Кемпир-Абадды берген жокпуз, тескерисинче алып атабыз. Жапаров тарыхка токтолду
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской областиКемпир-Абад суу сактагычы. Архив
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Ошской области
Жазылуу
Мамлекет башчы келишимди эл көргөндөн кийин 99,9 пайызы колдой турганына "бөркүндөй ишенип турганын" айтты.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Биз Кемпир-Абадды берген жокпуз, тескерисинче алып атабыз. 1960-жылдардан бери плотинаны өзбек тарап башкарып келишкен. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигинеде берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, мындан ары 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкаруу макулдашылды. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпеши көзөмөлдөнөт, насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жапаров буга чейин мындай мүмкүнчүлүк болбогонун айтууда.
"Эми тарыхий-архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн 4127 гектар Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө", — деди президент.
Ошондой эле ал компенсация катары алынган жерлерге кайсы айылдар курулганын айтып берди:
Кадамжай районунун Көк талаа айылы 758 гектар;
Пылдырак айылы 255 гектар;
Араван районундагы Найман айылы 148 гектар;
Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар;
Аксы районундагы аэропорт 446 гектар;
Жетиген айылы 75 гектар;
Падыша-Ата-Сай айылы 5 гектар;
Кара-Дөбө айылы 45 гектар;
Ала-Бука районундагы Ажек-Тоого 1307 гектар.
Ошондой эле Жапаров 1965-жылкы келишимде суунун горизонту 908 деп бекигенин, азыр 900гө түшүрүп жатышканын белгиледи.
"Эгер суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. 900 горизонтко түшкөндө 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Демек, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактан", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары Кыргызстанга өткөнүн билдирди. Келишим Жогорку Кеңеште ачык, түз эфирде караларын айтып, элдин 99,9 пайызы колдой турганына "бөркүндөй ишенерин" белгиледи.