Санариптик кодекстин долбоору иштелип жатат. Камтылган нормалар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевНоутбукта иштеп жаткан адамдар. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Жазылуу
Кодекстин кабыл алынышы технологиялык мыйзамдарды иретке келтирери белгиленди.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда Санариптик кодекстин долбоору иштелип жатат. Документ декабрь айында коомчулукка сунуштала турганын санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов билдирди.
Ал документти даярдоого тажрыйбалуу серепчилер тартылып, иш санариптик экономика жаатындагы эң мыкты эл аралык тажрыйбага таянуу менен жүрүп жатканын белгиледи.
"Кодекстин кабыл алынышы технологиялык мыйзамдарды иретке келтирип, актуалдуу абалда кармоого жана колдонууга оңой, бирдиктүү укуктук актыга бириктирүүгө жол ачат. Биздин максат экономикалык өсүү темпин жогорулатуу менен мамлекет жана жеке сектордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатууга бардык шарттарды түзүү болуп саналат", — деди Иманов.
Министрдин айтымында, кодекс мазмуну боюнча өзүнө төрт деңгээлди камтыйт:
Маалыматтар деңгээли — санариптик ресурстар, каттоо жүргүзүү жана колдонуу (алардын ичинде документ түрүндө), ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгууга байланыштуу мамилелер жөнгө салынат. Анын максаты санариптик маалыматтардын толук кандуулугун, актуалдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат.
Сервистердин деңгээли — санариптик сервистер жана тиркемелерди жаратуу жана колдонуу, экосистемаларды түзүү жана түзүү иштерине катышууга байланыштуу мамилелер жөнгө салынат. Ал сервистердин жана тиркемелердин сапатын жакшыртуу, колдонуучулардын укуктарын коргоо максатын көздөйт.
Системалар деңгээли — маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору жана телекоммуникациялык желелер сыяктуу санариптик технологиялык тутумдарды жаратууга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат. Мунун максаты — коопсуздукту жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыздоо.
Инфраструктура деңгээли — жер, имараттар, курулуштар жана объектилердин санариптик технологиялык системаларына ээсинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тиешелүү мамилелер жөнгө салынат.
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жети депутат фейктер жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады. Эмне камтылган?
Жаңылыктар түрмөгү
0