Эми мектептерде аскерге чейинки даярдык күчөтүлүп окутулат. Маек

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүКалашников автоматынан ок атуу боюнча машыгууда мектеп окуучусу. Архив
Калашников автоматынан ок атуу боюнча машыгууда мектеп окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Жазылуу
Кыргыз армиясындагы жоокерлердин өлүмү акыркы учурда тынчсыздандырган маселеге, көкөй кескен көйгөйгө айланды. Бул жаатта президент да коргоо министрине катуу сөгүш берген.
Ал эми министр журналисттерге комментарий берип жатып соңку окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүргөн.
Sputnik Кыргызстан агенттиги мектепте окутулуучу аскерге чейинки даярдык сабактары тууралуу сүйлөшүп, маалымат алуу максатында Коргоо министрлигинин Аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаевди, Генералдык штабдын уюштуруу, мобилизация башкармалыгынын аскерге чейинки даярдоо, чакырылуучулардын ресурстарын каттоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник Уланбек Урманбетовду, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектептен тышкары билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Амангелди Сыдыбаевди маекке чакырган.
Аскерге чейинки даярдык сабагы эгемендүү Кыргызстанда кандай өтүлүп жаткандыгы жана алдыда кандай өзгөрүүгө дуушар болору баарыбызга кызык.
— Мектептеги аскерге чейинки даярдык сабагы тууралуу айтып берсеңиздер. Кандай окутулат?
Амангелди Сыдыбаев: — Жакында Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин кеңешмесин өткөрдү. Жыйынтыгында алдыдагы иштер жана талаптар боюнча бир катар пландар коюлган. Аскерге чейинки даярдык сабагы 10-11-класстарда жумасына эки жолу белгиленген. Жылына 68 саат окушат. Мында аскердик милдет, аскердик кызматтын мааниси жана ошондой эле куралдуу күчтөрдүн аскердик антын жана аскердик уставдардын талаптары, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу окушат. Муну менен катар жаштарды мекенчилдик сезимге, жогорку моралдык-психологиялык сапатты калыптандырууга, аскердик кызматты сүйүүгө үйрөтөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин мектепте, мектептен тышкары билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы Амангелди Сыдыбаев
Начальник отдела образовательной и книгоиздательской политики МОиН КР Амангелди Сыдыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
— Өлкөдө аскерге чейинки даярдык сабагынын сапаты тууралуу эмне айтасыз?
Уланбек Урманбетов: — Мектептердин деңгээлине жараша өтүп жатат. Бирок кадр жетишпестигинен жана маянанын аздыгынан улам туруктуу бир мугалим бекитилбегендиктен сабак максатына жетпей калууда.
— Аймактарда бул сабак аскердик даярдыктан өтпөгөн мугалимге деле берилип калары жашыруун деле эмес. Кээде саат жетишпей калганы үчүн берип коюшат. Кадрдык курам бир эле маянадан аксап жатабы?
Улан Урманбетов: — Мугалимдердин кесиптик деңгээли тууралуу айта кетсек, мектептеги штаттык кыскартуулардын натыйжасында аскерге чейинки даярдыкты окутуучу адис да кыскарып кеткен. Ошол үчүн бул факультативдик предмет катары каралып, айрым мектептерде өтүлбөй да калууда. Акыркы эки жылда бул тутумду жакшыртуу маселеси президент жана Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы тарабынан көтөрүлүп жатат. Тиешелүү тапшырмалар да берилген. Учурда Коргоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги аскерге чейинки даярдык тутумуна тартылган мекемелер менен чогуу бир топ иштерди аткарууну пландап жатат.
Биринчиден, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгеледик. Бүгүнкү күндө бул макулдашуудан өтүп жатат. Министрликтин расмий сайтына да аталган мыйзам долбоору жайгаштырылган. Негизи жогорку окуу жайларынын базасында, тактап айтканда, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын базасында аскерге чейинки даярдык адистиги боюнча запастагы офицерлерди окутуу нормативдик ченемин аталган мыйзамга киргизип жатабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековГенералдык штабдын башкы уюштуруу мобилизация башкармалыгынын аскерге чейинки даярдоо, чакырылуучулардын ресурстарын каттоо бөлүмүнүн башчысы, подполковник Уланбек Урманбетов
Подполковник Уланбек Урманбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Ошондой эле июнь айында Коргоо министрлигинин жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өттү. Анын максаты — аскерге чейинки даярдык тууралуу өкмөттүн 2014-жылы №87 токтому менен бекитилген жобону кайра карап чыгуу. Ал ошол жердеги кемчиликтерди оңдоо жана аскерге чейинки даярдык сабагынын сапатын жогорулатуу максатында жасалууда. Эми Дене тарбия академиясында кафедра ачылып, аскерге чейинки даярдык сабагынан берүүчү мугалимдер дене тарбия мугалиминен өзүнчө бөлүнүп даярдалат. Муну менен катар КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептердеги жана орто окуу жайларындагы аскерге чейинки даярдык класстарын тиешелүү жабдуулар менен камсыздоонун каржылык маселесин чечти.
