00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2022
Жазылуу
Бул айда кээ бир күндөрү суук болуп, тоолуу аймактарда абанын температурасы нөлдөн төмөн болушу ыктымал.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, абанын айлык орточо температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында норманын чегинде, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда нормадан 1 градус төмөн болушу ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болору айтылды.
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в октябре 2022 года - Sputnik Кыргызстан
1/2
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в октябре 2022 года - Sputnik Кыргызстан
2/2
1/2
2/2

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, дыйканчылык аймактарда 9…11 градус, тоо этектеринде 4…6 градус төмөндөшү күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 — 7…12 градуска чейин жылуу болсо, кээ бир түндөрү -1...-3 градуска чейин муздап, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 10…15 — 20…25 градус жылуу болсо, айрым учурда 2…7 градуска чейин төмөндөйт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…5 — 2…-4 градуска чейин өзгөрүп, үшүк жүрүшү ыктымал. Күндүз 8…13 — 15…20 градус жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору божомолдонду.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 7…9 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градусту көрсөтсө, кээ бир түндөрү -2...-4 градуска төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз абанын температурасы 9…14 — 18…23 градуска чейин өзгөрүп турат. Бирок айрым күндөрү күн сууктап, 1…6 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылыйт. Бирок тоо этектеринде күн сууктайт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 9…14 градуска чейин жылыса, айрым түндөрү 0...-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз 12…17 — 21…26 градуска жетсе, кээ бир күндөрү 5…10 градуска чейин төмөндөйт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9 градусту көрсөтсө, айрым түндөрү -2...-4 градуска чейин муздайт. Күндүз 9…14 — 18…23 градус жылуу болору божомолдонду. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Газ конфоркасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчүрүлөт. Тизме

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде сакталып, 11…13 градус жылыйт. Тоо этектериндеги райондордо климаттык нормадан 1 градуска төмөндөйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 9…14 градусту көрсөтсө, күндүз 12…17 — 21…26 градуска чейин жылый турганы айтылды. Айрым күндөрү абанын температурасы 5…10 градуска чейин төмөндөйт. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14 — 18…23 градусту көрсөтөт. Бирок башка аймактар сыяктуу бул жакта да айрым күндөрү күн салкындайт. Токтогулда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 —7…12 градусту көрсөтсө, күндүз 9…14 — 18…23 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылуу болору айтылды. Тоо этектериндеги райондордо климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 7…9 градусту көрсөтөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 9…14 градуска чейин төмөндөсө, кээ бир түндөрү 0...-2 градусту көрсөтүп, үшүк жүрөт. Күндүз 12…17 — 21…26 градуска чейин өзгөрүп турат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы кээ бир түндөрү -2...-4 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 9…14 — 18…23 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 6…8 градус жылыйт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус, кээ бир түндөрү -2…-4 градуска чейин муздайт. Күндүз 7…12 — 14…19 градусту көрсөтсө, кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус төмөн болуп, 5…7 градусту көрсөтөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градуска төмөндөсө, кээ бир түндөрү -3…-8 градуска чейин суук болот. Күндүз 7…12 — 14…19 градуска чейин өзгөрүп турары айтылды. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Тоодо саякаттап жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Кышында оорубаш үчүн жайында эмне кылуу керек? 8 эреже
Жаңылыктар түрмөгү
0