Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргызстан, Тажикстан ТИМ башчылары БУУнун баш катчысынын орун басары менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Тышкы иштер министрлери 19-сентябрда кол коюлган протоколдогу макулдашууларды аткаруу маанилүү экендигин белгилеген.
БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары Жээнбек Кулубаев, Сироджиддин Мухриддин БУУнун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло менен чек арадагы чыр-чатакты талкуулады. Бул маалыматты ТИМ таратты.
Жолугушуу Нью-Йоркто өттү.
Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экендигин билдирди. Мындан сырткары, 19-сентябрда кол коюлган протоколдогу макулдашууларды аткаруу маанилүү экендигин белгилеген.

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу баскынчылыгы

Тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык набыт болду, арасында жай тургундар, жаш балдар бар. 169 киши ар кандай жаракат алган, оор абалдагылар Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилди.
14-сентябрь күнү тажик аскерлери Баткенде чек арага жакын аймактарга ок чыгарып, сүйлөшүүдөн кийин токтогон болчу. Бирок 16-сентябрдын таңында Баткен облусунун бардык чек ара тилкесин аткылап кирген. Аткылоого тажик аскерлери эле эмес, жалданма топтор дагы аралашкан.
Кыргызстандын Чек ара кызматы күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техникаларды, авиация, "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлаган.
Эки өлкөнүн УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов атышууну токтотууга макулдашкан. Бирок ага карабай тажик тарап кайра ок чыгарган. Миномёттун снаряддары Баткен шаарынын чок ортосуна да түшүп, бир катар объектилер талкаланган.
Андан соң алар17-сентябрда Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылай баштаган.
Тажикстандын аскерлери, жөнөкөй жарандары жана белгисиз топтор Баткен менен Лейлек райондорундагы ондогон үйлөрдү, социалдык объектилерди, дүкөндөрдү талап-тоноп, өрттөп кетишкен.
Кыргызстан расмий түрдө окуяны "Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу" деп атады. Садыр Жапаров дагы БУУнун сессиясында бүт дүйнөгө Тажикстан Кыргызстанга агрессиялуу түрдө, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи.
Баткен облусунун Ак-Сай айылында тажик аскерлери тарабынан атылган турак жай  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров чек арада талкаланган үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүүнү тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0