Кудай берген тишке эч нерсе жетпейт. Стоматолог импланттын пайда-зыяны тууралуу

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaТиш имплантын тандоо учурундагы стоматолог. Иллюстративдик сүрөт
Тиш имплантын тандоо учурундагы стоматолог. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Жазылуу
Азыр медицинада тишке имплант коюу кеңири жайылууда. Тиш да абдан маанилүү орган болгондуктан дарыгерлер дарылоодон мурда тишке жакшы кам көрүүгө чакырат. Кандай кымбат имплант болсо да адамдын өз тишине жетпей турганы анык эмеспи.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов болуп, имплантты кимдерге коюуга болбой турганын жана кандай жагдайларга көңүл буруу керектигин айтып берди.
— Имплант деген эмне?
— Имплант — бул тиш түшүп калса ошол тиштин ордуна коюлуучу темир же атайын материал. Муну азыркы медицинанын жетишкендиктеринин бири деп атасак болот.
— Каалаган кишинин баары эле койдура алабы?
— Жок, ар кимдин организми ар түрдүү. Кээ бирөөнүн организми жол берсе да каржылык мүмкүнчүлүгү болбой калат. Импланттын түрлөрү бар. Ал бир этаптуу жана эки этаптуу болуп бөлүнөт. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Айрымдар "мага бир этаптуусун кой" деп калышат. Бирок ага эки этаптуу имплант ылайык келиши мүмкүн. Ушундай учурда дарыгер туура кеңеш бериши керек. Негизинен соо тиштердин ортосундагы түшүп калган тиштин ордуна имплант орноткон туура. Анткени жаңы тиш салуу үчүн жанындагы соо тиштерди да араалап, аларга да доо кетиребиз.
— Кимдерге тыюу салынган?
— Жашы өтүп улгайып калган адамдарга жана кант диабети, гемофилия, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга болбойт. Ошондой эле сөөгү морт адамдарга да имплант туура келбейт. Алгач кандын жалпы анализин алабыз. Бизде бейтаптын каны жөнүндө толук маалымат болушу керек. Андан кийин гепатит менен ооруган-оорубаганын текшеребиз. Анализге карап туруп тишти дарылоо пландары түзүлөт. Эгер бейтаптын ден соолугу жакшы эмес болсо, аны эске алуу менен кандайдыр бир дарылардын жардамын вариант катары карап көрүүгө болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов
Директор стоматологической клиники в Бишкеке Нургазы Каримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Борбордогу стоматологиялык клиникалардын биринин директору Нургазы Каримов
— Импланттын пайдасын, анан кооптуулугун айтып берсеңиз?
— Мунун пайдасы өтө чоң. Биринчиден, жанындагы таза тиш бузулбай ошол боюнча калат. Экинчиден, үстүндөгү тиш ылдый өсүп кетпейт. Үчүнчүдөн, тамакты толук майдалап берүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, тамак сиңирүүдө ашказанга күч келбейт. Имплант туура коюлса пайдасы көп. Эстетикалык жактан да көрүнүшү мыкты. Анатомиялык формалардын жасалышы, тиштин өңү, ушулардын баары биригип адамга пайда алып келет.
— Ден соолугу деле жол берет, каражаты деле бар. Бирок тиштин түзүлүшүнөн улам имплант коюу мүмкүн эмес болуп калган учурлар болобу?
— Андай учур да болот. Сөөк качып кетсе же болбосо нервге жакын жайгашып калса, бүйлөдө кандайдыр бир көйгөй болсо коюлбай калат. Мындай учурда анын альтернативасын карап көрөбүз. Эгер сөөк качса, аны өстүрүү же башка жактан которуу ыкмаларын колдонобуз. Жасалма сөөктөрдү ошол жерге толтуруп жасаган учурларыбыз кездешет. Мында имплант коюлбайт деп дароо жокко чыгарып койгон туура эмес. Башка жолдорун карап көрүү керек.
— Бир импланттын баасы канча болот? Бир кишиге канча имплант койсо болот?
— Азыр технология абдан өнүккөн. Бир адамга бир күндө 14 имплант койгон учурлар болот. Же болбосо 14 имплантты экиге бөлүп коёбуз. Ал эми баасы импланттын түрдүү моделдерине жараша арзаны, кымбаты же болбосо практика жүзүндө өзүн аябай жакшы көрсөтө алган түрлөрү кездешет. 200 долларга имплант коём деген болсо, анда ал ошол имплантты арзан алган. 800-1000 долларлык импланттар бар. Булардын сапаты жогору. Сөөк менен байланышып кетүүсү да жакшы. Анан ошол имплант биздин өлкөдө каттоодон өткөнбү деген маселе бар. Алар ар түрдүү жолдор менен келиши мүмкүн. Аткезчилик же тааныштар башка жактан келе жатып ала келсе баасы арзан болуп калышы ыктымал. Кыргызстанда каттоого алынган имплантты койсок коопсуз болот, аны жасаган завод кепилдик берет. Баасы 300дөн 1000 долларга чейин.
Каримов: улакчы, боксчулардын тишине имплант койгонго болбойт
— Дарыгердин эмгек акысы ушул баанын ичиндеби?
