Эл нааразы болмок. Байсалов өлкөнүн ЖККУ машыгуусунан баш тарткан себебин айтты

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Жазылуу
Машыгуу октябрда Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда өтмөк.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Жакында эле болгон чек арадагы кагылышуудан улам кыргыз коомчулугу ЖККУнун машыгуусуна Тажикстан армиясынын катышуусун жактырмак эмес. Мындан улам иш-чараны өткөрүүдөн баш тартууга туура келгенин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РИА Новостиге Женевадагы Коопсуздук саясаты борборунда берген маегинде билдирди.
"Биз ЖККУнун айныгыс мүчөсүбүз, бул уюм менен эч кандай көйгөйүбүз жок. Мандат, миссия, устав боюнча да маселе жаралбайт. Бирок жакында эле болгон окуядан кийин жүрөк жаралуу болуп турат. Кырдаал ушундай болуп калды, Кыргызстандын коомчулугу тажик коңшуларыбыздын ошол эле куралдуу бөлүктөрү машыгууга келишине нааразы болмок", — деди Байсалов.
Буга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлиги октябрда Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда боло турган ЖККУнун "Бузулгус достук — 2022" машыгуусун өткөрүүдөн баш тартканын билдирген.
"Ал эми аларсыз (Тажикстан — ред.) "силер келбегиле, казактар, орустар жана беларустар келе бергиле" дегендей болуп калат. Бул туура эмес, ошондуктан машыгууну өткөрүүдөн баш тартууга туура келди, муну ЖККУнун бардык өлкөлөрү түшүнүү менен кабыл алды", — деди Байсалов.
Аны менен катар Байсалов Россиянын ролу Борбор Азияда, стратегиялык өнөктөш катары кыргыз-тажик мамилелеринде эки мамлекет үчүн тең өтө маанилүү экенин кошумчалады.
"Москванын алдында азыр башка өтө көп курч маселелер турганы түшүнүктүү. Деген менен ал улуу держава, бир эле убакта тартипти сактап, бардык облустардагы бейпилдикти жана тынчтыкты колдоого дарамети жетет", — деп эсептейт аткаминер.
Өкмөт башчынын орун басары ошол эле учурда кээ бир тараптар маселенин түпкү маанисин бурмалап жатканына тынчсыздануусун билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 62 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 50 аскер кызматкери курман болду. 169 киши ар кандай жаракат алган. Баткенде 1 158 объект талкаланган, анын 639у — турак үй.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашканы айтылып келет. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган. Андан соң алар 17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жай тургундары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен. Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга чыккынчылык менен кол салганын белгилеген.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2022
КРдин Россиядагы элчиси менен РФтин ТИМ башчысынын орун басары жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0