https://sputnik.kg/20220928/ayzhigitov-alyngan-posttordun-maanisin-aytty-1068389632.html
Протоколдорду жокко чыгаралы! Айжигитов постторду алуунун кесепетин түшүндүрдү
Протоколдорду жокко чыгаралы! Айжигитов постторду алуунун кесепетин түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
Депутат 1994-жылы кабыл алынган келишимге таянып саясат жүргүзүү керек деп эсептейт. 28.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-28T13:22+0600
2022-09-28T13:22+0600
2022-09-28T13:22+0600
кыргызстан
саясат
чек ара
талаш
султанбай айжигитов
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1f/1060871874_0:60:3072:1788_1920x0_80_0_0_06fc8abd3eb7b9ab41b4d3c3b650a4ca.jpg
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасынан алынган үч пост, бир заставанын маанисин айтып, талашты чечүү жолун сунуштады.Депутаттын айтымында, посттор төмөнкүдөй милдеттерди аткарып турган:Стратегиялык маанидеги эки посттун бири 2019-жылы алынган, экинчиси "Дача". Эгер бул да алынса, анда биз бул тилкени көзөмөлдөөнү толугу менен жоготобуз да Сойломо жолу менен келип жерлерди ээлеп алганга жол берип жатабыз;Ворухтун чыгыш жагында Кык деген жайлообуз бар. Жайыттарды, токойлорду коргош үчүн Булак-Башы посту коюлган;Кедевшин деген дагы чоң жайлообуз, Ак-Сай дарыябыздын башы да ошол жакта. Сойломо жолун жабыш үчүн Тамдык заставасын түзгөнбүз. Муну менен тыкыр көзөмөлдөө максаты болгон. Эми аны Сойломо жолу менен келип ээлей беришет.Катта-Туз жакта мунай менен газдын бир топ запасы бар кен жайгашкан. Бүгүнкү күндө тажиктер ал газды мыйзамсыз колдонуп келе жатат. Ошону толук алып койбошу үчүн пост коюлган. Ал жерде эл жашабайт, демек, басып алууга жол ачып бердик.Айжигитов тажик тарап агрессия кылуу менен мажбурлап №42 протоколго кол койдурган деп эсептейт.Ошондой эле ал буга чейин түзүлгөн ар кандай протоколдорду жокко чыгаруу керектигин айтты. Антпесе документтин юридикалык күчкө ээ болбогонуна карабай, Тажикстан бетине кармап кол салуусун уланта берет."Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда 2 110 чарчы чакырым жерге доомат коюп жатат. Укуктук мааниге ээ эмес протоколдорду шылтоо кылып саясат жүргүзүүдө. Ушундан баш тартпаса жаңжал чыга берет, дагы чоң агрессияны баштайт. Биз президенттин БУУда айткан сөздөрүн колдоп, 1994-жылы чек ара аймактары тууралуу президенттер кол коюп, парламент ратификация кылган келишимдер менен сүйлөшүшүбүз керек. Бул эң тынчтык, компромисстүү, тез чечиле турган жол. Ушуну расмий саясат кылышыбыз абзел", — деди Айжигитов.Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги 25-сентябрда чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу максатында протоколго кол койгон. Ага ылайык, кыргыз тарап "Тамдык" заставасын, "Булак-Башы", "Катта-Туз", "Ак-Сай" постторун, тажик тарап "Бедак" заставасын, "Кех", "Каракчикум", "Шаршара" постторун алып салышат. Аталган бөлүктөрдүн имараттары, курулмалары консервацияланат.
https://sputnik.kg/20220928/kempir-abad-ozbekstanga-otkonu-aytylyp-zhatat-1068383894.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/1f/1060871874_172:0:2903:2048_1920x0_80_0_0_5834bef39bf56338632de7d9c8412c29.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, чек ара, талаш, султанбай айжигитов
кыргызстан, саясат, чек ара, талаш, султанбай айжигитов
Протоколдорду жокко чыгаралы! Айжигитов постторду алуунун кесепетин түшүндүрдү
Депутат 1994-жылы кабыл алынган келишимге таянып саясат жүргүзүү керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасынан алынган үч пост, бир заставанын маанисин айтып, талашты чечүү жолун сунуштады.
Депутаттын айтымында, посттор төмөнкүдөй милдеттерди аткарып турган:
Стратегиялык маанидеги эки посттун бири 2019-жылы алынган, экинчиси "Дача". Эгер бул да алынса, анда биз бул тилкени көзөмөлдөөнү толугу менен жоготобуз да Сойломо жолу менен келип жерлерди ээлеп алганга жол берип жатабыз;
Ворухтун чыгыш жагында Кык деген жайлообуз бар. Жайыттарды, токойлорду коргош үчүн Булак-Башы посту коюлган;
Кедевшин деген дагы чоң жайлообуз, Ак-Сай дарыябыздын башы да ошол жакта. Сойломо жолун жабыш үчүн Тамдык заставасын түзгөнбүз. Муну менен тыкыр көзөмөлдөө максаты болгон. Эми аны Сойломо жолу менен келип ээлей беришет.
Катта-Туз жакта мунай менен газдын бир топ запасы бар кен жайгашкан. Бүгүнкү күндө тажиктер ал газды мыйзамсыз колдонуп келе жатат. Ошону толук алып койбошу үчүн пост коюлган. Ал жерде эл жашабайт, демек, басып алууга жол ачып бердик.
Айжигитов тажик тарап агрессия кылуу менен мажбурлап №42 протоколго кол койдурган деп эсептейт.
"№42 протокол менен ошол посттор алынды. Ушул аскердик жаңжалдын булагы имиш, алып салсак түбөлүк тынчтык болот дешет. Бул абдан чоң жаңылыштык. Чынында кагылышуулардын булагы башка жакта. Ал Тажикстандын расмий саясатында болуп жатат", — деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал буга чейин түзүлгөн ар кандай протоколдорду жокко чыгаруу керектигин айтты. Антпесе документтин юридикалык күчкө ээ болбогонуна карабай, Тажикстан бетине кармап кол салуусун уланта берет.
"Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда 2 110 чарчы чакырым жерге доомат коюп жатат. Укуктук мааниге ээ эмес протоколдорду шылтоо кылып саясат жүргүзүүдө. Ушундан баш тартпаса жаңжал чыга берет, дагы чоң агрессияны баштайт. Биз президенттин БУУда айткан сөздөрүн колдоп, 1994-жылы чек ара аймактары тууралуу президенттер кол коюп, парламент ратификация кылган келишимдер менен сүйлөшүшүбүз керек. Бул эң тынчтык, компромисстүү, тез чечиле турган жол. Ушуну расмий саясат кылышыбыз абзел", — деди Айжигитов.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги 25-сентябрда чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу максатында
протоколго кол койгон. Ага ылайык, кыргыз тарап "Тамдык" заставасын, "Булак-Башы", "Катта-Туз", "Ак-Сай" постторун, тажик тарап "Бедак" заставасын, "Кех", "Каракчикум", "Шаршара" постторун алып салышат. Аталган бөлүктөрдүн имараттары, курулмалары консервацияланат.