00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:57
2 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Адис уюлдук телефонду кубаттоодогу эки көндүм пикирди жокко чыгарды

© Фото / Pixabay / mhoppsyУюлдук телефонду кубаттоо. Архивдик сүрөт
Уюлдук телефонду кубаттоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Жазылуу
Эксперт азыркы смартфондордун кубатын "нөлгө" чейин отургузуп туруп кубаттагычка сайбаш керектигин эскертти.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Россиянын сапат системасы мекемесинин (Роскачество) санариптик продуктуларды тесттен өткөрүү боюнча адиси Сергей Кузьменко "Прайм" агенттигине берген маегинде телефонду кубаттоо боюнча эл ичинде айтылып келген эки пикирди жокко чыгарды.
Анын айтымында, сатуучулар телефондун аккумуляторун туура колдонуу үчүн адегенде аны "нөлгө" чейин отургузуп, андан соң кайра толгончо кубаттоо керек деген кеңештерди айтып келишет.
"Мындай кеңеш илгери (10 жыл мурдараак) телефондордо колдонулган никель батареяларына тиешелүү болчу", — деди адис.
Эксперт учурда аппараттардын көбүнө литий-иондук батарейкалар колдонула турганын айтты.
"Батареянын максималдуу убакытка чейин иштеши үчүн заряддын деңгээлин 20 пайыздан 80 пайызга чейин кармоого аракет кылуу керек. Башкача айтканда, аппаратты такыр эле "отургузуп" же толуп бүткүчө таштап салуу сунушталбайт", — деди эксперт.
Ошондой эле аппаратты түнгө чейин кубаттаганга койбош керек, бул аккумулятордун иштешин бузат. Мындан сырткары, смартфондун күйүп кетүү коркунучу бар.
Адис жаңы чыккан уюлдук телефондордун кубаттагыч түзмөгүнө байланыштуу да көндүм нерсени жокко чыгарган.
"Смартфонду өзүнүкүнөн башка зым же адаптер аркылуу кубаттаса гаджет бузулат деп айтып келишет. Эгерде кубаттоочу түзмөк менен адаптердин спецификациясы бирдей болсо, колдонууга уруксат", — деген ал.
Бул үчүн адаптердин вольт менен амперинин кубаттуулугун салыштыруу керек.
Смартфон кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Чөнтөктө жарылат. Эксперт смартфонду ысыктан коргоо боюнча кеңешин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0