00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
45 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
НДС на корма или почему кыргызская форель может подорожать
08:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо аркылуу инвестициянын көлөмү өсөт — стартаптарга басым жасалат
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Бишкектик студент дүйнөгө белгилүү оюнду кыргызча сүйлөттү
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
«Тамчы» финансылык инвестициялык аймагы: алдыга кандай максаттар коюлган?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жашыруун статистика: Кыргызстанда жыныстык инфекциялардын чыныгы абал кандай?
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сууну биз тазалабайбыз. Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча нааразылык тууралуу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
Аталган маселе жалпы коомчулукта ача пикир жаратып келет.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычын өзбек тарап менен биргелешип башкарууда Кыргызстан эч кандай чыгым тартпайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Эскерте кетсек, 31-октябрь күнү Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кемпир-Абад боюнча эки тараптуу макулдашууну жактырган. Бирок айрым депутаттар буга каршы пикирин билдирүүдө. Маселе жалпы коомчулукта да ача пикир жаратып келет.
Кабарчы президенттен айрым депутаттар, тагыраагы, Адахан Мадумаров "Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен" деген маанайда ЖМКга жасаган билдирүүсүн кандай кабыл алганын сураган.
"Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай отура берип теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болорун билбейт. Форс-мажор боюнча, ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жаан жаап, Сузак районунда айылдарыбызды сел алып кетти. Өзбек тарапты жаба тургула деп сууну жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонталь бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 сантиметрге жогорулайт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коёт. Ушундай учурларды гана", — деди Жапаров.
Президент азыр Кыргызстан плотинаны башкарууга кирип жатканын, жогорудагыдай маселе жаралса эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете берерин белгиледи. Анын айтымында, суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.
"Ал эми "сууну биз тазалап берет экенбиз" дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз. Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ой ишке ашпайт", — деди президент.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Коомдогу жаралган нааразылыктан улам президент Садыр Жапаров да кайрылуу жасап Кыргызстан бул келишимден тескерисинче утушта экенин белгилеген.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Эркелегендин чеги бар! Жапаров Кемпир-Абад боюнча чуу түшкөндөргө эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0