Аскер институтуна өтпөй калган балдар көзү жашылданып, мүмкүнчүлүк сурашат. Маек

© Sputnik / Табылды КадырбековАскер институтунун бүтүрүүчүлөрү. Архив
Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институту офицерлерди даярдап келет. 80 жылдан ашык тарыхы бар аскер институтунун шарты, мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү жагдайы кандай экендигине кызыгып көрдүк.
Бул боюнча Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаев, Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун башчысы, полковник Канагат Уразбеков жана аскер институнун курсанты Усман Дүйшеев Sputnik агенттигине маек беришти.
— Алгач институттун тарыхы тууралуу айтып берсеңиздер?
Канагат Уразбеков: — Сөзүмдүн башында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскерлердин ата-энесине, жакындарына көңүл айтам. Биздин институт — республикадагы аскердик кадрларды даярдоочу жалгыз мекеме. Ал 1941-жылы Одесса шаарынан Фрунзеге көчүрүлүп келген учкучтар мектеби болуп эсептелинет. 1942-жылдын 3-январында учкучтардын биринчи бүтүрүүчүлөрү чыккан. 1991-жылдан баштап окуу жай кургактагы аскерлерди да даярдай баштаган. 1995-жылы Фрунзе училищеси Бишкек аскердик авиациялык учуу техникалык училищеси болуп өзгөртүлгөн. Ага чейин 1956-жылдан 1992-жылга чейин авиацияларды даярдоо жаатында 10 авиациялык адистиктен 21 миңден ашык адис чыккан. 2000-жылы президенттин жарлыгы менен Бишкек жогорку аскер окуу жайы болуп аталып, 2005-жылы Советтер Союзунун Баатыры, генерал–лейтенант Калыйнур Үсөнбековдун атын алып, 2009-жылы Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институт болуп кайра түзүлгөн.
© Sputnik / Асель СыдыковаКалыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун башчысы, полковник Канагат Уразбеков
Полковник, начальник Военного института Вооруженных сил КР Канагат Уразбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун башчысы, полковник Канагат Уразбеков
— Убагында ушул окуу жайда Ливиянын, Сириянын мурдагы лидерлери билим алып кетишкенин айтышат?
К.У.: — Ооба, 1956-жылдан баштап окуу жай чет мамлекеттик Улуттук боштондук кыймылынын аскерлерин даярдай баштаган. Аскердик институттун бүтүрүүчүлөрүнүн катарында Сириянын мурунку президенти Хафиз Асад, Йемендин абадан коргонуу боюнча кол башчысы Ахмед Хуленди, Мозамбиктин абадан коргонуу боюнча кол башчысы Жоао Бернардо бар. Окуу жайга Африка континентинен: Алжир, Ливия, Судан, Египет, Танзания, Уганда, Гвинея (Конакри), Гвинея (Биссау), Гана, Нигерия, Ангола, Мозамбик, Намибия, Мадагаскар, Түштүк Африка, Эфиопия; Жакынкы Чыгыштан: Сирия, Ирак, Түштүк жана Түндүк Йемен, Афганистан; Түштүк-Чыгыш Азиядан: Индия, Бангладеш, Лаос, Кампучия, Вьетнам, Индонезия; Латын Америкадан: Куба, Уругвай, Никарагуадан аскерлер окууга келчү. Ал тургай Венгриянын аскердик-унаа авиациясы Кыргызстанда жаралган.
— Эгемендик алгандан бери аскердик билим берүү жаатында кандай жетишкендигибиз бар. Жалпы абалга токтолсоңуз?
Талгат Саалаев: — Баткенде чек арада болгон кандуу каргашада курман болгон жоокерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Эгемендик алгандан бери көп иш-чаралар өтүп жатат. Анын ичинде куралдуу күчтөрдү өркүндөтүү боюнча көп иштер жасалган. Мында эң негизги багыт — аскердик кадрларды даярдоо. Албетте, заман бир орунда турбайт. Глобалдашууда маалымат технологиялары өнүгүп жатат, ошого жараша согуштун ыкмалары да өркүндөп, курал-жарактар да өзгөрүүдө. Ушуга байланыштуу аскер институту окуу процессин модерниязациялоо, маалымат технологияларын киргизүү боюнча иштерди жасоодо.
© Sputnik / Асель СыдыковаКоргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаев
Начальник Управления военного образования министерства обороны КР Талгат Саалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Коргоо министрлигинин аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаев
— Аскер институтунун 4-курсунун курсанты экенсиз. Эмне себептен ушул окуу жайга тапшырып калдыңыз?
