Politico: АКШ Тажикстанга Афганистандагы аскер учактарын берүү ниетинде

© Фото / U.S. Air Force / Senior Airman Maygan StraightАКШ штурм жасоочу жеңил учагы A-29 Super Tucano. Архив
АКШ штурм жасоочу жеңил учагы A-29 Super Tucano. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2022
Жазылуу
Бул кадамдар чалгын боюнча маалыматтарды алмашууну кеңейтүүдөн тарта Тажикстанга, Өзбекстанга учактар менен аскерлерди жайгаштырууга чейин болушу мүмкүн.
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШ Тажикстан менен Өзбекстанга Афганистанда колдонулган 46 учагын террорчулук менен күрөшүү үчүн жардам катары бериши ыктымал. Бул туурасында маалымат булактарына таянып Politico жазып чыкты.
Кеп Кабулду "Талибан"* кыймылы басып алганда Афганистандын Куралдуу күчтөрү Өзбекстан менен Тажикстанга жеткирген учактар туурасында болуп жатат. Техника Афганистандын мурдагы өкмөтүнө берилген. Алар: C-208, штурм жасоочу жеңил A-29 Super Tucano, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары. Талибдер аба транспорттору Афганистандын менчиги экендигин айтып, кайтарууну талап кылып келет. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстан бул АКШнын техникалары деп кайтарып берүүдөн баш тартууда.
Politico басылмасына айтып берген маалымат булагынын билдиргенине караганда, Вашингтон учактарды америкалык аскерлер жок аймактарга бекем орун алыш үчүн рычаг катары пайдаланууну көксөп турат.
"АКШ Өзбекстан, Тажикстандын өкмөтүнө бул техникаларды "коопсуздук жаатындагы мамилени тереңдетүү" боюнча расмий эмес макулдашууга жана террорчулукка каршы күрөшүү үчүн алмашуу ниетинде", — деп айтылган материалда.
Politico мындай келишим көп нерсенин башаты болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Ал чалгын боюнча маалыматтарды алмашууну кеңейтүүдөн тарта Тажикстанга, Өзбекстанга учактар менен аскерлерди узак жылдарга жайгаштырууга чейин жетерин эч ким четке какпайт. Азырынча келишимде Тажикстан менен Өзбекстанда болгон Афганистандагы террордук тармактар жөнүндө чогултулган маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал.
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү бул маалымат боюнча үн каткан жок, ал эми Американын Коргоо министрлигинин аткаминери эки тарап тең учактарды алууга "албетте, өтө кызыкдар" экендигин билдирген.
Басылма Өзбекстан 2011-жылдын 11-сентябрындагы терактылардан соң Афганистандагы операциялар үчүн Карши-Ханабадды аскердик аба база үчүн ижарага бергенде АКШ менен тыгыз кызматташканын эске салды. Бирок бул алака Россиянын басымы менен үзүлгөн. Өзбекстанда америкалык аскерлердин жайгашуусу боюнча жаңы келишим мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кылат. Тагыраагы, ал үчүн өз аймагында чет элдик аскердик аба базаларын жайгаштырууга салынган тыюу кайра алынышы керек.
Талибдер Афганистан бийлигин 2021-жылдын август айынын орто ченинде басып алган. 2022-жылдын 31-июлунда АКШнын аскердик күчтөрү тарабынан Кабулда "Аль-Каиданын"* башчысы Айман аз-Завахири жок кылынган. Бул кадамдан соң Вашингтон Афганистандын аймагы боюнча жаңы соккуларды урууга даяр экендигин жарыялаган.
ТИМ имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Душанбеде АКШнын колдоосу менен машыгуу өтүүдө. Россия ТИМи үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0