— Ал тиешелүү жабдууларга эмнелер кирет?
Улан Урманбетов: — Буга аскердик кызматтын негиздери, ага даярдык көрүүгө үндөгөн көрсөтмө куралдар кирет. Аскерге чейинки даярдык сабагы боюнча тиешелүү усулдук тескемелер, окуу китептери, окуу куралдарынын үлгүлөрү менен тийиштүү классты толук жабдуу зарыл.
— Жобого ылайык өзүнчө штаттык курам киргизилип жатканын айттыңыз. Алар кимдер болот?
— Запастагы офицерлер, жогорку педагогикалык билими бар сержанттар же жоокерлер, аскердик билими бар, жогорку моралдык сапаттарга ээ окуучуларды тарбиялоого жөнөтүлгөн запастагы, отставкадагы офицерлер ишке тартылышы мүмкүн.
А.С.: — Чынында жумасына эки саат окутуу аз. Аймактардагы мектептерде жогорудагы жобонун талаптарына туура келген адистерди иштетүүгө аракет жасап жатабыз. Негизи жаштарды аскерге чейинки даярдоо бөлүмүнүн башчысынын тарифтик ставкасы кийин жоюлуп кеткен. Азыр саат менен гана иштеп баштаган. Бул жагы да кайра каралып, каржы жаатында иштер жүргүзүлүп жатат. Билим берүү министрлиги тарабынан аскерге чейинки даярдыктан өтүүчү мугалимдерге усулдук колдонмолор иштелип чыкты.
— Аскерге даярдоо сабагында практика кандай? Ошол эле курал-жарак жагынан...
У.У: — Аскер комиссариатында курал-жарактар бар. Практикада курал менен таанышуу сабагында мектептин кайрылуусу менен Калашников автоматы, Макаров пистолети, снайперлик мылтык берилет. Практиканын ойдогудай өтүлбөй жатканына кесипкөй адистердин жоктугу да таасир этет. Кеңешмеде ушул маселе да коюлган. Керек болсо мугалимдер кайра даярдоодон өтүшү керек. Кызыл Жарым Ай коому деле даярдоо ишине көмөктөшө аларын билдирген.
Алгач ушул кадр саясаты чечилиши керек. Биз деле мектептерге курал берүүгө даярбыз. Бирок аны сактоо шарты болушу керек жана ИИМден өтүүчү көп процедуралары бар. Анын баарын аткарыш керек.
— Мектептерде куралдын муляждары барбы?
У.У.: — Айрым мектептерде бар. Мурунку мугалимдер макеттерди сактап калган. Аскер комиссариаттары да курал-жарак кармоо, аны колдонуу эрежелери тууралуу сабактарга жардам берип жүрөт.
— Тилекке каршы, быйыл жоокерлер арасында курал менен байланышкан жоготуулар болду. Аскерге келген балдардан эмне кемчиликтерди байкайсыңар?
Талгат Саалаев: — Аскерге чейин эле курал менен таанышып келишет. Бул ошол жоокердин мектебиндеги аскерге даярдык сабагынын сапатына байланыштуу. Такыр өтүлбөй калган мектептер да бар. Бул ишти сүйгөн, ага күйгөн ардагер мугалимдер да жок эмес. Мектептерден тышкары, жогорку окуу жайларынын ичинен медициналык академияда гана аскерге чейинки даярдык сабагы өтүлөт. Окуу жайдын аскердик кафедрасына запастагы офицерлерди даярдоо программасы ишке ашырылып жатат. Жогорку окуу жайларына аскердик кафедра ачылса үч багыт боюнча ишке кирет. Ал медицина, аскерге чейинки даярдык жана жарандык коргонуу багытында болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековКоргоо министрлигинин Аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаев
Начальник Управления военного образования и науки Министерства обороны Талгат Саалаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Коргоо министрлигинин Аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы, полковник Талгат Саалаев
А.С.: — Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аскерге чейинки даярдык сабагынан берген мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар жер-жерлерде өткөрүлөт. Буга чейин борбордо гана өтүлчү.
Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Балдарга жасалган зомбулук тууралуу арыздар көп түшө баштады. Акыйкатчынын маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0