Кыргызстан алгачкы карызын кантип алган? Тарых барактары

© Sputnik / Алексей БойцовКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекеттик архивдеги айрым документтерди карап чыгып, өлкө тарыхындагы урунттуу окуяларды кеңири баяндайт.
Бул ирет эгемендүү республика 90-жылдардын башында алгачкы карызын кантип, эмнеге алганын айтып беребиз.
1991-жылы Советтер Союзунун ыдырашы менен Кыргызстандын экономикасы оор абалга кептелген. Ага чейин жолго салынган өндүрүш, ишканалар жарым-жартылай токтоп калган. Себеби чийки затты сатып алуу, даяр продукцияны экспорттоо боюнча союздук республикалар арасында карым-катнаш тыгыз эле. СССР тараган соң ар бир республика чарбалык иштерин өз алдынча жүргүзүп, түрдүү реформаларга барган. Кыргызстандын бардык тармагы аксап, кыйынчылыктар бир нече жылга созулду.
Көз карандысыз Кыргызстан 1993-жылы 5-майда Конституциясын кабыл алып, башка мамлекеттер менен дипломатиялык алака түзүп, эл аралык уюмдарга мүчө болуп жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга далалат кылган. 1993-жылы 20-майда кыргыз өкмөтү Вашингтондо Дүйнөлүк банктын курамындагы Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан 60 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашууга кол койгон. Ал документ менен эгемен Кыргызстан эң алгачкы карыздарынын бирин алууга белсенген.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков TABA_KadyrbekovДокументы о получении кредита Кыргызской Республикой 1993 года
Документы о получении кредита Кыргызской Республикой 1993 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Ошол кездеги Баш мыйзамга ылайык, эгер өкмөт башка мамлекет же эл аралык каржылык уюмдан карыз ала турган болсо азыркыдай эле Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтүшү керек болчу. Ошентип аткаруу бийлиги бир айга жетпеген убакытта мыйзам чыгаруу органына кезексиз отурум уюштуруп, аталган макулдашууну ратификациялап берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ага чейин аталган каржы уюму Кыргызстандагы экономикалык абалды изилдеп, бийлик башындагыларга бир катар сунуштарды берген. Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын талабы боюнча көрсөтүлгөн сумма 40 жыл ичинде төлөнүп бүтүшү керек.
Өкмөт ал акчаны инфляцияны ооздуктоо жана импорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн алмак. Сырттан берилген 60 миллион долларга ошондой эле өлкөнүн экономикадагы приоритеттүү делген тармактарына керек болгон сырьё, жабдуу, тетик сатып алууга, консультативдик кызматка жумшоону пландаган.
Акча бөлүнгөн тармактар:
Байланыш — 5,50 миллион;
Транспорт — 4,50 миллион;
Энергетика — 9,50 миллион;
Медицина — 1,50 миллион;
Айыл чарба — 9,50 миллион;
Ирригация — бир миллион доллар;
Айлана чөйрө — 1,50 миллион доллар.
Жалпы аталган тармактарга керектүү товарларды импорттоо үчүн 33 миллион доллар керектелмек.
Айта кетчү жагдай, өкмөт парламенттен өлкөдө экономикалык реформа жүргүзүү үчүн 1994-95-жылдар аралыгында 280-340 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашууларды ратификациялоо укугун өкмөткө бере турган токтом кабыл алып берүүсүн суранган. Андан сырткары, аткаруу бийлиги жалпы 1993-1995-жылдар аралыгында бир миллиард доллардай насыяны парламентте ратификациядан өткөрбөй эле алууну көздөгөн. Өз кезегинде Жогорку Кеңештин тиешелүү комиссия, бөлүмдөрү андай кылууга мыйзам жол бербестигин жана өкмөт менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу англис тилинде гана жазылганын билдирип, сунуш четке кагылган.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков TABA_KadyrbekovДокументы о получении кредита Кыргызской Республикой 1993 года
Документы о получении кредита Кыргызской Республикой 1993 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Экономикалык оор абалда калган республика ал насыяларды алуу үчүн Жогорку Кеңеш аркылуу жаңы мыйзамдарды кабыл алып кошумча салыктын түрлөрүн киргизип, толгон-токой ишкана, чарбаларды менчиктештирип, улуттук валютаны кабыл алууга аракеттерди көргөн.
Ал жылдары өлкөгө сырттан инвестиция келбей, кыйла ишкана токтоп калган. Аны камсыздоого, элге айлык төлөп, социалдык төлөм аткарууга каражат жок эле. Мындан улам президент Аскар Акаев Жогорку Кеңеште карыз алууга байланыштуу макулдашууларды катуу коргогон.
"Республиканын эл чарбасын көтөрүү үчүн 500 миллион доллар керек. Мамлекеттин казынасында акча жок. Өндүрүштү көтөрүү керек. Соода уюмдарынан 5 пайыздык салык алып, мамлекеттик мекемелердин структурасын өзгөртүү керек. Эгерде биз салык жөнүндөгү ушул үч-төрт маселени чечсек, анда Париж бизге 1-1,5 миллиард доллар жардам бериши мүмкүн. Мен ушул долбоорлорду колдоону жана кабыл алууну суранаар элем", — деген Акаев Жогорку Кеңештин отурумунда.
Ошондой эле ал карыздарды алууга ишкана жетекчилери да, ишкерлер да далбастаган. Сырттан алып келинген акчанын сарпталышын, бөлүштүрүлүшүн Кыргызстандын Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комиссиясы көзөмөлдөп, ал түздөн-түз президентке баш ийген. Аталган комиссия өкмөттүн курамына кирген эмес, төрагасы премьер-министр болгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековДокументы о получении кредита Кыргызской Республикой 1993 года
Документы о получении кредита Кыргызской Республикой 1993 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Эл аралык өнүгүү ассоциациясы 1993-1996-жылдар аралыгында Кыргызстан менен алты долбоорду ишке ашырып, бул убакыт аралыгында 240 миллион доллар берген. Түрдүү каржы булактарын табуу үчүн өкмөт башка долбоорлорго да катышууга далалат кылган.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан кийин да башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү ассоциациясы менен макулдашууларга кол койгон. Азыр ал каржылык уюмга 625 миллион доллардан ашык бересеси бар. Республика мындан башка да эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзгөн.
Учурда өлкөнүн жалпы тышкы карызы 4 миллиард 212 миллион доллардын тегерегинде.
Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2020
Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0