Будапештте калпагыбыздан эле Кыргызстан деп таанышты. Туризм боюнча маек

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпон-Атада боорсок менен турган улуттук кийимчен кыздар. Архив
Чолпон-Атада боорсок менен турган улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Кыргызстанда туризм жаатында бир топ алгылыктуу долбоорлор ишке киргени тууралуу маалыматтар бар. Туристтердин арты менен каражат келгени жакшы, бирок экология да унутта калбашы зарыл.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов, туризмди өнүктүрүү фондунун эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаев конокто болду. Биз өлкөнүн бүгүнкү абалы жана алдыдагы пландар тууралуу кеп курдук.
— Жакында Көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндары Түркиянын Бурса шаарында болду. Кыргызстан маданиятын таанытууга Көчмөндөр оюндары жакшы аянтча болду эле. Бул ирет өлкөнүн туризмин таанытууга кандай шарт, мүмкүнчүлүктөр түзүлдү?
Самат Шатманов: — Көчмөндөр оюндарында негизинен кыргыздын салт-санаасын, үрп-адатын көргөзгөн улуттук оюндар коюлат. Бул туристтерди чакырууга абдан жакшы маркетингдик иш-чара. Туристтик эле эмес, жалпы көчмөн элдердин маданиятын, турмушун көргөзүү идеясы камтылган. Ошол себептен быйыл Түркияда өттү. Бурсада бизге да өз маданиятыбызды көргөзүүгө жакшы шарттар түзүлүп альянс берилген. "Манас" эпосу жаңырып турду. Көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү таанылып жатат.
— Жайкы туризм да жыйынтыкталды. Быйыл туристтердин саны да көп болгонун билебиз. Кайсы өлкөлөрдөн көп келишти?
С.Ш.: — Ооба, быйылкы жыл өзгөчө болду. Чек ара кызматынын берген маалыматына караганда, 2021-жылдын көрсөткүчүн быйылкы алты айдын жыйынтыгы менен эле толуктап отурабыз. Мисалы, 2021-жылы январдан-июлга чейин 1 852 412 адам келсе, быйыл 3 823 706 турист болду. Францияда, Будапештте, Японияда өткөн эксполорго катышып, ошол эле учурда Казакстанда, Өзбекстанда өткөн бир топ иш-чараларга барып жатабыз. Кыргызстандагы "Алай" дестинациясы жашыл туризм долбоорунун алкагында дүйнөдөгү мыкты 100 топко кирди. Бул жакшы жаңылык.
© Sputnik / Асель СыдыковаТуризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов
Директор департамента туризма при МКИСМП КР Самат Шатманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Туризм департаментинин жетекчиси Самат Шатманов
Чет өлкөдө өтүүчү ири жарманкелерге, эксполорго өлкөдөгү бизнестин өкүлдөрүн да ала барабыз. Бул туристтердин көбөйүшүнө түрткү берет. Мындан тышкары, Кыргызстандан Сеул, Будапешт өңдүү көп шаарларга түз каттамдарды ачтык. Республикада 50дөй курорттук, санаторийлик мекемелер бар. Коронавирустан кийин ден соолукту чыңдоо алкагында алардын ишин жандандырып, КМШ өлкөлөрүнө даңазаладык. Азыр да октябрдын ортосуна чейин орундар брондолгон. Жайы менен бош орун болгон жок. Чынында Кыргызстаныбыздын жаратылышы ден соолукту чыңдоочу касиетке ээ экен. Нарындагы Туз шахтасына туристтер жабыркаган өпкөнү калыбына келтирүү үчүн барып жатышат. КМШ мамлекеттеринин ичинен биз биринчилерден болуп коронавируска байланыштуу коюлган алгоритмдерди алып салдык. Арзан баадагы автобустарды жүргүздүк, бүгүнкү күндө алты айлык мөөнөттө туристтерден 188 миллион 170 миң сом салык түштү. Былтыр ички дүң продукцияга туризмдин кошкон салымы 3,2 пайызды түзсө, азыр алты айлык көрсөткүч менен 3,1 пайызды түзүп жатат. Быйыл беш пайыздан ашабыз деген максат бар. Акырындык менен туризмдин кышкы сезонуна өтүп жатабыз. Кыргызстанда 25 тоо лыжа базасы болсо, анын 17си иштейт.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" лыжа базасы. Архив
Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
"Каракол" лыжа базасы. Архив
— Чет мамлекетте өтүүчү эксполордон жыйынтык болобу?
