29-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТалаа. Архив
Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
29-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +14...+19 жана Нарын аймагында +15...+20 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19...+21, Ош калаасында +24...+26 градусту көрсөтүп турат.
Сейилдеп жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2022
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0