Усман Дүйшеев: — Бул окуу жайга тапшыруу — окуучулук кездеги максатым, кыялым эле. Биз баатырдык эпосторду көп окучубуз. Ата-бабалардын "жолоочу болуп келгенге кымызы даяр кыргыздын, тоноочу болуп келгенге кылычы даяр кыргыздын" деген кеби бар. Ата Мекенди коргоо — ар бир кыргыз жаранынын парзы, ал эми аскер адамына милдет 2-3 эсе көп жүктөлгөн. Душманга мекенди тебелетпөө максатында ушул тармакты тандагам. Азыр институтта билим алып жатам.
— Канагат Эрмекович, бүгүнкү күндө окуу жайдын абалы, шарты кандай? Кайсы багыттар боюнча аскердик адистер даярдалууда?
К.У.: — Биздин окуу жай негизи төрт жыл окутуп, Чек ара кызматына, Коргоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана ички аскерлерге адистерди даярдап беребиз. Институтка мекенин, элин-жерин коргойм деген балдар келет. Бизде аскердик тартип деген бар. Күн тартибине жараша эртең мененден кечке чейин бардык убактысы мүнөтүнө чейин бөлүнүп берилген. Курсанттар ошол күн тартибинин негизинде иш алып барышат. Андан тышкары, көбүнчө басымды аскердик ыкмаларга жасайбыз. Учурда керектүү курал-жарак менен аскер институту толук камсыздалган. Ок-дары, күйүүчү майлар убагы менен берилип, министрлик тарабынан ар дайым камсыздалат. Анан мотивация катары да жакшы окуган курсанттарды өзүнчө чет өлкөгө олимпиадага же башка жерлерге даярдап жөнөтүп турабыз.
— Балдарга мектеп жашынан баштап мекенди сүйүүгө үйрөтүү үчүн аскерге чейинки даярдык сабактарын өтүүдө кандай иштер жасалууда?
Т.С.: — Аскерге чейинки даярдык — бул аскер системасынын бир бөлүгү болуп эсептелинет. Мектептерде аскерге чейинки даярдык сабактары өтүлүшү керек. Ал боюнча мыйзамда да, министрлер кабинетинин токтомдорунда да каралган. Моюнга алуучу жагдай, акыркы кезде аскерге чейинки даярдыкты уюштурууда республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу кемчиликтер болгон. Айрым мектептерде мындай класстар жабылып, көпчүлүгүндө көрсөтмө куралдары эски бойдон калган. Сабактын сааты аз болгондуктан мугалимдерди тартууда да көйгөйлүү маселелер бар. Ошонун кесепетинен сапаты да тиешелүү деңгээлде болбой калганын айтууга болот. Бул сабактын маанилүүлүгүн эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте саатын, деңгээлин арттыруу боюнча демилге көтөрүлүп талкууланды. Ал министрлер кабинетине киргизилди. Кийинки жылдардан баштап жаңыча иштеп баштайбыз.
— Учурда президент аскер кызматкерлеринин баркын көтөрүү, аларга бардык шарттарды түзүү маселесин козгоду. Мекен үчүн жанын аябаган жоокерлерге ыраазычылык. Акыркы убакта аскер кызматкери болууну самаган абитуриенттердин саны өстүбү?
Т. С.: — Аскер институтуна тапшырууну каалагандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Институтка тапшырып жатканда ден соолугун текшертип, психологиялык даярдыктан жана сынактан өтүү керек. Абитуриенттерди кабыл алууда коюлган талапка бир аз жетпей калса көзү жашылданып, дагы бир мүмкүнчүлүк сурап жан талашкандар көп болот. "Аскер адамы болуп мекенди коргойм" деген мекенчилдерге мүмкүнчүлүк берүү керек. Мындан тышкары, баткендик абитуриенттерге да өзгөчө көңүл бурабыз жана акыркы учурда Баткенден келген балдар көп болуп жатат.
— Усман, курсант катары айтсаңыз. Институтта шарт, жалпы турмуш кандай?
У. Д. — Аскердик институттагы жалпы турмушту айткан менен жеткирүү кыйын. Ар бир бала муну жон териси менен сезиши керек. Мектепте окуп жургөндө укканымдан да шарты жакшы экен. Башка университеттерде окуган классташтарым менен сүйлөшүп турам. Институтубуздун жарандык окуу жайлардан айырмасы, мамлекет бизди бирдей каржылайт. Байдын же колунда жоктун баласынын ортосундагы айырмачылык байкалбайт. Анткени окуу материалдары да, кийимдерибиз да бирдей. Ошого жараша бөлүнүү жок. Взводдор арасында экзамендик таймаштар, талаага чыгуулар болуп турат. Теориялык билимди практика жүзүндө талаада аткарып, көргөзүп турабыз. Ар кандай ыкмаларды колдонуп курал атабыз. 3-4-курстарда аскердик такшалуулар пландалган. Мамлекеттин эсебинен өлкөдөгү аскердик бөлүктөргө барып, такшалуудан өтүп келебиз. Адам өзү эмнеге жөндөмдүү экенин аскердик бөлүктө аныктай алат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАскер институнун курсанты Усман Дүйшеев
Курсан военного института Усман Дуйшеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Аскер институнун курсанты Усман Дүйшеев
— Сиз кайсы тармакта билим алып жатасыз?