С.Ш.: — Жакында эле Францияда өткөн жарманкеде жайкы жана кышкы сезонду талкууладык. Бизден барган он компания өз сунуштарын айтышты. Ал эми Токиодогу экспого жалпы 56 мамлекет жана Япониянын бардык ички компаниялары катышты. Ошол аудиторияга Кыргызстанды көрсөтүп, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан болуп Борбор Азиянын бир стендин даярдап, бирдиктүү каттамды көргөзүп бердик. Япондор бизди бир тууган катары көрөрүн айтып жылуу кабыл алышты. Көбү биздин тоолорубузга, жаратылышыбызга суктанды. Жазында Самаркандда өткөн иш-чарада түрк тилдүү элдердин бирдиктүү каттамын иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлүп, бардык логистика камтылган. Алгач Түркияга, андан Өзбекстанга, анан бизге учуп келишет. Биз өлкө ичиндеги логистиканы да түзүп жатабыз. Туркомпаниялар ошол берилген пакеттер аркылуу иш алып барышат.
Жыл башында Араб падышалыгына барып, Эр-Риядда жарманке уюштурдук. Кыргыздын тамак-аш, кол өнөрчүлүгүнөн баштап каада-салт, маданиятына чейин көрсөттүк. Жалпы 25 бизнес келишими түзүлүп, анын бешөө туризм багытында болду. Дубайдагы ири көргөзмөгө 12 компания катышып келишим түзүүгө жетишти. Азыр араб өлкөлөрү менен мамилебиз абдан жакшы.
2021-жылы реалити шоуларды тартуучу "Пекин экспресс" дүйнөлүк ири продюсердик компаниясын чакырып, бүгүнкү күндө жаратылыш шартында жашап кетүү боюнча Соң-Көлдөн реалити-шоу тарттырганбыз. Ал компания Европанын 12-13 миллион калкын камтыйт экен. Кийин Будапештке экспого барганда калпагыбыздан эле "Кыргызстан" деп тааныгандарды көрүп сыймыктандык. Быйыл Европадан да абдан көп турист болду, анын ичинен АКШдан 6 860 адам келген. Андан кийин Москвадагы ири жарманкеге катышып, мекенибиздин кооздугун 300 миңге жакын жөнөкөй жаранга жеткире алдык.
Туристтерге жакшы шарттарды түзүү боюнча да иштеп жатабыз. Быйыл 160 мамлекеттен велосүйүүчүлөр келип, жарыш уюштурдук. Ошондой эле Россиянын "Поедем, поедим" берүүсү келип, жаратылышыбызды тартып кетти. Башка да телеканалдар келип жатышат.
Тамада Руслан Байдылдаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Той башталарда үй ээси насыя алганын айтпай эле койгону жакшы. Тамаданын маеги
— Кайрат мырза, олимпиадалык борбор куруу долбоорун баштап жатыптырсыздар. Белсенип баштаган ишиңиздер тууралуу айтып берсеңиз?
Кайрат Итибаев: — Биздин фонддун иштегенине жарым жыл болду, туристтердин санын көбөйтүп, долбоорлорго инвестиция тартууну жана жакшы, жагымдуу шарт түзүүнү максат кылабыз. Негизи бизде беш мегадолбоор бар. Азыр экөөнү элге тартуулап жатабыз. Ысык-Көлдө Тамгада 30дан ашык спорттун түрү менен машыгууга шарт түзгөн спорттук борбор курулат. Ал жеңил материалдардан салынып, 400 метр аралыкта чуркоочу стадиону болот. Муну 2026-жылга чейин ишке киргизүүнү көздөйбүз. Азыр мастер-классын түзүп, мурда тажрыйбасы бар австриялык компания менен келиштик. Анан Бишкектен 30 чакырым аралыкта жайгашкан жерде салынуучу Оруу Сай долбоорунда тоого чыга турган аркан менен гондолаларды коёбуз. Жаратылыш койнунда эс алган элди тейлөөчү жай болот.
© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көл. Архив
Пляж пансионата Аврора на Озере Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Ысык-Көл. Архив
— Олимпиадалык борбордо 30дан ашык спорттун түрү менен машыгуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Жалаң эле спортчулар келеби?
К.И.: — "Тамга" спорт комплексинде көл менен тоонун абасы биригип ден соолукту чыңдоого эң сонун шарт түзүлөт. Убагында Юрий Гагарин келип ден соолугун жакшыртып өргүп кетчү экен. Уникалдуу шарты бар. Олимпиадага катышуучу спортчуларды даярдоочу сектор болгону менен коммерциялык жагын карасак, кирешенин 85 пайызын эс алуучулар менен туристтер алып келет. Ошондуктан аларга да ылайыктуу шарттар болушу керек. Үч, төрт жылдыздуу отелдер, машина барбай турган эс алуучу, машыгуучу жайлар курулат. Ошол жердеги Коргоо министрлигинин эски санаторийинин жаңыртуу идеясы бар. Бул Каракол аэропортунан 90 чакырым алыс турган кооз жерге салынат. Мунун да жакшы жагы бар. Анткени чет өлкөлүк туристтер келгенде эле жакынкы жерден лыжа тебүүчү жерди издештирет. Ошондой эле аэропортту да көтөрөт. Кыргызстандыктарга да баасын, шартын ылайыкташтырып беребиз. Ал эми Оруу-Сай 62 миллион долларлык долбоор болуп жатат. Анын бир бөлүгүнө мамлекеттин кепилдиги менен инвестиция тартууну көздөөдөбүз. Австрия тарап лизингге жабдыктарды берүү ниетин билдирди. Эми муну эки өлкөнүн өкмөтүнө кароого жиберебиз. Азыр инвестиция тартууга аракеттенип, иштешүүнү каалаган жергиликтүү инвесторго чет мамлекеттен өнөктөш таап беребиз.
— Качан башталат?
К.И.: — Кийинки жылдын жай айларында курулуш иштери башталат деп үмүттөнүп жатабыз. Мамлекет 20 миллион доллар менен камсыздаса, 42 миллион долларын инвестиция катары тартсак деп турабыз. "Оруу-Сай" эс алуу жайы — коммерциялык жактан абдан кызыктуу долбоор. Биздин план боюнча 2026-2030-жылдары ишке ашат. Мындан тышкары, азыр шаардыктар үчүн ойдогудай эс алуу жайы керек. Ошол себептен да ысык суу чыккан жайларды кайрадан оңдоп-түзөө оюбузда бар. Жогорудагы долбоорлорго элди ишке тартуу үчүн диплом талап кылынат. Мындан улам жергиликтүү бийлик менен биргеликте окутуу жагын да ойлонуштурабыз. Анткени ашпозчуну да билимине карап жумушка алат. Туризм академиясында деле адистер даярдалат, бирок тур операторлор алардын билимине канааттанбай жатышат. Эми окуу жайлар менен да иштешүүнү максат кылдык. Анткени сервис жагы да жакшы эмес.
— Инвесторлорго кандай кепилдик берип жатасыздар?
К.И.: — Азыр үч акционердик коом (улуттук корпорациялар — К.И.) түзүлдү. Алардын бири — Экономика министрлигине караган Туризм фонду. Инвесторлорго биздин фонддун алдында ишкана ачуусун сунуштап жатабыз. Мамлекеттик болгондон кийин кепилдик беребиз. Алардын коммуникациялык маселелеринин баарын биз көтөрүп, долбоордун акциясынын 51 пайызын, биз 49 пайызын алалы деп жатабыз. Бирок иштин баары фонддун алдында көзөмөлдөнөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековУправляющий директор по международным связям и инвестициям Фонда развития туризма КР Кайрат Итибаев
Управляющий директор по международным связям и инвестициям Фонда развития туризма КР Кайрат Итибаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Управляющий директор по международным связям и инвестициям Фонда развития туризма КР Кайрат Итибаев
— Туристтерди массалык түрдө тартуу менен экологиябызды булгап алуу коркунучу бар деп эсептейсизби?
