https://sputnik.kg/20221031/akylbek-zhaparov-batken-ajyl-okmot-bashchy-1069538325.html
Акылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген айыл өкмөттөрү иштен кетет
Акылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген айыл өкмөттөрү иштен кетет
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт башчы айыл өкмөттөрдү элге пайда алып келе турган долбоорлорду иштеп чыгууга чакырган. 31.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-31T15:13+0600
2022-10-31T15:13+0600
2022-10-31T15:16+0600
кыргызстан
баткен
акылбек жапаров
жумушчу
сапар
айыл өкмөтү
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1f/1069538064_308:518:2542:1775_1920x0_80_0_0_82d94361d8422af525e52066baf36295.jpg
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.Анда Жапаров өлкөдө 453 айыл өкмөттүн 377си дотацияда турганын белгилеген.Ал айыл өкмөттөрдү Кадамжай районундагы Алга кадам массивине канал куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды."Тоо аркылуу узундугу 25 чакырым болгон канал курулган. Долбоордун жалпы наркы 2,9 миллиард сомду түзөт. 50 пайызын мамлекет, калган жарымын ишкерлер каржылайт. Биз аймактардагы келечектүү демилгелерге жана долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деген ал.Жапаров жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Марказ айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, келерки жылы айылда дагы бир мектеп курула турганын айткан.
https://sputnik.kg/20221019/ehldar-abakirov-ehkonomika-maegi-1069123320.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1f/1069538064_386:418:2462:1975_1920x0_80_0_0_7f2a5fffdceaf4d136eccf25f13a874d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен, акылбек жапаров, жумушчу, сапар, айыл өкмөтү
кыргызстан, баткен, акылбек жапаров, жумушчу, сапар, айыл өкмөтү
Акылбек Жапаров: эски ыкма менен иштеген айыл өкмөттөрү иштен кетет
15:13 31.10.2022 (Жаңыртылды: 15:16 31.10.2022) Өкмөт башчы айыл өкмөттөрдү элге пайда алып келе турган долбоорлорду иштеп чыгууга чакырган.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында айыл өкмөт башчылары менен жолугушуу өткөргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда Жапаров өлкөдө 453 айыл өкмөттүн 377си дотацияда турганын белгилеген.
"Өткөн жылы Бишкек шаарында жолукканда сиздерге тапшырмалар берилген. Бирок иш талаптагыдай аткарылбай жатат. Кадрларды аттестациялоо жана ротациялоо иштери жүргүзүлдү. Анткен менен эки жылдан бери ишиңиздерде жылыш байкалбай, мурдагыдай эле эски ыкма менен иштеп жатасыздар. Бир жыл өттү, жыйынтык чыгарууга убакыт келди. Сыйлыкка татыктууларга сыйлык беребиз, эски ыкма менен иштеп, натыйжа көрсөтө албагандар менен коштошобуз. Элге эң жакын бийлик бул жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү калктын, аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү милдети сиздерге жүктөлгөн", — деди өкмөт башчы.
Ал айыл өкмөттөрдү Кадамжай районундагы Алга кадам массивине канал куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгууга чакырды.
"Тоо аркылуу узундугу 25 чакырым болгон канал курулган. Долбоордун жалпы наркы 2,9 миллиард сомду түзөт. 50 пайызын мамлекет, калган жарымын ишкерлер каржылайт. Биз аймактардагы келечектүү демилгелерге жана долбоорлорго мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даярбыз", — деген ал.
Жапаров жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Марказ айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, келерки жылы айылда дагы бир мектеп курула турганын айткан.

19 Тогуздун айы 2022, 15:05