У.Д.: — Институтта курсанттар эки тармакка бөлүнүп кетет. Чек ара ишмердүүлүгү жана мотоаткычтар бригадасы. Мен окууну бүткөндө мотоаткычтар бригадасынын адиси катары Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнө кетем.
— Аскердик буйрук берүүлөр узак жылдар орус тилинде жүргүзүлүп келген. Кийин кыргызчалатуу иштери жүрдү. Бул жаатта азыр мамлекеттик тилдин орду кандай?
Т.С.: — Аскердик терминдер сөздүгү иштелип чыккан жана колдонулуп жатат. Учурда аскердик институттарда, кошуундарда, министрликте эки тилде бирдей иш жүргүзүлөт. Мисалы, жетектөөгө алуучу документтер бир эле убакта орус жана кыргыз тилинде чыгарылат. Аскердик бөлүктөрдө командаларды берүү, саптык ыкмаларды колдонуу боюнча орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы жүргүзүлөт. Анткени Конституцияда эки тилдин статусу көрсөтүлгөн. Өзүңөр билгендөй, биздин өлкө Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмунун жана ЖККУнун алкагында да аскердик карым-катнаш туурасында көп иш-чараларды алып барат. Баарыбызга белгилүү болгондой, бул эки эл аралык уюмдун эң негизги байланыш тили — орус тили.
— Аскер институту башка окуу жайлар менен кандай кызматташат? Мугалимдер жамааты, окутуу тууралуу айтсаңыз?
К.У.: — Институтта мугалимдер алдына коюлган милдетти так аткарып жатышат. Аскер институту да ЖККУнун алкагында түзүлгөн консорциумуна кирет. Биздин курсанттар математика, физика, англис тили өңдүү сабактардан жарыштарга катышып турат. Андан тышкары, курсанттардын арасында спорт мелдештери да өтөт. Кайсы мамлекетте болсо да курсанттардын ички таймаштарына катышып турабыз. Гиря боюнча дүйнөлүк мелдеште он курама команданын ичинен 3-орунду алып келишти. Спорттук мелдештер боюнча Кыргызстандагы окуу жайлар арасында тыгыз мамилебиз жана жараткан ийгиликтерибиз да бар. Курсанттардын тамак-ашы, кийимдери канааттандырарлык. Мамлекет толук камсыздайт.
— Жылына канча балага квота берилет?
К.У.: — Билим берүү министрлиги быйыл бизге 100 орунга квота берген. Ошонун негизинде абитуриенттердин ден соолугуна жан спорттук жактан дараметине карап, 100 эмес, 95 баланы кабыл алдык.
— Жатаканасы да каралганбы?
К.У.: — Жатакана маселеси быйылтан баштап чечиле баштады. Ушул жылдын соңуна чейин жатакана салып бергени жатышат. Жаңы жабдуулар жана шарттар менен камсыздалабыз деген үмүтүбүз бар.
— Окуу жай болгондон кийин илимге да көңүл бурулушу керек. Аскердик илим-изилдөө жагы кандай багытта же шартта?
Т.С.: — Ооба, бул да тиешелүү каражатты талап кылат. Азыр бизде республикалык деңгээлдеги эки илимий-изилдөө иши жүргүзүлүүдө. Мекенди коргоо боюнча аскердик илимий-изилдөө жасоо тапшырмасы Коргоо министрлигине жүктөлгөн. Институттун базасында илимий-изилдөө башкармалыгы ачылды. Жакында юридикалык жактан ага аскердик илимий-изилдөө борбору статусун берип, ишти дагы да өркүндөтүү планыбыз бар. Бул үчүн кадрларды даярдоо керек. Учурда алты кадр даярдалды. Быйыл да аскердик илимий-изилдөө иштерин алып баруу үчүн кадрларды чет мамлекетке окууга жибердик.
— Усман, сиз курактуу жаш жигиттерге, замандаштарга эмне айтар элеңиз?
У.Д.: — Убакыт токтобой өтө берет. Биз өмүрдөн өткөндөн кийин келечек муунга эмнени калтырабыз, ошону ойлонуу керек. Аларга тынч, бакубат өлкөнү таштап кетүү — парзыбыз. Бул — биздин милдет. Ага билим жана мекенчилдик сезим аркылуу жетебиз.
Калашников автоматынан ок атуу боюнча машыгууда мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Эми мектептерде аскерге чейинки даярдык күчөтүлүп окутулат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0