Бишкекте бир айдан кийин айыл чарба жарманкелери жанданат

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйыл-чарба жарманкеси. Архив
Айыл-чарба жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
Министрлик ишкерлерди жарманкелерге катышууга чакырды.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкекте бир айдан кийин айыл чарба жарманкелери өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жарманкелер 24-25-октябрдан тарта 2023-жылдын 15-майына чейин ар дем алыш сайын Раззаков — Киев, Раззаков — Токтогул көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулуп турмакчы.
"Анда фермерлер шаар тургундарына азык-түлүктү дүң баада сатышат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик ишкерлерди жарманкелерге катышууга чакырды. Суроолор болсо 0 (312) 62-36-82, 0 (555) 22-03-62, 0 (701) 83-38-55 (WhatsApp) телефондоруна чалууга болот.
Бишкек наабайкана муниципалдык ишканасынын директору Алтынбек Осмонкулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2022
Радио
Осмонкулов: "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасы ишин жандантат
Жаңылыктар түрмөгү
0