К.И.: — Айлана-чөйрөнү булгабай таза кармоо — дүйнөлүк тренд. Ички туризмде деле сервис, эс алуу маданияты жаңыдан калыптанып келе жатат. Тоолорубузга чыкканда жергиликтүүлөр таштандысын калтырып кетишет. Ажатканалар, таштанды суулар да экологиялык жол менен туура иштелип тазаланышы керек. Күн энергиясын топтоп суу жылыткан технологиялар бар. Мунун баары эске алынды. Чакан долбоорлорубуздун бири — экотроптор. Бул — экологияны сактоо боюнча маалыматтар илинип, туристтер үчүн түзүлгөн атайын маршруттар. Аны өнүктүрүү максатында табият койнунда өргүү жерлерге отургучтарды коюу, тоого чыгууда жалгыз аяк жолдорду куруу сыяктуу туристтерге ыңгайлуулук түзүүнү карайбыз. Ал эми таштанды маселесин чечүү үчүн аны толук бир жергиликтүү ишкерлерге байлап берүү керек болуп жатат.
— Самарканд шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин жыйынында өлкө лидерлери Самарканд декларациясына кол коюшуп, 2023-жылды туризм жылы деп жарыялашты. Бул аянтчаны кантип колдонсок болот?
К.И.: — Абдан жакшы чечим болду. Туризм чоң киреше алып келет. Шанхай кызматташтыгына кирген уюмдарга бир катар жеңилдиктер каралат. Биринчиден логистика түзүү маанилүү. Анын арты менен туристтер келип баштайт.
— Туризмден түшкөн ИДПны беш пайызга жеткирүү керектигин айттыңыз. Пандемияга чейин эле беш пайызды түзчү. Пандемия алгач туризмге сокку урбадыбы. Эми кайрадан беш пайызга чыгаруу үчүн кандай стратегиялык өнүгүү пландар бар?
С.Ш.: — Алдын ала иштерди жүргүздүк. Мен минималдык эсеп менен айттым. Себеби ИДПга туризмдин салымы 2019-жылы 5,2 пайызды, 2020-жылы 2,9 пайызды, ал эми 2021-жылы 3,2 пайызды түзсө, быйыл алты айда эле 3,1 пайызды түзүп жатат. Бир жылдык көрсөткүч жогорудагыдан да көп болушу мүмкүн. Бюджетибизди көтөрүп бергенден кийин туризм бизнесин чогултуп, алардын пикирин эске алып бирдиктүү план иштеп чыктык. Аны маркетингдик планга киргиздик. Азыр Кыргызстан туруктуу туризмди өнүктүрүү стратегиялык планына багыт алды. Жакында өлкөдө кеңешме болот, ошол жерде да туризм секторунун өкүлдөрүнүн, эксперттердин сунуштарын эске алуу менен концепция иштеп чыгабыз. Санаторийлерди жаңылоо, тейлөө иши, ажатканаларды салуу пландары бар. Учурда 68 локация иштеп чыкканбыз.
— Санариптештирүүнүн алкагында туристтерге бир нече тилдеги портфолио барбы?
— Биз биринчилерден болуп сайт иштеп чыкканбыз. Ал жерден үч тилде маалымат алса болот. Кыргызстанга онлайн саякаттоого мүмкүнчүлүк жаралды. Муну жарманкелерде да көргөзүп жатабыз. Экинчиден, Smart Guides жүктөмөсүн киргиздик. Андан 14 тилде маалымат алууга болот. Жакын арада муну модернизациялайбыз. Жылдын аягына чейин тилдер да көбөйүп, база жаңырат. Үчүнчүдөн, мамлекеттик сайт иштейт. Бул портал азыр жакшы даңазаланып калды.
Боз-Адыр айылындагы качкындар үчүн гуманитардык жардамды түшүрүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенге гуманитардык жардам жетип жатабы? ӨКМ өкүлүнүн маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0