөөлөп жатасыз. Бул бүтүрүүчү класс болгондуктан ата-энелер аябай жакшы көзөмөлгө алышыңар керек болчу. Ал эжей антип окуучулардын аброюн түшүрүүчү киши эмес эле. Өтө тажрыйбалуу, мыкты мугалимдердин бири. Эртең келиңизчи, адегенде ал кишинин өзү менен сүйлөшүп көрүңүз. Ачууга алдырбаңыз", — деген сөздөрдү айтып, акырын коштошуп, телефонун өчүрдү. Бул сүйлөшүүгө аргасыздан күбө болгон бардык мугалимдер адегенде жым отурушуп, анан бирөө: "эже, атасынын коркутуп сүйлөгөнүнө караганда бул кызыңыз аябай укмуш окуган окуучу окшойт ээ", — деди. Анда класс жетекчиси чарчаган маанайда көңүлсүз: "Жок, мен бул кыздын чейректик бааларын бир аз жогорулатып коюуларын мугалимдерден суранып чыктым эле. Кап, бекер ошенткен экенмин. Эми минтип жок жерден жалаага калып отурам", — деп ыргылжың болуп отуруп калды.
Мен болсо адатымча терең ойго кеттим. Деги заманабыз кайда барат? Жыл өткөн сайын жаш муундун билим деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөп баратат. Ата-энелер балдарына туура тарбия бергендин ордуна илим берип, окутуп жаткан мугалимине каршы тукуруп отурушат. "Энеси болушчаактын кызы ыйлаак" деген биз болдук. Азыр бийик интеллект, терең билими менен сыймыктанбай, көтөргөн кымбат смартфондору менен мактанып жүргөн заман болуп калды. Азыркы ата-энелер балдарынын билим деңгээлин текшергендин ордуна мугалимдердин ишин тескешет. Канчалык кара жаныңды карч уруп иштеп, окутканга аракет кылсаң деле берегидей ата-энеден тарбия алган бала сенден кандай билим алмак эле. Бара-бара мугалимдер да кайдыгер боло башташат. Бере турган мөмөлөрү азайып, түшүмү да өз маңызын жоготпосо болду. Бул көрүнүш бардык мектепке тийиштүү. Чынында чарчайсың. Айрым ата-энелерге түшүндүргөндөн көрө кенедей окуучуга айтсаң бат кабыл алат. Обу жок албууттанган бет тырмоочулуктан мугалимдер тажады. Коомдогу адам өз катасын билбей, бирөөгө асылган адат алгач мугалимдерге залакасын тийгизип жатат.
Эртең жанагы Мединанын атасы келип кыргыз тил мугалимине эмне дейт болду экен деген бүшүркөө менен отчётумду бүтүп-бүтпөй сыртка чыктым.
Көчөдө бараткан аял жана окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Ата-эненин бала менен сырдаш болгону көп азгырыктан сактайт. Мугалимдин күндөлүгү
Жаңылыктар түрмөгү
0