00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Айчурок Зайырбекова: как психология помогает милиции в экстремальных условиях
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Кыргызстандыктардын санариптик сабаттуулугу кандай? – Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдына коюлган милдеттерди кандай аткарды?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Шанс стать крутым бизнесменом — беседа о работе Университета «Евразия» с вице-спикером Госдумы РФ
10:04
33 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейби? Ыш менен күрөшүү кандай жүрүүдө?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Цифровизация таможни: борьба с контрабандой и снижение бюрократии
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2025-жылы канча чакырым жол салынат? – инвестиция, жаңы техника, акы төлөнүүчү жол, кадр маселеси
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Пайыздык коюмдар жана инфлация
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Страна детей и открытой, предприимчивой молодежи — глава представительства «Россотрудничества» о Кыргызстане
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туристтик жайларды классификациялоо системасын жаңылоо — тейлөө сапатын жакшыртабы?
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үзүров: той-аштарды чектеген жобонун ишке ашышына эл жардам бериши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси Максат Үзүров
Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси Максат Үзүров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси Максат Үзүров той-аштарды чектөө ысырапкорлукту азайтарын айтты.
29-сентябрдагы шаардык кеңештин сессиясында Бишкек шаарында үйлөнүү үлпөт, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды жана эскерүү иш-чараларын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоору талкууланды. Документтин максаты – социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу үчүн салттарды жана ырым-жырымдарды иретке келтирүү. Бул тууралуу Максат Үзүров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Үзүров: той-аштарды чектеген жобонун ишке ашышына эл жардам бериши керек
Анын айтымында, жобого ылайык талапты аткарбаган адамдарга эскертүү гана берилет. Бул маселе боюнча мыйзам ишке киргенден соң айып пул салынат.
"Жобого ылайык, үйлөнүү үлпөт тойлорду бир күндүн ичинде 250гө чейин коноктун катышуусунда өткөрүү зарыл. Кортежди төрттөн ашык эмес унаа менен уюштурууга жол берилет. Үй-бүлөлүк майрамдар бир күндүн ичинде 200гө чейинки конок менен өткөрүлөт. Мааракелик салтанаттар 250гө чейин коноктун катышуусунда өтүшү керек. Маркумдардын элесине арналган эскерүү иш-чаралары 300дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт. Бардык учурларда бирден ашык бодо мал (жылкы, уй) же үчтөн ашык майда мал союуга болбойт. Ашыкча ысырапкорлуктан алыс болуу сунушталат (таттуулар салынган пакеттерди таратуу, дасторкон жаюу, тамактарды жана кийит алып келүү). Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. Мен 2016-жылы Тажикстанга барганда аларда да дал ушундай чектөө бар экен. Бирок аларда бийликте турган адамдары чоң той-аштарды өткөрө берет экен, калк мыйзам чегинде иш алып барганын айтышты. Мындайча айтканда, мыйзамдын ишке ашышы абдан оор экен. Мисалы, биздин райондо мал союучу жайлар жок. Андыктан тойканаларга алып келинген эт жиликтенгенден кийин канча мал союлганын аныктоо кыйын болуп калат. Биз шаардын жашоочуларын жана конокторун бизге колдоо көрсөтүп, жобонун ишке ашышына жардам берүүсүн суранабыз", — деди Үзүров.
Ал учурда муниципалдык аймактык башкаруу, укук коргоо органдары менен биргеликте кафе-ресторандарда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0