Америкалык аскерлер Баткенге эмнеге келди. Эксперттер АКШнын максаты тууралуу

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШнын аскер кызматкерлери. Архив
АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Жазылуу
Эксперттер Вашингтон аскердик аракеттерди сураштырып билүүгө умтулганын, ал эми делегациянын сапары Астанадагы үч тараптуу сүйлөшүүлөргө байланыштуу экендигин айтат.
Бир нече күн мурда Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган делегация келген.
Баткенде алар ӨКМ жетекчисинин орун басары менен жолуккан. Буга нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Кыргызстандын АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча макулдашуусу жоктугун, америкалыктардын келген максаты түшүнүксүз экендигин айткан.
© Фото / пресс-служба МЧС КР

Бир нече күн мурда Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган делегация келген

Бир нече күн мурда Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган делегация келген - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бир нече күн мурда Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган делегация келген

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Баткенде алар ӨКМ жетекчисинин орун басары менен жолуккан

Баткенде алар ӨКМ жетекчисинин орун басары менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Баткенде алар ӨКМ жетекчисинин орун басары менен жолуккан

© Фото / пресс-служба МЧС КР

Буга нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Кыргызстандын АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча макулдашуусу жоктугун, америкалыктардын келген максаты түшүнүксүз экендигин айткан

Буга нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Кыргызстандын АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча макулдашуусу жоктугун, америкалыктардын келген максаты түшүнүксүз экендигин айткан - Sputnik Кыргызстан
3/3

Буга нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Кыргызстандын АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча макулдашуусу жоктугун, америкалыктардын келген максаты түшүнүксүз экендигин айткан

1/3

Бир нече күн мурда Кыргызстанга АКШнын Борбордук командачылыгынын ресурстар жана анализ боюнча директору Роберт Унгер башында турган делегация келген

2/3

Баткенде алар ӨКМ жетекчисинин орун басары менен жолуккан

3/3

Буга нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Кыргызстандын АКШ менен аскердик кызматташуу боюнча макулдашуусу жоктугун, америкалыктардын келген максаты түшүнүксүз экендигин айткан

Sputnik Кыргызстан саясий эксперттерди кепке тартып, америкалык аткаминерлер менен аскер адамдарынын республикага жасаган сапарынын артында эмне тургандыгын айтып беришин өтүнгөн.

Аскердик аракеттерге баам салып, абалды билүү

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов жакында келген коноктор былтыр башталган сапарлардын сериясын уланткандыгын айткан.
© Sputnik / Табылды КадырбековСаясат таануучу Шерадил Бактыгулов
Политолог Шерадил Бактыгулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
"Бизге АКШнын Борбордук командачылыгынын жаңы жетекчилери, USAID, мамлекеттик департаменттин ар кыл делегациялары келип кетишти. Алардын бардыгы Баткенге олуттуу көңүл бурушту. Тагыраагы, америкалыктар чатак чыккан аймакка болуп көрбөгөндөй кызыкчылык артып жатышат. Бул албетте, кандайдыр бир кооптонууну жаратат: алардын эмне максат менен келгенин жана анын артында эмне тургандыгын билбейбиз да. Алардын Тажикстанга барып, тажик тарапка да сунуштарды жасап жаткандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Мындан сырткары, АКШ баңгизат трафиги жана Афганстандагы террорчулук кооптуулугу менен күрөшүү деген шылтоо менен Тажикстанга курал, ок-дарыны болушунча шыкап, андан сырткары, аскерлерди окутуп жатканын билебиз", — деди Бактыгулов.
Ал АКШнын делегация башчысы Борбордук командачылыктын Жакынкы Чыгыш, Борбордук жана Түштүк Азиядагы операцияларга басым жасаган өкүлү экендигин эске салды.
"Андыктан сапардын максаты согуштук кагылышууларды көрүп, эмне болгонун жакындан билип, байкоо салуу экенин боолголоого болот. Америкалык аскерлер тынчтыкты саясий көз караштан туруп эмес, согуштук аракеттердин театры катары баалап келген. Алар "өлкөлөр достук, ынтымакта жашашы мүмкүн, бирок чалгын менен армия андай боло албайт" деген принципте иш алып барышат. Андыктан АКШдан бизге кандай сунуштар түшпөсүн, улуттук коопсуздукту эстен чыгарбашыбыз керек. Мындан сырткары, Кыргызстан азыркы болуп жаткан геосаясий өзгөрүүлөр учурунда өзүнүн кызыкчылыктарын так, даана аныктап алышы керек. Биздин өлкөнүн аймагын АКШ менен Россиянын каршылашкан жерине айлантууга болбойт. Америкалыктар Украина сыяктуу Борбор Азияда да дестабилдүүлүк болушун каалайт", — деди саясат таануучу.
Путин, Жапаров жана Рахмондун сүйлөшүүсүнө жасалган реакция