— Ооба. Мисалы, бир импланттын баасын 500 доллар десек, бул акчанын ичине дары-дармеги, операцияда бир жолу колдонулуучу керектүү каражаттар толук кымтылат. Ал эми импланттын үстүнө кийгизиле турган тиштин баасы өзүнчө.
— Канча жаштан баштап имплант койдурууга болот?
— Көпчүлүк профессорлор 14-16 жаштан баштап дешет. Мен өз практикамды айтсам, 10 жаштагы кызга имплант койгом. Ал кыз тоого жакындары менен чыгып, кайра кайтарда ташка чалынып кулап, маңдайкы эки тиши тамыры менен түшүп калган. Эки тишти көтөрүп келишти. Эмне кылабыз деп аябай ойлондук. Томографияга тарттык. Стоматологдор ассоциациясынын профессорлору менен байланышып абалды түшүндүрдүк. 72 сааттын ичинде ошол тиштин айланасын тазалап, дарылап, кайра ордуна коюуга болот. Бейтап бизге 25 сааттын ичинде келди. Терапевттер ошол тиштин өзүн кайра салуу кеңешин берди. Ал тиш өз тишиндей өсүп кетиши мүмкүн, бирок ага кепилдик жок эле. Бир күн кечке профессорлор менен кеңешип, жолун таптык. Бактыга жараша, сөөктөрү сынган эмес. Ошол себептен ордуна имплант коюу чечимине келдик. Төрт айдан кийин анын үстүнө жасалма тиш салдык. Бул беш-алты жыл мурун болгон окуя. Анан кыз чоңойгон сайын тиштери да өсөт да. Ошол себептен ар 3-4 жылда тишин алмаштырып салдырып турат. Кыз азыр өзүн жакшы сезип, эч көйгөйү жок эле жүрөт. Утушубуз сөөктөрдү таза сактап калдык, жанындагы тиштери ошол бойдон.
— Адамда 28 тиш болсо анын канчасын имплант кылууга болот?
— Канчалык билимдүү, адискөй болбойлу, кандай кымбат тиш салсак да кудай берген өз тишиндей кыла албайбыз. Албетте, 500-1000 долларга жакшы тиштер салынат. Ысык-суукка оорубайт. Бирок эң жакшысы — өз тишин сактаганы. Эгер адамдын тиштери түшүп калса, мүмкүнчүлүгүнө жараша имплант салдыра берүүгө болот. Экономдуу жолун карап азыр 8 имплант коюп туруп, 14 тиш кийгизип койгон учурлар болуп жатат. Бирок тамак чайноодо импланттарга күч келет, ага кепилдик бере албайбыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековСтоматологиялык клиниканын директору Нургазы Каримов: Кандай кымбат тиш салсак да кудай берген өз тишиндей кыла албайбыз. Албетте, 500-1000 долларга жакшы тиштер салынат. Ысык-суукка оорубайт. Бирок эң жакшысы — адамдын өз тишин сактаганы.
Экс-депутат БГК Нургазы Каримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Стоматологиялык клиниканын директору Нургазы Каримов: Кандай кымбат тиш салсак да кудай берген өз тишиндей кыла албайбыз. Албетте, 500-1000 долларга жакшы тиштер салынат. Ысык-суукка оорубайт. Бирок эң жакшысы — адамдын өз тишин сактаганы.
— Имплант түбөлүкпү?
— Ооба, бир имплант салдыргандан кийин ал түшпөйт. Бирок үч жылда бир чечип, жууп-тазалап кайра ордуна келтирип турса болот. Кээде имплант туура эмес коюлганда сөөктү кысып калышы мүмкүн. Ошол кезде организм имплантты сыртка түртөт. Кабыл албайт.
— Орнотууга канча убакыт кетет?
— Кээ бир дарыгерлер бир имплантты 3-4 саатта коёт. Бирок бизде бүт шарт бар. Бир имплантты 15-20 мүнөттө коюуга да болот. Ал эми операциядан кийинки убакыт 3-4 айга созулушу мүмкүн. Анткени дароо тиш салынбайт. Тез эле салып салсак, анын кызматы бир аз азыраак болуп калышы мүмкүн. Тез эле иштен чыгат. Ошол себептен күтөбүз. Имплант койдурган күнү мончого түшө берсе болот, бирок ысыкка көпкө турбаш керек.
— Имплантты кайсы убакта койгон пайдалуу?
— Буга мезгилдин таасири жок. Себеби жазда коюлган импланттардын арасынан да түшүп калгандары болушу мүмкүн. Башкысы, бейтап дарыгердин көрсөтмөсүн туура аткарышы керек. Себеби имплант жанындагы тиштерге зыянын тийгизбей, андан ары өз функциясын так аткарып кетет. Бизге көбүнчө улакчылар келет. Бирок спорттун оор түрү менен машыккандарга салбайбыз. Анткени ар кандай соккудан улам имплант көпкө турбайт. Анан, албетте, кош бойлууларга болбойт.
Дерматолог - косметолог Динара Касымалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Эрин чоңойтуп же мурун түздөөдө филлер кан тамырга кирсе адам көрбөй калат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0