Бүгүн Кыргызстан менен БАЭнин футболчулары беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол топтору. Архив
Футбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Жазылуу
Мелдеш U-20 Азия кубогу-2023 чемпионатына тандап алуу туру үчүн өткөрүлөт.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Бириккен Араб Эмирлигинин тайпасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Оюн саат 19:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Мелдеш U-20 Азия кубогу-2023 чемпионатына тандап алуу туру үчүн өткөрүлөт.
Эске салсак, курама команда эки күндөн кийин, 18-сентябрда, Бруней менен ойнойт.
Футболдук беттешке кирүү үчүн билеттер сатыла баштады.
Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2022
Радио
Букуев: Бишкекте өткөн КР — КМШ ардагерлер беттеши алаканы бекемдейт
Жаңылыктар түрмөгү
0