"Альфачылардын" жагдайдан улам террорчулар менен куралсыз кармашкан учуру болгон. Маек
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа""Альфа" атайын багыттагы бөлүгү. Архив
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"
Жазылуу
1992-жылы 27-октябрда атайын багыттагы "Альфа" бөлүгү түзүлгөн. Арадан 30 жыл өттү. Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоодо аталган кызматтын ролу чоң жана абдан маанилүү.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн уюштургандардын бири, генерал-майор Артур Медетбеков менен баарлашты. Биз ушул убакыт ичинде аталган кызматтын аткарган иштери жана жетишкендиктери тууралуу сөз кылдык.
— "Альфа" кандайча түзүлүп калган?
— Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин өлкөнүн коопсуздугун, бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн коргоого багытталган оперативдүү атайын ыкчам топ түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул Террорчулукка каршы борбор деп аталат. Москвада мурда "Альфа" атайын кызматы болгон жана анын ыкмасынын негизинде союздан тараган көп мамлекеттердин атайын кызматтары "Альфа" деп аталган. Бара-бара "Альфа" көптөгөн ири операцияларга катышат. 1999-жылы Кыргызстандын айыл-кыштактарын эл аралык деңгээлдеги террордук уюмдар басып киргенде жана япон жарандары менен кошо айыл тургундарын туткунга алганда "альфачылар" Баткенде 3,5 ай согушуп, туткундарды куткаруу боюнча атайын операцияларга да катышып, кыйынчылыкты баштан өткөргөн.
— Негизги милдеттери террорчулук менен күрөшүү дедиңиз. 1992-жылдарга токтолсоңуз...
— Афганистанда ошол убакта эле диний-экстремисттик уюмдар абдан күчөп бийликти басып алышкан. Коңшу Тажикстанда да жарандык согуш башталып, диний чөйрөдөгү Абдулло Нури, генерал Мирзолор бир тарап, бийлик экинчи тарап болуп жети жыл согуш болгон. Ошол убакта ал жактагы террордук, экстремисттик идеялар Борбордук Азияга кооптуулук жаратышы ыктымал эле. Ошондой эле Хизбут-Тахрир өңдүү диний-экстремисттик уюмдун идеялары да коркунуч туудурган. 1991-1992-жылдары "Өзбекстан ислам кыймылы" деген динге жамынган террордук уюмдун ана башчылары Тахир Юлдашев, Жумабай Наманган Тажикстандагы каршылыкты колдоо уюмдары менен мамлекеттик кызматкерлерге катуу каршылык көргөзгөн. Андыктан өз убагында ошондой уюм түзүү туура чечим болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК мурдагы орун басары, "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн уюштургандардын бири, генерал-майор Артур Медетбеков
УКМК мурдагы орун басары, "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн уюштургандардын бири, генерал-майор Артур Медетбеков
— Техникалык камсыздоо тууралуу эмнелерди айтууга болот?
— Жаңы түзүлгөндө кызматкерлер аз жана бүгүнкүдөй бронежилет, атайын санариптик рация, сооттолгон машина, компьютердик жана техникалык жабдыктар жок болчу. Бирок эл-жерди коргоого далалаттанган жоокерлер, афган согушунун ардагерлери, спорттун чеберлеринен топтолгон ыкчам топ түзүлгөн.
— Алар кандай негизде кызматка алынат?
— Аталган кызматка жигиттердин жашы 22ден 30 жашка чейин болушу керек. Негизинен "Альфа" антитеррордук уюмуна кызматка алуу үчүн бүгүнкү күндө атайын өзүнүн дене бой жагынан даярдыгын караган, психологиялык жактан текшерген тесттери бар. Анткени алардын билими менен бирге милдеттүү түрдө ант алган же армияда кызмат өтөп жүргөн жигиттер болушу керек. Ошондой жаштар антитеррордук ардагердик коомдорго да кайрылышат. Аларга негизинен кандай тесттерден өтүү керектиги жана кайсы жагынан даярдык көрүү боюнча кеңештерди беребиз. Акыркы убакта мындайлар абдан көп. Негизинен патриот болуу керек. Бул жакка кызматка кирүү абдан татаал. Бирок алардын курамы да жардыруу иштерин жакшы билгендер, сапёрлор, көзгө атарлар, чет тилдерин жакшы билген жоокерлер биринчи кезекте каралат. Чет тилди, аскердик, компьютердик техникаларды мыкты өздөштүргөн талапкерлерге артыкчылык берилет.
— Соңку жылдарда "Альфа" кандай операциялары жүргүздү?
— 2006-жылы "Альфа" Тажикстандан качып келген террордук топту кармоодо абдан жогорку деңгээлди көрсөткөн. Алардын террордук акцияларына бөгөт коюп, бир нечесин кармады. Ошондо эки жоокер каза болуп калды. Жакында эле Баткендеги чек арадагы кагылуушуларда чек арачылар менен биригип Максат, Кулунду, Ак-Сай өңдүү айылдарды коргоодо эрдик көрсөтө алды. Алсак, "Альфа" Ворухтан кирген Тажикстандын аскердик тобу жана алардын ар кандай сакалчан, кара кийимчен топторун кубалап, кээ бирлерин жоготууга учуратты. Ошондой эле "Альфа" антитеррор тобунан, чек ара кызматынын "Бөрү" тобунан жана СОБРдун ардагерлеринен түзүлгөн топ Баткенге барып он күндөй кызмат кылып келишти.
