20-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКар жааганда көчөдө бараткан мектеп окуучусу. Архив
Кар жааганда көчөдө бараткан мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
20-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жамгыр, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн көпчүлүк аймагында жамгыр, тоолуу райондордо жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Таласта +9...+14, Ысык-Көлдө +10...+15, ал эми Нарын аймагында +6...+11 градус жылуу болот.
Ошто түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11...+13, Ош калаасында +14...+16 болору айтылды.
Жамгырда кол чатыр менен кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жаанчыл болобу? Кыргызстан боюнча бир аптага аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0