Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Баткенге гуманитардык жардам жетип жатабы? ӨКМ өкүлүнүн маеги

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүБоз-Адыр айылындагы качкындар үчүн гуманитардык жардамды түшүрүү
Боз-Адыр айылындагы качкындар үчүн гуманитардык жардамды түшүрүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 198 киши ар кандай жаракат алган. Эл Баткенге жардам иретинде материалдык жана акчалай гуманитардык жардам чогултуп жатат. Толук жетип жатабы?
Sputnik Кыргызстан агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Чамашев маек берди. Ал гуманитардык жардамдын логистикасы жана чек арадагы кырдаалга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.
— Учурда Баткенде абал кандай?
— Баткенде абал бир аз турукташып калды. Өткөн сутка ичинде эч кандай атышуу болгон жок. Кол салуу болгон жерден жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинде Баткен облусу боюнча 54 684 адам, Баткен шаары боюнча 25 600 жана Лейлек району боюнча 56 486 жаран аймактан чыгарылды. Көпчүлүгү Сүлүктү, Раззаков, Кызыл-Кыя шаарларына жайгашты. Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү кызматы жарандарды кабыл алуу жайларын ачып, анда 3767 адамды жайгаштырган. Ал эми 7 672 жаран Баткен облусунан башка Бишкек, Ош шаарларына кетишти.
© Фото / предоставлено Бактыбеком ЧамашевымӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Чамашев
Начальник отдела служебного анализа и регулирования МЧС Бактыбек Чамашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтык аналитика жана мерчемдөө бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Чамашев
— Учурда канча гуманитардык жардам чогултулду?
— ӨКМ гуманитардык жардам боюнча иштерди координациялап жеринде иш алып барууда. Баткен жергесине Кыргызстандын булуң-бурчунан 824 миң тонна жардам жеткирилди. Анын 659 тоннасы жергиликтүү бийлик менен бирге тургундарга таратылган. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Мындан тышкары, республиканын аймагында Баткен облусуна жардам берүү максатында 188 кабыл алуу пунктулары уюштурулган. Мекеме, уюмдардын кызматкерлери, карапайым тургундар жалпысынан Баткендеги кырдаалга кайдыгер карабагандар материалдык жана акчалай колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле чет мамлекетте иштеген жарандарыбыз да четте карап турбаганын билебиз. Борбордон Баткенге дагы жардам жолдо келе жатат.
— Логистика боюнча да пикирлер жаралып жатат. Анткени чогулган жардам дарегине толук жетпей жатканы айтылууда...
— Чогулган гуманитардык жардам ӨКМдин көзөмөлүндө таратылууда. Негизинен мындай фактылар болсо, 112 кызматы күнү-түнү иштеп бардык чалууларды кабыл алат. "Жоголуп кетти", "гуманитардык жардам жетпей жатат" деген сыяктуу билдирүүлөргө дароо реакция кылып, тиешелүү тараптарга жеткирип жатабыз.
© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүЧамашев: кол салуу болгон жерден жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган
Ситуация на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чамашев: кол салуу болгон жерден жалпы 136 770 жаран эвакуацияланган
— Бүгүнкү күндө Баткен, Чоң Алай эли эмнеге муктаж?
— Азыр жалпы келтирилген чыгымды тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Комиссиянын берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 365 турак үй, 9 социалдык объект, 8 сарай, 168 жашоо-тиричиликти камсыздоочу объектилер тонолуп, өрттөлгөн. Анын катарында 10 автоунаа бузулуп, талкаланган. Учурда абал турукташып, чек арадагы кооптуулук жоюлса, биринчи кезекте элди мурунку жашоо тиричилигине кайтаруу милдети турат.
— Баткенден тышкары Чоң Алайда абал кандай? Ал жактан эвакуацияланган калк кайсы жерге жеткирилди?
— 17-сентябрь күнү Чоң Алайга да кол салуу болгон. Ошол күнү түшкү саат 12:40тар чамасында Тажикстандын чек арачылары тарабынан ок атылып, түштөн кийин дагы кайталанган. Мындан улам беш айылдын эли (5 300 адам) эвакуацияланды. Алар Кашка-Суу, Доорат-Коргон айылдарына убактылуу жайгаштырылган. Муну менен катар ӨКМ тарабынан өзүнчө убактылуу баш калкалоо жайы да уюштурулуп, анда 161 адам күн кечирүүдө. Жергиликтүү тургундар тарабынан жана Кызыл жарым ай коомунун атынан гуманитардык жардам жеткирилип жатат.
© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүЧамашев: Баткен жергесине Кыргызстандын булуң-бурчунан 824 миң тонна жардам жеткирилди. Анын 659 тоннасы жергиликтүү бийлик менен бирге тургундарга таратылган.
Ситуация на кыргызско-таджикской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чамашев: Баткен жергесине Кыргызстандын булуң-бурчунан 824 миң тонна жардам жеткирилди. Анын 659 тоннасы жергиликтүү бийлик менен бирге тургундарга таратылган.
— Акчалай да каражат чогулганын билебиз.
— Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде каргашалуу окуя катталгандан кийин эле атайын эсеп ачылган. Азыр ага 100 миллион сомдун тегерегинде акча түштү. Андан тышкары, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине да 65 миллион сомдун тегерегинде каражат топтолуптур. Бул каражатты сарптоо боюнча атайын комиссия иш алып барат.
— Муну менен катар кол салуу убагында Баткенде чыккан өрт боюнча да маалымат бере аласызбы?
— Учурда комиссия толук ишин аяктап бүтө элек. Чыңалуу, конфликт болгон аймактар тыкыр иликтенип бүткөндөн кийин гана толук маалымат берилет.
— Алдыда кандай иштердин жасалышы күтүлүүдө?
— Биздин жетекчилик гуманитардык жардамды жерине жеткирүү жана координациялоо иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, келтирилген материалдык чыгымдарды тактап, үй-жайы бузулуп, баш паанексиз калган жарандардын маселесин тезинен чечип берүү керек. Чек арадагы кырдаал турукташкандан кийин жергиликтүү тургундар кайтып барышат.
Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баары күлгө айланган. Тажик аскерлери өрттөгөн Интернационалдагы базардын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0