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа""Альфа" атайын багыттагы бөлүгү
"Альфа" атайын багыттагы бөлүгү
© Фото / Международное объединение ветеранов антитеррористического подразделения "Альфа"
— Атайын бөлүктөргө мамлекет тарабынан түзүлгөн шарт, камкордук жетиштүү деңгээлдеби?
— "Альфа" атайын бөлүгүнө окшогон "Бөрү", "Шумкар" өңдүү топтор бар. Булар Коргоо министрлигине, Чек ара кызматына, Ички иштер министрлигине караштуу. "Альфа" антитеррор тобу Кыргызстанда террорчулукка аршы күрөшүү боюнча алдыңкы катарда болгондуктан көп учурда жоокерлер, офицерлер чет мамлекеттерде машыгуудан, ар кандай окуулардан өтүп келет. Мындан тышкары, жыл сайын ар кандай машыгуулар ЖККУга кирген өлкөлөрдүн ичинде да болуп турат. Ошону менен бирге булардын да курал-жарагын камсыздоо боюнча көп өзгөрүүлөр, алдыга жылуулар бар.
— Негизинен 30 жылдан бери "Альфа" тобунун потенциалдуу мектеби түзүлүп калды деп айтууга болобу?
— Чынында ардагерлер коому саны жагынан да, сапаты жагынан да акыл-насаатын айтып, тарбия берип, кошумча кеңеш айта турган учур келди. Ал боюнча ардагерлер коому иштеп жатат. Ошондой эле ардагерлер коомун кээде ар кандай ЖОЖдорго чакырып, ал жерден коопсуздук, террорчулук, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча лекциялар окулуп калат. Бирок атайын өзүнчө системалаштырган коом түзүүгө абдан көп каражат кетет. Ошентсе да анын мааниси терең жана бизге абдан керек.
— Идеологиялык окутуу жагынан кыргыз мектеби калыптандыбы?
— УКМКнын алдында коопсуздук кызматына иштей турган кызматкерлерди даярдоочу курс бар. Атайын мектепти түзүү боюнча практикалык түрдө жок, бирок "Альфанын" ардагери индивидуалдуу чакан курстарды өткөрүү менен бирге аткычтар кыймылын башкарып, армиядагы жоокерлерге жардам көрсөтүп ок атуунун практикалык федерациясын ачты. Тажрыйба топтоо үчүн ок атуу боюнча эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып жатышат. Атайын даярдыктан өткөрүү мектебин ачуу максатыбыз бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековУКМК мурдагы орун басары, "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн уюштургандардын бири, генерал-майор Артур Медетбеков
УКМК мурдагы орун басары, "Альфа" атайын багыттагы бөлүгүн уюштургандардын бири, генерал-майор Артур Медетбеков
— Атайын кызматтын ичинде кыз-келиндер барбы?
— Ачыгын айтканда кыз-келиндердин даярдыгы мыкты. Тилди, компьютерди билгенине карап алышат. Бирок көп эмес.
— Интернетте жоокерлердин атайын беретти алуу үчүн уюштурулган мушташтары чыгып, кызуу талкуу жаратты. Сиз деле көрүп калсаңыз керек?
— Куралдуу күчтөрдө, Коргоо министрлигинде да ар кандай тесттен өтөт. Ар бир жоокер же офицер моралдык-психологиялык жактан өзүн көрсөтүшү керек. Анткени ар кандай кырдаал болуп калат. 1999-жылы өзбек президенти Ислам Каримовго кол салынып, Ташкенттеги бир топ жардыруулардан 15-20 киши каза болгон. Өзбекстандын "Ислам террордук мамлекети" уюму качып кеткен. Ошондо бизге да маалымат түшүп, 12-кичи райондогу үч бөлмөлүү батирден жанагы уюмдун мүчөлөрүн кармоо операциясы жүргөн. Анда кадимкидей мушташ болгон. Анткени бөлмө чакан болгондуктан ал жерде курал колдонууга ыңгайсыз. Атайын бөлүктүн жоокерлери кадимки мушташтан террорчуларды жеңип, алып чыгып кеткенбиз. Ушундай да учурлар кездешип калат.
— Аталган кызматтын келечеги кандай болушу керек?
— Антитеррор тобу кандай кырдаал болсо да жоопкерчиликти алып, даяр болушу керек. Бул үчүн техникалык, курал-жарак жагынан камсыздалышы зарыл жана кызматтагылардын маянасы менен жашоо шарты жогорку деңгээлде болушу маанилүү. Ушул 30 жылда эки офицер атайын операцияда каза болсо, ону ар кандай оору-сыркоодон көз жумган.
Өлкөгө кандай гана мамлекеттик сый конок келбесин, антитеррорду эч качан саясатка аралаштырбаш керек. Себеби 2010-жылы ушундай окуяларга "Альфа" кызматкерлери дуушар болуп, бир катары отуруп чыгып, эки командир ишти моюнга алууга туура келди. Алар буйрукту толугу менен аткарышкан. Бирок экспертизада булардын коомчулукка ок атканы аныкталган эмес. "Альфачылар" эл үчүн, мамлекет үчүн гана кызмат кылышы абзел. УКМКнын кызматынын мыйзамы боюнча, атайын бөлүктүн офицерлери буйрукту аткарууга милдеттүү. Ошондуктан мындай учурда кылмыштуу буйрук бергендердин жоопкерчилигин кароо зарыл.