Айыл аймактарды реформалоо Түптөн башталат. Бийлик планын жарыялады

© Фото / Геннадий ЗакировЫсык-Көл облусундагы Алтын-Арашан капчыгайы. Архив
Ысык-Көл облусундагы Алтын-Арашан капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
Кийинки жылы райондогу 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен беш айыл өкмөтү түзүлмөкчү.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Президенттин басма сөз кызматы административдик-аймактык реформа тууралуу маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, учурда өлкөдө 1981 айылды бириктирген 32 шаардык жана 452 айылдык административдик аймак бар. Бул оптимизациялоону талап кылат. Жыл башында реформа жүргүзүүгө даярдыктар башталып, адистер тобу пилоттук аймак катары Ысык-Көл облусунун Түп районун тандап алган. Анын алкагында келерки жылы 13 айыл аймагынын базасында ирилешкен беш айыл өкмөтү түзүлмөкчү.
"Реформанын натыйжасында айыл аймактарынын бюджети кеминде эки эсе жогорулатылып, өндүрүш ишканалары иштеп баштоого тийиш. Бул үчүн райондун өнүктүрүү фондуна каралган каражат да көбөйтүлмөкчү. Бүгүнкү күндө экономикалык негиздери, өнүктүрүү программалары иштелүүдө. Түп районундагы реформанын жыйынтыгы менен ал башка аймактарда дагы жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Реформанын максаты — элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, жашоо-турмушун жакшыртуу, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, чечимдерди ыкчам кабыл алуу, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү.
"Айыл аймактарынын экономикалык өз алдынчалуулугуна жетишүү, дотациядан чыгаруу зарылдыгы турат. Дотациядагы майда айыл аймактары борбордон каражат күтүп, анын кесепетинен зарыл болгон чечимдерди өз убагында кабыл ала албай, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты начар болууда", — деп жазылат маалыматта.
Учурда өлкөдө бир гана айылдан турган 67 айылдык өкмөт болсо, алардын көпчүлүгү калкынын саны боюнча көп эмес. Ошол эле маалда курамына жети жана андан көп айыл кирген айылдык аймактар бар. Калкы 15-20 миңди түзгөн айылдык аймактардын саны — 42, ал эми 20 миңден ашканы — 45.
Белгилей кетсек, жакында эле президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырып жатып борбордук бийликти кескин сындаган. Ал аймактардын өнүгүшү үчүн бийликти өз колуна берүү зарылдыгын айтып, антпесе такыр алдыга жылбай турганын билдирген.
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2022
Кыргызстанда реформадан кийин мамлекеттик канча ЖОЖ калары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0