АКШ аскер кызматкерлери Кыргызстанга эмнеге келди?

Евразия аналитикалык клубунун башчысы Никита Мендкович америкалыктардын бул сапары АКШнын Борбор Азиядагы абалды туруксуздаштырууга жасаган ишенимдүү кадамы деп эсептейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековПолитолог Никита Мендкович
Политолог Никита Мендкович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
"Көңүлүңөрдү бир нерсеге бурайын, де-факто – сапар туурасында маалымат эч жерде алдын ала айтылган эмес жана эч ким менен макулдашылбаган. Мындайча айтканда, делегация өздөрү билип эле чатактын аймагына кирип келди. Бул — жакында эле болгон Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлеринин Путин катышкан сүйлөшүүлөрүнө карата Вашингтондун реакциясы. Анда чатакты токтотуп, качкындарды кайрадан өздөрүнүн аймактарына кайтаруу, эң башкысы – РФтин катышуусу менен архивдик документтерге таянып чек аранын тилкесин адилеттүү аныктоо жолун издөө эле. Эске салсак, 2020-жылдан бери Бишкек жана Душанбе Москванын жардамынан баш тартып келген, бирок азыр ага макул болду. Бул кезегинде кыргыз-өзбек чек арасындагы бир катар тилкелердеги чатактардын чечилиши сыяктуу толук реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратат", — деп белгилеген Мендкович.
Ал 2015-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында кырдаал чыңалгандыгын эске салды.
"Ал кезде чек арага сооттолгон техникалар жайгаштырылып, снайперлер коюлуп, товар өткөрүү токтогон эле. Өзбекстан менен чектешкен аймактардын көбүндө демаркациялар ийгиликтүү жасалган. Тажик-кыргыз чек арасында да Россиянын катышуусу менен ошондой эле иштерди кылууга болот, бирок бул АКШга жакпай жатат. Жозеф Байдендин стратегиясында Штаттар Кытай, Россияга зыян болгондой кылып, Борбор Азияны туруксуздуктун очогу катары колдонушу керектиги туурасында айтылган. Буларды Вашингтон ачык эле касташкан душман катары карап келет. Андыктан америкалык аскерлердин кагылыш оту жанган аймактарга жасаган сапары булардын туруксуздаштыруу жана чатак чыгаруу жолун издегендигинен кабар берет. Алар эки мамлекет тең мүчө болуп турган ЖККУнун кадырын кетирүүгө, Россиянын тынчтык орнотуучулук аракеттерин бүлгүнгө учуратууга, аны Борбор Азиядагы чатакка көңүлүн буруу менен Украинадан алагды кылууга умтулууда", — деп түшүндүргөн эксперт.
Ал Москва Борбор Азияда абалдын тынч болуп турушун, ал эми Вашингтон бул аймакты Россия менен Кытайга каршы куралга айлантууну каалаарын айтты.
АКШ аскер делегациясынын Баткенге келиши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Өтө опурталдуу. Депутат АКШ аскер делегациясынын Баткенге келишинен чочулады
Жаңылыктар түрмөгү
0