Американын планы ишке ашууда. Европа кыйрап барат...

© AP Photo / Virginia MayoЕвропа биримдигинин желеги. Архив
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2022
Жазылуу
The Wall Street Journal басылмасы кыйла кызыктуу макала жарыялады. Анда европалык ири бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде машина куруу, автоунаа, ошондой эле химия өнөр жайын акырындап Кошмо Штаттарга көчүрүп жатышканы айтылат.
Энергетикалык ресурстардын асман чапчыган баасы азырынча банкротко кептебесе да өндүрүштү кескин кыскартуу маселесин кабыргасынан коет. Индустриялык үлкөндөрдүн арасында, мисалы, голландиялык жер семирткичтерди өндүрүүчү OCI N.V компаниясы да бар. Мунай жаатындагы жагдайга байкоо салган Сергей Савчуктун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Нидерландылык химиктердин негизги өндүрүмү — аммиак, карбамид жана түшүмдүүлүктү арттыруучу башка пайдалуу заттар. Башкы директордун айтымында, ишкана аммиак өндүрүшүнө жаңы кубаттуулукту киргизерин айтууда. Бирок бул ирет Техаста. Жер которууга камынып калгандардын ичинде даниялык Pandora зергерлик бренди, Volkswagen автоконцерни жана Tesla электромобилдерин чыгаруучу компания да бар.
Азырынча миграциянын алгачкы сынамык толкунуна жакында эле Жозеф Байден кол койгон инфляцияны басаңдатуу жөнүндөгү Inflation Reduction Act (IRA) мыйзамы да себеп болду. АКШнын акча саясатын турукташтырууга байланышкан каржылык тарабынан сырткары, анда чет өлкөлүк ишканалар үчүн жеңилдиктер каралган. Азыркы оор учурда алар өздөрүнүн өндүрүштүк жана салык тагдырын Америка менен байланыштырууга бел байлашты.
Жарым жыл мурда эле европалык функционерлер россиялык энергетикалык ресурстарды импорттоого каршы чектөө чараларын киргизүүнүн бардык демилгелерин көңүл кош караган. Ал тургай тыюу салууларга тымызын каршылык да байкалган. Узакка созулган талкууларды көбүнесе Венгриянын өкүлдөрү үзгүлтүккө учуратканы да маалым. Иштин жүрүшү ушунчалык ачык эле. Вашингтон европалык жамаатты болушунча опузалаган.
Америкалык мунай жана суюлтулган табигый газ Европа биримдигин Россиядан келген өндүрүмдөрдүн ордун толтурарына ынандырышкан. Натыйжада Россиядан келген импорт 20 пайызга, ал эми көгүлтүр от импортунун көлөмү үчтөн бирге азайган. Океан ар жагынан келген өндүрүмдөр улам өсүп отурганы менен кыш камылгасы башталганы токтоп калды.
Натыйжада күн сууй түшкөнү Европа биримдигинин мамлекеттик органдарынын айласы куруп турат. АКШга көчүп жаткан корпорация жана компаниялардан тышкары ArcelorMittal өңдүү үлкөн ишкана да жер которууга ниеттенип турат. Болот куюучу алп ишкананын башкы директору Адитья Миттал Германиядагы иштин кыскарышын Техастагы өндүрүш көлөмүн өстүрүү менен толуктамакчы.
Рыноктун башка ири оюнчулары да металлургдардан кем калышпайт. Коңшу континентке жер которуу жөнүндө отко чыдамдуу каражаттарды өндүрүүчүлөрдүн эң ири өкүлү RHI Magnesita компаниясында да сөз боло баштады. Анын түйүндөрү көп экенин эске алсак, капитал Европа биримдигинин сыртына жапырт агылып жатканын боолголоого болот.
Индустриянын бөлөк өкүлдөрү – химикаттардын, жер семирткичтердин болгон түрүн чыгарган германиялык BASF жана норвегиялык Yara International АКШга жер которуу ниетин билдирише элек. Анткен менен алар электр кубаты, табигый газдын баасы жакын арада арзандабаса, Европадан капиталдын сыртка агымы күчөй турганын улам күндемине чыгарышууда.
Албетте, өндүрүштүн бир бөлүгүн көчүрүү азырынча Европанын батышы жана кыйрашынын белгиси болбосо да, ЕБ үчүн бул коркунуч келтирери бышык. Брюссель негизги каржылык донорлор жана негизги жумуш берүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө албайт.
Ал эми ансыз да пандемия жана андан кийинки бороондор бир топ эзген АКШ "алтын жумуртка уялаган" ишканаларды колдорунан чыгаргылары келбейт. Булардын баарына баам салсак, ушул тапта ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жаткан көрүнбөгөн, билинбеген глобалдык пландар бар экенине эрксизден ишенесиң.
Германиянын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
The Economist: Германия бүтүндөй өнөр жай системасынан кол жууй турган болду
Жаңылыктар түрмөгү
0